Диби_деди✨


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Цитаты


Жүрөктөгүнү жазам. Арманды төгөм. Кыялды бөлүшөм. Сүйүүнү сүйдүрөм. Бул менин эркин аймагым. Ким тынчтыгымды бузса өчүрөм. Ар бир жазуум #диби_деди хэштеги менен алынбаса акым адал эмес. Көп жазсын десеңер жазууларымды көп бөлүшкүлө. 🐣Ошондон эргүү алам:)

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Цитаты
Статистика
Фильтр публикаций


Сүйүүдөн
“2” алуу же “5” алуу
тагдырбы же тандообу?

#диби_деди


Азабың да,
Жыргалың да,
Бир берилген дүнүйө.

#диби_деди


Билбейм…
Көп нерсени кээде билбей эле койгон жакшы…
Азырынча сага…
билбейм,
эмне сезип жатканымды…

#бүтпөс_романым


Ийгилик жаратууң үчүн баарын нөлдөн башташ керек деген түшүнүгүмдүн туура эместигин түшүнүп, өксүп ыйладым…

#диби_деди


Таңкы түз эфирде конокто болдум. Жазууларыңыздан окуп бериңизчи деди. Аябай уялдым. Эл алдына чыгып мен жазмакермин дештен тартынат экенмин. Акыркы учурда сөз курабай калганым да себептир, балким… же сенин жоктугуң…

#бүтпөс_романым
#диби_деди


Кандайсың, берекем?
Абалың кандай? Көптөн бери жазбай кеттим го. Сагынган чыгарсың…


Бүгүн “Делбиримди” “сүйүүнү сактагыла!” деген дем менен жыйынтыктадык.
Сактагыла.
Ал баарына эле буйруй бербейт…

#диби_деди


Силерге бир сонун жаңылык менен кайтып келейин деп ойлогом. Тагдыр бул тамашаңды кой деп койду.
Билесиңер сүйүүнү сезип жазган баары бир сонун… бир күнү эми 😌✨

#диби_деди
#бүтпөс_романым


Жараткным жакшыны жазганына күмөнүм жок…
🤲🏻✨

#бүтпөс_романым


Сезим кызык. Аны сезүүң керек.
Таалай кызык. Аны табууң керек.
Бакыт кызык. Аны багууң керек.
Сүйүү кызык. Аны күтүүң керек.
Жашоо кызык. Мунун баарын өз учурунда берет…

#диби_деди


“Визуализация”

Бүгүн түнү башкача түш көргөм. Ошонун таасири✨☘️


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Рапунцелдер барбызбы?🤓


3 мүнөт өзүм жөнүндө🌚🤭


Баарына жетишесиң, ээ, дейсиңер го. А мен телефондо отурганда тамак жешти унутуп калам. Курсак ачты…


Бүгүн “мен 1 кишилик эле экенмин” деп бир кишиге айтсам аябай күлдү…
Анын күлгөнү мага жагат.

#бүтпөс_романым


🍂

Жакында сен жашаган жана сени менен алгач көрүшкөн жерге барып келдим.

Ошол жолдор, ошол бак-дарак, ошол салт-санаа… баары ордунда. Бирок айлана, ушул күз, мурдагыдан суугураак, мурдагыдан муздак, кунарсыз сезилди.

Анан сезимдерим да басаңдай түшүптүр. Сени эстебедим, издебедим, сагынбадым. Демек, баары бүтүптүр…

#бүтпөс_романым


Мен да өзүнүн чакан дүйнөсү менен болгондордон турбаймынбы…
Таң калдым.


Силер кандайсыңар?


Жердин баарында өзүңдөй боло албаганың үчүн өзүңдү жебеш керек, ээ)
Кээ бир жер өздүгүңө түшпөй калышы туура эле го… билбейм башкасын.


Же окуган, иштеген жеринин баары айымдар болгондуктан, мындайга тажрыйбасы жок окшойт десеңер да макулмун.

Показано 20 последних публикаций.