"Бактылуу аял" тайпасы


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Religion


*Жакшылыкка шашылуу жана жакшылык кылууда экиленбей, толук кунт коюу менен мээнет кылууга умтулуу!!! Хадис:Абу Хурайра
Инстаграмм баракчабыз: https://instagram.com/baktyluuaial?igshid=1sa1afvl0xolm
Whatsapp:https://wa.me/message/Z5QT4LNQIHT7M1

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Religion
Statistics
Posts filter


Forward from: Unknown
ор. Мектепте ийгиликсиз болгон 17 жаштардагы 50 баланын үстүнөн жүргүзүлгөн тажрыйбада, 66%нын ийгиликсиздиги аталарынын аларга убакыт бөлбөгөндүгүнө, 44%нын ата-энелеринин мамилеси начар болгондугуна барып такалды. Тажрыйбага катышкан балдардын 46%да көңүлкоштук, унутчаактык жана көңүлсүздүк аныкталды.
Андыктан, урматтуу, ата-эне! Балаңыз үчүн биринчи мугалимдик милдетин жакшы орундатыңыз…

Мугалим - чыгып келаткан күнгө окшойт, жарыгын чачкан сайын караңгылыкты жок кылат.
Мугалим - өтмүштүн үйрөткүчү, келечектин куруучусу.
Мугалим жана дарак мөмөсүнөн билинет.
(Украин макалы)


*Уландысы бар:*

https://t.me/baktyluuayal


🕌 *"БАКТЫЛУУ АЯЛ" ЖАМААТЫ* 👨‍👩‍👧‍👦
Бизге катталыныздар⤵️
Whatsapp:
https://wa.me/message/Z5QT4LNQIHT7M1


Forward from: Unknown
*Бисмиллаахир рохмаанир рохиим*

📚 *"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен алынды*

Бала жана мектеп

Балаңызга жардам бериңиз.
«Мугалимдердин балдары көпчүлүк учурда башка балдарга салыштырмалуу эмне үчүн аракетчил болушат?» деген суроого дароо «алардын ата-энелери мугалим да» деп жооп берүү туура эмес. Албетте, ата-энелердин таасири бар. Бирок, менин оюмча анын себеби башкада.
Балдар ар дайым ата-энелеринен өрнөк алышат. Мугалимдердин балдары төрөлгөндөн баштап, ата-энелеринин колунда калем кагаз көрүп чоңоюшат. Мектеп курагына келгенге чейин бала үчүн ата-эне дүйнөнүн эң акылдуу, эң күчтүү адамдары катары эсептелишет. Аларга ата-энелеринин ката- кемчиликтерин кабыл кылдыруу мүмкүн эмес. Жаштайынан эле ата-энесинин колунан калем-кагаз көрүп чоңойгон баланын ийгилиги менен мектепке келгенде гана калем-кагаз менен таанышкан баланын ийгилигинин ортосундагы айырмага таң калуунун кереги жок.
Албетте, ар бир ата-эне мугалим болууга тийиш эмес. А бирок, ар бир ата-эне баласынын китеп жана калемге болгон кызыгуусун арттыра алат. Баланын окуусу жана сабактары менен тынымсыз алектенүү анын ийгилигин арттырат. Бирок, алектенем деп, аркасынан түшүп алуу да туура эмес. Сабактарына гана кызыкпастан, баланын өзү менен да алектенүү керек. Материалдык жактан гана камсыздап, баласынын күнүмдүк жашоосу менен алектенбеген ата-энелер да бар. «Айрым учурда ата-энемдин ачуусуна тийүү үчүн, атайын сабак окубаймын», «Менин ата-энем мага телевизор көрүүгө тыюу салып, айрым учурда тапшырмамды аткаруум үчүн бөлмөгө камап коюшат. Ал учурда өздөрү аркы бөлмөдө телевизор көрүп отурушат. Үнүн да азайтышпайт. Мен да бөлмөдө жалгандан тапшырма аткарымыш болуп отура берем» деп арызданган окуучулар да бар.

