Таптым сени таңда ырдаган
Булбулдардын ырынан.
Түбөлүктүн түбүн көрдүм,
Ырдап айткан сырынан.
Чексиздикке моюн сунуп
Бул жалгандын кырынан,
Ак сүйүүнүн АКтыгына
Тизе бүгүп, сыйынгам!
Таптым сени наристенин
Ыңаалаган ыйынан.
Ыргагына батпай кетип,
Ташып жаткан бугунан:
- Эй, Адамзат, уккун мени!
Көңүл коюп угуп ал!
Мен - сүйүүнүн жарчысымын! -
Деген укмуш ыр угам!
Таптым сени ээн талаада
Кеңирсиген белестен.
Бар жеринде бажырайып
Кызыл-кызыл гүл өскөн.
Торгой сайрап асманында
Тоо гүлүнө ашыгып,
Күү черткенде ыргалышып
Гүлдөр вальсын бийлешкен.
Таптым сени акылмандын
Айткан жомок сөзүнөн.
Жомоктогу алма-бактын
Бышып турган кезинен.
Ал бакчаны издеп жүргөн
Жолоочунун изинен.
Таптым сени куса болуп
Араң жүргөн өзүмөн!
— Аскат Жетиген
Булбулдардын ырынан.
Түбөлүктүн түбүн көрдүм,
Ырдап айткан сырынан.
Чексиздикке моюн сунуп
Бул жалгандын кырынан,
Ак сүйүүнүн АКтыгына
Тизе бүгүп, сыйынгам!
Таптым сени наристенин
Ыңаалаган ыйынан.
Ыргагына батпай кетип,
Ташып жаткан бугунан:
- Эй, Адамзат, уккун мени!
Көңүл коюп угуп ал!
Мен - сүйүүнүн жарчысымын! -
Деген укмуш ыр угам!
Таптым сени ээн талаада
Кеңирсиген белестен.
Бар жеринде бажырайып
Кызыл-кызыл гүл өскөн.
Торгой сайрап асманында
Тоо гүлүнө ашыгып,
Күү черткенде ыргалышып
Гүлдөр вальсын бийлешкен.
Таптым сени акылмандын
Айткан жомок сөзүнөн.
Жомоктогу алма-бактын
Бышып турган кезинен.
Ал бакчаны издеп жүргөн
Жолоочунун изинен.
Таптым сени куса болуп
Араң жүргөн өзүмөн!
— Аскат Жетиген