🌐BATKEN_TV


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz


🇰🇬Баткендиктер үчүн атайын Telegram каналы!
🌎 Жаңылыктар биздин каналда!
📽 видео жаңылыктар болсо бизге жөнөтүңүз, каналга чыгарабыз 👇 @Batken_Tvbot

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Statistics
Posts filter


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы интернет провайдерлерге ТикТок платформасын бөгөттөөнү тапшырды. Маданият министрлиги бул социалдык тармакты өлкөдө тыюу салуу чечимин өткөн жылы чыгарган. Аталган мамлекеттик органдар ТикТок балдардын аң-сезимине терс таасирин тийгизип жатканын жүйө кылышат. ТикТокту бөгөттөө мүмкүнбү, блогерлердин пикири кандай?


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
📹 Кыргызстанда "ТикТокко" тыюу салуу. Депутаттар чектөөгө кандай карашат?

👉 @batken_tv 👈


Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеш коррупционерлерден дагы "тазалана" турганын айтты

УКМК төрагасы парламентке акчасы көп же чоң кызматтагы таанышы барлар эмес жөнөкөй, мекенчил адамдар келиши керектигин белгилеген.

"Коррупционер, мамлекетти уурдаган, зыянкеч адам экенин билип туруп деле акчасына кызыгып шайлаганды токтошубуз керек. Парламентке дагы туура эмес адамдар келип калган. Аларды тазалоо аракети жүрүп жатат, дагы тазалайбыз. Ош, Баткен облустарынан аттанып жаткан талапкерлер, элди алдап, добуш сатып алууга аракет кылсаңар, мыйзам чегинде чара көрөбүз", — деген Ташиев.

Ал мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер да шайлоого таасирин тийгизбеши керектигин эскерткен.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Жылан чакса же жолундан чыга калса емне кылуу керек


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
⚽️ Сүйүнчү! Футзал боюнча Азия кубогунда Кыргызстан Япониянын командасын сенсациялык түрдө жеңип алды.

Белгилей кетсек, Япония азыркы Азия чемпиону болуп саналат.

Тайпалык этаптын биринчи оюнунда улуттук курама команда “самурайларды” 3:2 эсебинде утуп алды.

Биздин команданын голдорун Самат Жаннат уулу, Максат Алимов жана Кайрат Кубанычов киргизди.

Эми Кыргызстан Тажикстан (20-апрель) жана Түштүк Корея (22-апрель) менен ойнойт. Тайпадан эң күчтүү эки команда чыгат.


Казакстандагы селден улам Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй жаралышы мүмкүн экенин депутат Дастан Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, бийлик азыр бул маселени ойлонуп, буудай менен арпаны камдашы керек.

“Коңшу мамлекетте суу ташкындарынан улам түшүм жыйноодо кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн”, — деди Жумабеков.

📌Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга 370,8 миң тонна буудай импорттолсо, анын 351,4 миңи Россиядан, калганы (19,4 миң) Казакстандан келген.

Ошондой эле 2023-жылы 38 миң тоннадан ашык ун импорттолгон: 29 миң тоннадан ашыгы Казакстандан, 7,8 миңи Россиядан алынган.


📖"Акылман" президенттик лицейине каттоо 20-апрелде башталат

Министрлик сынак 6-класстардын окуучулары арасында болорун, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, атасы же энеси жок, томолой жетим балдарга артыкчылык берилерин белгиледи.

Өткөрүү графиги:

▪️2024-жылдын 20-апрелинен 30-апрелине чейин каттоо жүрөт

▪️I этап: 4-5-6-майда алдын ала онлайн тестирлөө

▪️II этап: 10-майда I этаптын жыйынтыгы боюнча жогорку балл алган 2 000 талапкер кайра онлайн тестирлөөдөн өтөт

▪️III этап: 14-майдан 20-майга чейин II этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 700 окуучу дагы бир жолу оффлайн тестирлөөдөн өтүшөт.

Лицейде окуу, жатакана жана тамактануу акысыз. Табият таануу, математика жана техникалык билим берүү багыттарына басым жасалат.


🚫 TikTok Кыргызстандын аймагында иштебей калды


⭕️⭕️⭕️ Эмне үчүн жаз күнүнөн алыс болушуңуз керек?

Жазгы күн биздин денебизге канчалык жагымдуу жана эс алуучу көрүнбөсүн, адистер бул мезгилде күндүн астында көпкө турбоону сунушташат.

Адистердин айтымында, жазында күндүн УК индекси жогорулайт.
Натыйжада моюн, колдо, көкүрөктүн үстүнкү бөлүгүндө ыйлаакча, бүдүрчөлөр, кызыл тактар, күйүк түрүндөгү ар кандай исиркектер пайда болот. Кээде териде исиркектер, кычышуу жана шишик да байкалат.

Ошол себептен жаздын ачык күндөрүндө саат 10:00дөн 15:00гө чейин күндүн астында көпкө жүрбөөнү сунуштайбыз.

👉 @batken_tv 👈


🌪 Коркунучтуу көрүнүш

Дубайда кечээ катуу жамгыр жааган.


Окумуштуулар уйкунун жетишсиздиги адамдын сырткы келбетине кандай таасирин тийгизерин көрсөтүштү.