Мугалим менен тыгыз кызматташуу.
Ата-энелер мектеп жана мугалимдер менен канчалык тыгыз байланышта болушса, баланын ийгилиги да ошого жараша артат. Ар бир ата-эне баласынын мугалимин таанууга, ага жардам берүүгө, мектептен кабар алууга милдеттүү. Сиз да балаңызды келечекке даярдаган мектептен кабар алып турууга милдеттүүсүз.
Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, мугалимдин үйүнө зыяратка барыңыз. Ал болбосо, өзүңүздүн үйүңүзгө чакырыңыз. Баласынын мугалими ооруп калганда, аны менен байланышып, ал акыбалын сураган канча ата-эне бар? Ооруп калганда алы акыбалы суралбаган, муктаж болгондо жардам колу узатыл- баган, жакыны өткөндө сабыр айтылбаган мугалим согуш майданында душмандын алдында жалгыз калган жоокер сыяктанат. Бир топ мугалимдин иш таштагандыгынын себеби да ата-энелердин кайдыгерлиги. «Алар балдарынын келечегин ойлобосо, мен эмне кылайын?» деген мугалимдер бар.
Балаңыздын мугалиминин туулган күнүндө, ага чалып, куттуктап койсоңуз, ооруса ал-акыбалын сурасаңыз, жакынын жоготкон учурда сабыр тилесеңиз эмнеңиз кемийт? Балаңызды аманат кылып берген адамды үй-бүлөңүздүн бир мүчөсү катары кабылдап, ошого жараша мамиле кылууңуз сизге да, балаңызга да пайдалуу болбойбу? Баалуу буюмуңузду (автоунааңызды) башкага берип жатып, кыжаалат болбойсузбу? Албетте, болосуз. Андай болсо, балаңызды колуна тапшырган адамды канчалык тааныйсыз? Сиз үчүн балаңыздын буюмдай да кадыры жокпу?
Ошол эле учурда, тыгыз мамиледе болом деп мугалимди да тажатпаганыңыз дурус. Анткени, айрым ата-энелер аныкынан башка бала жоктой баласына өзгөчө мамиле кылууну күтөт. Бул мүмкүн эмес албетте. Бирок, биз ошондой болсо да баласына байланыштуу бир ооз сөз айтып, аны менен алектенге аракет кылабыз.
Ийгилик, жамааттык иш.
Дүйнөдөгү бардык ийгиликтердин аркасында ынтымактуу жамаат турат. Ошону сыңарындай таалим-тарбия жараяны да жамааттык иш. Ата-энелер бул жамааттын ичинде эң негизги орунда турушат. Таалим-тарбия процесси пирамида сыяктуу. Үч бурчтан турат. Үй-бүлө, бала жана мугалим… Бурчтардын бири аксаса, көйгөйлөр да көбөйөт. Муну билим-берүүдө таалим-тарбия пирамидасы деп атап коебуз. Окуучу, ата-эне жана мугалим футбол тайпасы сыяктуу кызматташышы керек.
Дарбазачысы гана жакшы тайпа жеңишке жете албайт. Андыктан, ар бирибиз бала үчүн пайдалуу иш кылууга мажбурбуз. Булардын ичинен ата-энеге түшкөн жоопкерчилик…


Forward from: Unknown
*Бисмиллаахир рохмаанир рохиим*

📚 *"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен алынды*

*Бала жана мектеп*

🌸Коомчулукта айрым терминдердин түшүнүгү туура эмес калыптанып калган. Бир катаны оңдоо, жаңы нерсени үйрөтүүдөн алда канча оор иш. «Таалим-тарбия деген эмне?» деген суроого көпчүлүгү жаңы нерселерди үйрөнүү деп жооп беришет. Мыкты педагогдор «таалим-тарбия» жаңы нерсени үйрөнүү эмес экендигин жакшы билишет. Таалим-тарбиянын «кылык-жорук, көндүм» деген сөздөр менен тыгыз байланышы бар.

