Ulook


Гео и язык канала: Киргизия, Русский
Категория: Telegram


А тем, кто не видит, что Жизнь Прекрасна, просто нужно повыше подпрыгнуть!
Эрих Фромм


Гео и язык канала
Киргизия, Русский
Категория
Telegram
Статистика
Фильтр публикаций
















Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram






И всякий раз, когда тебе будет больно, эй, Джуд, забудь про неё,
Не пытайся нести весь мир на своих плечах.
Ты же знаешь, что только дураки строят из себя крутых
Делая этот мир чуточку холоднее.




Архив: 13.04.2018 болгон окуя

ТАҢ КАЛДЫМ.

Бүгүн жумуштарым менен ушул автобекетке бардым эле маршруткадан түшөөрүм менен таксист байкелер менин кайсыл жакка бараарымды сурап ошол жакка бекер алып кетчүдөй болуп жатты. Бекер алып кетсе кана?!

Бекетти айланчыктап жүрдүм, жумуштарымдын телефонго байланышы чоң болуп, кечке телефонду тындырбай колдонгонумдан батарейкасынын кубаты азайып өчөйүн деп калган учурда ошол эле жердеги дүкөнгө кирип:
- Зарядка койуп иштетип турсам болобу? - деп акырын үн чыгарып сурасам, мени карап кекейип:
- 10сом бер да, бул жакка сайып койо бер! - деп жооп берди. Менин ошол убакытта зарядка сайып алып колдонуп дагы турушум керек эле, андай болбойбу деп сурасам жок деген жообун уктум. "Мейлиңиз рахмат" - деп кайра башка ашкана дүкөндөрдү кыдыра баштадым. Бир ашканага кирип ошол жердеги эжеге: "Телефонумдун кубатын толтуруп алсам болобу?" деген суроо узатсам. "Эгер бир нерсе сатып алып тамактансаң отур, эгер эч нерсе албасаң башка жакка бар" деген чоң эле эженин айтканы аябай жаман угулду.
Мейли деп дагы көп дүкөндөрдү карап чыктым көпчүлүгүндө электр точкалары бош эмес экен. Ошентип келип бир ашканага келип карасам отургучтун жанында электр чубалгысы өткөнүн көрүп калып ал жердеги эжеден мүмкүнбү деп сурадым. Ал эжеке дагы, жылмайып, мейли келегой мүмкүн албетте деп босогодон киргизди) Мен баарынан дагы уюлдук телефонумду кубаттоочу жерди тапканыма сүйүндүм. Анан бир аз убакыт өтпөй бир нерсе жейсиңби деп эжеке суроо узатты, жанымда көп деле акча жок эле. Карасам 50 сомдун тегерегинде акча бар экен, анан ошол жердеги пирошкинин баасын сурасам 20 сом экен, ошентип 20 сомумду коротуп калганын жол кирэге сактап койдум.
Ичкенге эмне аласың дегенинен байкоосуздан "Бир чыны жөнөкөй муздак суу канча сом болот?" деп суроо узатып алдым, ал эжеке дагы жылмайып: "Бекер эле" деп бир эмес эки чыны суу берди.
Курсакка дагы бир нерсе түштү, телефондогу жумуштар дагы бүттү, Улукбектин дагы көңүлү жай алып, эжелерге ыраазычылыгымды билдирип рахматымды айтып өз жолумду улай бердим.








Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram



Показано 18 последних публикаций.