Эгерде сиз 7 сааттан аз уктасаңыз, анда бетиңизде бырыштар пайда болуп, көзүңүздүн астындагы кара тегерекчелер пайда болуп, клетканы оңдоого убакыттын жетишсиздигинен териңиз кургап калат.

Ошондуктан 7 сааттан кем эмес уктоого аракет кылыңыздар.


❗️ Кыргызстанда мындан ары 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь дем алыш эмес, иш күн болот. Жаңы Эмгек кодексинин долбооруна ушундай өзгөртүүлөр киргизилди (министрлер кабинети жактырган, кезек парламентте).

Бул даталар майрам күндөрү бойдон калып, бирок иш күндөрү болот.

Жаңы кодекске ылайык, 8-март, 21-март, 5-май, 9-май жана 31-август жумуш эмес күндөр бойдон калат.

Дагы бир жаңылык: дем алыш күндөрүн жылдыруу нормасы жокко чыгарылат. Мурда майрам ишемби же жекшембиге туура келсе, эс алуу күнү кийинки жумуш күнүнө которулчу. Эми мындай болбойт.

Документте жаңы жыл (1-6-январь) жана май майрамдары (1, 2, 3, 4, 6, 7, 8-май) да так көрсөтүлгөн.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Идиш жуугандан тажаган айымдар үчүн лайфхак..😂


❗️Кенелер ойгонду, этият болуңуз

Энцефалиттин белгилери:

▪️оорунун инкубациялык мөөнөтү бир күндөн 14 күнгө, кээде 60 күнгө чейин созулат

▪️энцефалитке чалдыккан учурда адам чыйрыгып, башы катуу ооруп, жүрөгү айланып, кусуп, дене табы 38-39 градуска чейин көтөрүлөт

▪️көбүнчө моюн жана ийин ооруксунуп, көкүрөк, бел жана кол-буттун булчуңдары ооруйт

Кенеден сактануу үчүн жаратылышта эс алууда түстүү кийим кийип, шымды өтүктүн ичине же байпакка кыстарып коюу зарыл. Ал эми үстүңкү кийимди шымдап алуу керек. Дененин ачык жерлерине курт-кумурсканы качыруучу аэрозоль, мазь, крем сүйкөп туруу зарыл.

📌Кене энцефалити — борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч жугуштуу вирустук оору. Ал адамды майыптыкка жана өлүмгө да дуушар кылат.


ЖМКлар Кыргызстанда TikTok жабыларын жазууда

Платформаны балдардын адеп-ахлагына жана психикасына терс таасирди алдын алуу максатында чектөө зарылдыгы белгиленген.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет провайдерлерине TikTok платформасын чектөө боюнча кат жөнөткөн. Бул тууралуу бир нече маалымат агенттик жазып чыкты

Маалыматка караганда, Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына УКМКдан тиешелүү кат келип түшкөн. Анда TikTok платформасынын кыргыз сегментинде контентти, тактап айтканда, “балдардын маалымат мейкиндигинде” тиешелүү деңгээлде көзөмөл жок экендиги айтылган.

УКМК “Балдардын ден соолугуна, психикасына, руханий жана адеп-ахлагына зыян келтирүүнү алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамга шилтеме кылган.

“Балдардын ден соолугуна, алардын интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирбөө максатында, УКМК Кыргыз Республикасынын аймагында TikTok маалымат кызматына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөөнү жана 2024-жылдын 18-апрелине чейин жазуу түрүндө жооп берүүнү өтүнөт”, — деп айтылат катта.

Расмий органдар бул маалыматты тастыктай да, төгүндөй да элек.


Дубайда селден улам аэропорт ишин токтотту

Шаарда нөшөрлөгөн жамгыр жаап, ал эртеңкиге чейин уланышы мүмкүн экени айтылууда.

Суу шаардын жолдорун жана метролорду каптаган.


17-апрель — Эл аралык кофе күнү

Эл аралык кофе күнү жыл сайын 17-апрелде белгиленет. Бул майрамды италиялыктар ойлоп тапкан. Италиялыктар эспрессо күнү деп аташат. Маалыматтарга караганда, жер бетинде күнүнө 2 миллиард чыны кофе ичет.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
📹 Кыргыз тайганы: казак талаасындагы жарыш ДАНИСТЕ
👤 Азаттык


❗️Баткенде бычактан жараат алган өспүрүм кыз каза болду

Окуя 15-апрелде болгон. Саат 21:05 чамасында облустук ооруканага эки жерине бычак жеген 16 жаштагы кызды алып келишкен. Тилекке каршы, ал өзүнө келбей жарым сааттан кийин каза болгон.

Кызды ким алып келгени, ага эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Аталган факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук–медициналык экспертиза дайындалды.

👉 @batken_tv 👈


Баткенде Айгүл гүлү гүлдөдү

Анын илимий аталышы — Эдуард чаар гүлү. Эртең менен гүлдүн ичинен шүүдүрүм тамчыларын байкоого болот. Жергиликтүү эл муну сүйүшүп, бирок тилектерине жетпей калган эки жаштын көз жашы дешет.

Жалпысынан өсүмдүк 2 жума гүлдөйт. Өткөн жылы гүлдү сактап калуу үчүн корукка кирүүгө 2026-жылдын 1-апрелине чейин тыюу салынган.

👉 @batken_tv 👈

20 last posts shown.