🌸Үйрөнүлгөн нерселердин кылык-жорук, көндүмгө айлануусу таалим-тарбия деп аталат. Мүнөзгө, жүрүм-турумга таасир бербеген тарбиянын эмне пайдасы бар? Адамдын башка жандыктардан айырмалап турган эң негизги өзгөчөлүгү үйрөнгөн маалыматын көндүмгө айландыруусунда. Жүрүм-турумдун пайдубалы үй-бүлөдө курулгандыктан, адистер «адамдын биринчи мугалими ата-энеси» дешет.
Бала жана мектеп.

🌸Мектеп - баланын жашоосундагы жаңы доор. Балдарды мектепке даярдоодо ата-эненин жоопкерчилиги чоң. Күн сайын жакшынакай кийимдерди кийип, мектепке барып келген ага, эжелерин көргөн бала аларга суктанат, ал да мектепке баргысы келет. А бирок, «Мектепке барсаң мугалимдер сенин шоктугуңду, эркелигинди көтөре алышар бекен?», «Сен мектепке барсаң мен да бир аз дем алмакмын» сыяктуу сөздөрдү көп уккан балдар мектептен көңүлү сууйт. «Милиция алып кетет» деген сөздөр менен коркутулган бала милициядан, «Лөлүгө салып берем» деген сөздү көп уккан бала лөлүдөн корккондой, мектеп жана мугалимдер туурасында терс сөздөрдү уккан бала да мектептен коркчу болот.

🌸Ислам тарыхында айрым мамлекеттерде «баланы мектепке даярдоо үчүн атайын шаан-шөкөттөр» уюштурулган. Көчөдө жаңы мектепке бара турган балдар үчүн жашоочулар топтолуп, оюн-зоок уюштуруп, балдар үчүн ал күндү унутулгус күнгө айландырышкан. Андан улам балдар мектепке барууга шашылышкан.

🌸Ушундай эле салт-санаа Израилде да болгон экен. Тооратты (иудейлердин ыйык китеби) алгачкы жолу окуй турган баланын оозуна момпосуй салып, андан соң окутушкан.

🌸Ушул сыяктуу, мектепке жаңы бара турган бала үчүн шаан-шөкөт уюштуруу, таттуу менен китепти жанаша коюу сыяктуу адаттар балдардын мектепти сүйүүсүнө, китеп окууга кызыгуусуна өбөлгө түзөт.

*Уландысы бар:*

https://t.me/baktyluuayal


🕌 *"БАКТЫЛУУ АЯЛ" ЖАМААТЫ* 👨‍👩‍👧‍👦
Бизге катталыныздар⤵️
Whatsapp:
https://wa.me/message/Z5QT4LNQIHT7M1


Forward from: Unknown
*Бисмиллаахир рохмаанир рохиим*

📚 *"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен алынды*

🌿Эгерде, мен телефонду байланыш каражаты катары колдонбостон, социалдык баракчаларда күн өткөрүү, оюн ойноо үчүн өткөрүп жатсам…

🌿Эгерде, компьютерди бир нерсе жазуу, же пайдалуу маалыматтарды изилдөө үчүн колдонбостон, пайдасыз сайттарга кирүү үчүн колдонум жатсам…

🌿Эгерде, эрте менен туруп үн чыгарып турсун деген гана максатта телевизорду жандырып, пайдалуу берүүлөрдү көрбөстөн, жөн эле каналдан каналга өткөрүп отурсам…

🌿Интернет керек болгон учурда жаңы маалыматка жетүүнүн каражаты эмес, пайдасыз жазышуулардын, ушак-айыңдын, бейтааныш адамдардын жашоосунун артынан түшүүнүн каражатына айланса, анда технологияны колдонуу маселесинде балдарыбызга жаман өрнөк болуп жатабыз дегендик.

🌿Ошондуктан, оболу өзүбүз технологияны туура пайдаланалы.

🌿Эгерде, азыркыга чейин үйүңүздө үй-бүлө маданиятын калыптандырбаган болсоңуз, кечикпестен үй-бүлөлүк жыйын өткөрүп, технологияны пайдалуу колдонууга багытталган чечимдерди алыңыз.

🌿Алынган чечимдин негизинде:

🌿- Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири күн ичинде көрүлө турган 1-2 берүүнү тандап алат. Телевизор ошол учурда жандырылып, калган учурда өчүк болот;

🌿- Интернет оюн үчүн эмес, изилдөө үчүн. Бир теманы изилдегиси келген, же тапшырмасын аткаргысы келген, интернеттен пайдалана алат. Иши бүткөн соң интернетин өчүрөт;

🌿- Компьютердик оюндардын атын балдар айтышат, Ата-энелер изилдеп көрүп, зыяндуу болбосо, алып беришет. Күн ичинде компьютердик оюндарга баланын жашына карап, жарым саат, бир сааттык убакыт бөлүнөт;

🌿- Бул эрежелер чоңдорго да тиешелүү. Компьютердик оюндар жана социалдык тармактарды колдонуу бир сааттан ашпайт. Балдар 16 жашына чейин социалдык тармактарга кирбейт;

🌿- Телефон байланыш үчүн колдонулат; - Мектеп курагына жете элек балдарга оюн ойноо үчүн телефон, планшет берилбейт.

🌿Балдар экрандын маңдайында канча отурушу керек. Педагогикалык журналда белгиленген мөөнөттөр төмөндөгүчө:

🌿(Буга телефон, планшет, компьютер жана телевизор кирет.)

🌿0-3 жаш: Мүмкүн болушунча экрандан узак туруусу керек. 3-6 жаш: Күнүмдүк жалпы мөөнөт 20-30 мүнөт. 6-9 жаш: 40-50 мүнөт. 9-12 жаш: Бир күндө жалпы 60-70 мүнөт. 12 жаштан жогору: Күнүмдүк 120 мүнөт.

🌿Технологияны чектегенден кийин эмне кылабыз?

🌿Жогорудагы чечимдерди ишке ашыруу эмгекти талап кылат. Анткени, телевизор, телефон, компьютерди өчүрүү оңой, бир баскычка басуу жетиштүү. Бирок, телевизорду өчүргөндөн кийин балабыздын убактысын пайдалуу өткөрүү - биз ата-энелердин милдети.

🌿Биринчи - максатыбыз үй-бүлө мүчөлөрүнүн байланышын бекемдөө. Бул үчүн балдарга жаккан темада маектешүү менен ишти баштайбыз. Ысык чай, же бал аралаштырылган жылуу сүт, бөлмөгө жайылган дасторкон, кургатылган мөмөлөр, шириндиктер менен коштолгон маектин балдар үчүн пайдасы зор. Маектеше алуу үчүн балдарыбыз кызыккан темаларга, биз да кызыкканга мажбурбуз. «Менин уулум футболду жакшы көрөт. Бирок, мага ал жат тема» дебестен, дүйнөнүн эң маанилүү темасы сыяктуу, кызыгуу менен угуп, ага маанилүү болгон тема бизге да маанилүү экендигин сездиришибиз керек.

🌿Атайын оюнга арналган кечелерди уюштурсак болот. Аптанын белгилүү күндөрүндө китеп окуу кечеси, топтук оюндар, үйдө биргеликте гамбургер даярдоо кечеси, пикник, шаарларга арналган кече, фильм кечеси, улуттук каада-салтыбызды таанытуу кечеси сыяктуу пикирлер менен балдарыбыздын окуудан сырткаркы убакыттарын пайдалуу өткөрүүгө көмөк көрсөтө алабыз.

🌿Күн ачык болсо, паркка, бакчага, пикникке чыгып, музей, тарыхый жайлар, мечит сыяктуу маданий борборлорду кыдырып, балдарыбызды технологиядан узак тутууга аракет кылсак болот. Муну менен үй-бүлөлүк байланыш да бекемделет.


*Уландысы бар:*

https://t.me/baktyluuayal


🕌 *"БАКТЫЛУУ АЯЛ" ЖАМААТЫ* 👨‍👩‍👧‍👦
Бизге катталыныздар⤵️
Whatsapp:
https://wa.me/message/Z5QT4LNQIHT7M1


Forward from: Unknown
*Бисмиллаахир рохмаанир рохиим*

📚 *"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен алынды*

*Балаңыз жалган сүйлөсө…*

🌹Жалган туурасында сөз болгондо баланын жаш курагын эске алуу кажет. Анткени, 7 жашка чейинки учурларда баланын чындыкка төп келбеген сөздөрүн жалган деп атоо туура эмес. Балдарыбыз бул жаштарда чыныгы жашоо менен түшүн жана кыялдарын ажырат албайт.

🌹Түшүндө ага ачуулангандыгыңызды көрүп, ойгонгондо сизге жинденип, «эмне болду?» дегениңизде «сизге капа болдум. Анткени, мага бакырдыңыз» десе таң калбай эле коюңуз. Түшүндө иттерден качып, ойгонгондо муну чындык катары айтып бериши мүмкүн. 7 жашка чейинки балдар апа «бүгүн
Кудай менен сүйлөштүм», же «биздин бакчабызда динозавр» жүрөт десе да жалганга кирбейт.

🌹Ошондуктан, жашы кичүү балдарыбыздын мына ушундай сөздөрүнө ачууланган, же «жалган айтпа» сыяктуу сөздөрдү айткан туура эмес. Мындан улам ага ачуулансак, күнөөлөсөк балабыз өзүнө болгон ишенимин жоготот. Жалганчы деген сөздү канчалык көп колдонсок, же балабызга мына ошону сездирсек, балабыз да ошого ылайыктуу кылык-жоруктарга ээ боло баштайт. Өзүнөн өзү шектене баштайт.

🌹Биздин милдетибиз - балабыз уйкусунан ойгонгондо «мени ургандыгың үчүн сизге капамын» десе, анын түш экендигин байкап, «Анда, кечирим сураймын» деп, анын чындык катары эсепиеген нерсесине сый-урмат көрсөтүү. Эгерде, «Сен жөн гана түш көрдүң. Мен сени урган жокмун, каяктагыны сүйлөбө» десек да балабыз аны түшүнө албайт.

🌹7 жаштан кийин «жалган айтуу адатынын» негизти үч себеби бар:

🌹1. Бизден корккондугу үчүн жалган сүйлөйт. Балдардын жалган айтуусуна себеп болгон эң негизги фактор - коркуу. Эгерде, үй-бүлөдө физикалык жана психологиялык зордук-зомбулук болсо, анда балдарыбыз өзүн мындан куткаруу үчүн жалган сүйлөйт. «Ал идишти мен сындырбадым», «Аны мен ыйлатпадым», «Мен жакшы айтып берсем да эки коюп койду» сыяктуу шылтоолор «Туурасын айтсам уруш угам» деген түшүнүк менен айтылат.

🌹Туурасын айтса, таяк жээрин, же уруш угаарын билген бала табийгый түрдө жалган айта баштайт. Мунун пайдалуу
экендигин көрүп калса, дагы да көп жалган айтат, Жыйынтыкта жалган айтуу анын мүнөзүнө айланат. Мындан улам, жалганга жол бербөөнүн эң биринчи шарты - балдарыбызды чындыкты айтууга үгүттөө жана чындыкты айткан учурунда урушуп, урбас- тан аны баалоо.

🌹«Идишти сындырганыңды айтканың үчүн сага ырахмат. Азыр экөөбүз аны кантип кайра ордуна коерубузду ойлонолу. Жамасак жабышпагыдай, майдаланып кетиптир. Жаңысын эле алганыбыз оң. Жаңы алуу жүн апталык сага берилген акчадан кыркып калам, макулдаштыкпы?»

🌹2. Жалган айтууну бизден үйрөнүшөт.

🌹Жаман адаттардын көпчүлүк бөлүгү туура эмес өрнөк болуудан келип чыгат Азирети Мухаммед пайгамбар: «Мусулман мусулмандын күзгүсү», - деп бекеринен айтпаган экен. Балдарыбыз да биздин күзгүбүз сыяктанат. Биз эмне кылсак, ошону кылышат.

🌹Биз ата-энелер балдарыбыга жалган айтууну көпчүлүк учурда өзүбүз үйрөтөбүз. Абалдан чыгуу үчүн айтылган ар бир жалган сөз балдарыбыздын аң сезиминде «Кысталышта жалган айтсаң боло берет» деген түшүнүктү калыптандырат.

🌹Көпчүлүгүбүз балдарыбызды жок нерселер, укол сайгандар, лөлүлөр, иттер менен коркутабыз. Милициялар, дарыгерлер баланы коркутуу үчүн колдонулган адамдардын эң башында турат. Мына ушул коркутуп-үркүтүүлөр балдарыбызга жалган айтууну үйрөтүп жаткандыгын өзүбүз да байкабайбыз.

🌹- Тамагыңды же балам.

🌹- Жегим келбей жатат.

*Уландысы бар:*

https://t.me/baktyluuayal


🕌 *"БАКТЫЛУУ АЯЛ" ЖАМААТЫ* 👨‍👩‍👧‍👦
Бизге катталыныздар⤵️
Whatsapp:
https://wa.me/message/Z5QT4LNQIHT7M1


Forward from: Unknown
*Бисмиллаахир рохмаанир рохиим*

📚 *"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен алынды*

🌹-Дароо бүтүр, болбосо ооруп каласың, (жалган) - Жегим келбей жатат, апа.!

🌹- Ооруп калсан, укол беришет (жалган) - Жесең, кийин сага шоколад алып берем. (Көпчүлүк учурда алып бербейт, демек, жалган) - Жебей эле коёюнчу.

🌹- Мен сен үчүн атайын тамак бышырсам, жебейсиңби?! Анда сени бала кылбаймын. (жалган) - Мейли, мейли жейм.

🌹Мына ушундай эле маек паркта да болот.

🌹- Балам, бол эми үйгө кете турган убакыт болду.

🌹- Ойноп бүтө элекмин, дагы бир аз ойноюн.

🌹- Болбойт. Күн кечкире баштады, уурулар чыгат. (жалган) - Сураныч, дагы бир аз ойноюн, апа!

🌹- Иии, бул жакты кара милиция келе жатат, азыр бизди камап коёт экен. Мен кеттим, сен да кач. (жалган)

🌹Бала ыйлап, апасынын аркасынан чуркап кетет. (Бул маектер тажрыйбада көрүлгөндүгү үчүн жазылды.) Окуя: Бир канча жыл мурун туугандарыбыз менен чөмүлгөнү бассейнге барып калдык. Бир жакын тууганымдын 8 жаштагы баласы бар эле. Кире бериште «7 жашка чейинки балдарга акысыз» деген жазуу бар экен. Эки күзөтчү балдардын жашын сурап калды. 8 жаштагы баланын атасы «балам 8 жашта десе, ага да акы төлөгөнгө мажбур болмок. Абалдан чыгуу үчүн:

- 7 жашта, деди.

🌹Балалык сезим жалган айтууну билбейт эмеспи, Атасынын туура эмес айтканын уга калып:

🌹-Жок, ата! Мен 8 жаштамын да. Туулган күнүмдү кече эле белгилебедик беле, унутуп калдыңызбы? - деди.

🌹Ошол замат, күзөтчүлөрдөн уят болуп артка кайттык. Жолдо келе жатып жанагы тууганым баласына «Азаматсың, жайладың! Сен үчүн бассейнге да кире албадык. Үйдө ысып отур эми…» - деген тариздеги сөздөрдү айтып келди. Ал муну менен байкабастан «керек болгон учурда, өзүңдүн пайдаң үчүн жалган айтсаң боло берет» деген кабарды берип алды.

🌹Башка бир окуяда, бир ата бири 7, экинчиси 6 жаштагы эки кызын зоопаркка алып барат. Зоопарктын кире беришинде «7 жашка чейинки балдарга акысыз» деген жазуу бар эле. Ата кыздары менен кассага келип, бири 7, экинчиси 6 жашта, деп акчаны сунду. Күзөтчү балдарды карап:

🌹- Эки кызыңызды тең алты жашта десеңиз, билмек эмесмин. Экөө эгиз сыяктуу экен - деди.

🌹Ата күлүмсүрөп, күзөтчүгө:

🌹- Сиз билбесеңиз, кызым билет - деп узап кетти. Ушулар сыяктуу күнүмдүк жашообузда ондогон, жүздөгөн өрнөктөр бар эмеспи. Бала уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат.

🌹3. Намысын коргогусу келет.

🌹Намыс - адамга багышталган эң кымбат өзгөчөлүк. Ар намыс адамга адеп-ахлак, абийирдүүлүк, тартынуу, салабаттуулук, уялуу сезими сыяктуу ондогон адамдык сапаттарды
тартуулайт. Мындан улам адамдар намысын сактоо үчүн тынымсыз эмгектенишет.

🌹Балдар үчүн да абал ушундай. Анткени, ар-намыс чоңдорго гана тиешелүү өзгөчөлүк эмес. Мына ошондуктан чоңдор сыяктуу балдар да намысын сактоого аракет кылышат. Бул психологияда «коргонуу механизми» деп аталат.

🌹Коргонуу механизмибиз адамдык сапатыбызга, личностубузга доо кетерде иштей баштайт. Бул өңүттөн караганда, жалган айтуу мүнөзү коргонуу механизми катары иштейт. Үй-бүлөсүнөн уруш угаарын, а түгүл чындыкты айтса, жаман көрүлөрүн ойлогон бала жалган сүйлөйт. Бирок, бул мүнөз баланы коргобостон, күн өткөн сайын анын сый-урматына, ишенимдүүлүгүнө доо кетирет. Натыйжада жалган айтуу балада адатка айланат.

🌹Ата-энелердин милдети - детектив сыяктуу жалгандын артынан түшпөө, жалган сүйлөп жаткандыгын байкасак да аны бетине койбостон, баланы уялтпастан, жалганга себеп болгон факторду жок кылууга аракет кылуу. Мисалы, тапшырма аткарбагандыгына карабай, аткардым деген балага, унчукпай, кийинки убакыттарда чогуу аткарганга аракет кылуу эң туура жол эсептелет.

🌹Андыктан, урматтуу ата-эне! Балаңызга жалган айтууну өзүңүз үйрөтпөңүз…

*Уландысы бар:*

https://t.me/baktyluuayal


🕌 *"БАКТЫЛУУ АЯЛ" ЖАМААТЫ* 👨‍👩‍👧‍👦
Бизге катталыныздар⤵️
Whatsapp:
https://wa.me/message/Z5QT4LNQIHT7M1


Forward from: Unknown
*Бисмиллаахир рохмаанир рохиим*

📚 *"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен алынды*

*Балаңыз жалган сүйлөсө…*

🌹Жалган туурасында сөз болгондо баланын жаш курагын эске алуу кажет. Анткени, 7 жашка чейинки учурларда баланын чындыкка төп келбеген сөздөрүн жалган деп атоо туура эмес. Балдарыбыз бул жаштарда чыныгы жашоо менен түшүн жана кыялдарын ажырат албайт.

🌹Түшүндө ага ачуулангандыгыңызды көрүп, ойгонгондо сизге жинденип, «эмне болду?» дегениңизде «сизге капа болдум. Анткени, мага бакырдыңыз» десе таң калбай эле коюңуз. Түшүндө иттерден качып, ойгонгондо муну чындык катары айтып бериши мүмкүн. 7 жашка чейинки балдар апа «бүгүн
Кудай менен сүйлөштүм», же «биздин бакчабызда динозавр» жүрөт десе да жалганга кирбейт.

🌹Ошондуктан, жашы кичүү балдарыбыздын мына ушундай сөздөрүнө ачууланган, же «жалган айтпа» сыяктуу сөздөрдү айткан туура эмес. Мындан улам ага ачуулансак, күнөөлөсөк балабыз өзүнө болгон ишенимин жоготот. Жалганчы деген сөздү канчалык көп колдонсок, же балабызга мына ошону сездирсек, балабыз да ошого ылайыктуу кылык-жоруктарга ээ боло баштайт. Өзүнөн өзү шектене баштайт.

🌹Биздин милдетибиз - балабыз уйкусунан ойгонгондо «мени ургандыгың үчүн сизге капамын» десе, анын түш экендигин байкап, «Анда, кечирим сураймын» деп, анын чындык катары эсепиеген нерсесине сый-урмат көрсөтүү. Эгерде, «Сен жөн гана түш көрдүң. Мен сени урган жокмун, каяктагыны сүйлөбө» десек да балабыз аны түшүнө албайт.

🌹7 жаштан кийин «жалган айтуу адатынын» негизти үч себеби бар:

🌹1. Бизден корккондугу үчүн жалган сүйлөйт. Балдардын жалган айтуусуна себеп болгон эң негизги фактор - коркуу. Эгерде, үй-бүлөдө физикалык жана психологиялык зордук-зомбулук болсо, анда балдарыбыз өзүн мындан куткаруу үчүн жалган сүйлөйт. «Ал идишти мен сындырбадым», «Аны мен ыйлатпадым», «Мен жакшы айтып берсем да эки коюп койду» сыяктуу шылтоолор «Туурасын айтсам уруш угам» деген түшүнүк менен айтылат.

🌹Туурасын айтса, таяк жээрин, же уруш угаарын билген бала табийгый түрдө жалган айта баштайт. Мунун пайдалуу
экендигин көрүп калса, дагы да көп жалган айтат, Жыйынтыкта жалган айтуу анын мүнөзүнө айланат. Мындан улам, жалганга жол бербөөнүн эң биринчи шарты - балдарыбызды чындыкты айтууга үгүттөө жана чындыкты айткан учурунда урушуп, урбас- тан аны баалоо.

🌹«Идишти сындырганыңды айтканың үчүн сага ырахмат. Азыр экөөбүз аны кантип кайра ордуна коерубузду ойлонолу. Жамасак жабышпагыдай, майдаланып кетиптир. Жаңысын эле алганыбыз оң. Жаңы алуу жүн апталык сага берилген акчадан кыркып калам, макулдаштыкпы?»

🌹2. Жалган айтууну бизден үйрөнүшөт.

🌹Жаман адаттардын көпчүлүк бөлүгү туура эмес өрнөк болуудан келип чыгат Азирети Мухаммед пайгамбар: «Мусулман мусулмандын күзгүсү», - деп бекеринен айтпаган экен. Балдарыбыз да биздин күзгүбүз сыяктанат. Биз эмне кылсак, ошону кылышат.

🌹Биз ата-энелер балдарыбыга жалган айтууну көпчүлүк учурда өзүбүз үйрөтөбүз. Абалдан чыгуу үчүн айтылган ар бир жалган сөз балдарыбыздын аң сезиминде «Кысталышта жалган айтсаң боло берет» деген түшүнүктү калыптандырат.

🌹Көпчүлүгүбүз балдарыбызды жок нерселер, укол сайгандар, лөлүлөр, иттер менен коркутабыз. Милициялар, дарыгерлер баланы коркутуу үчүн колдонулган адамдардын эң башында турат. Мына ушул коркутуп-үркүтүүлөр балдарыбызга жалган айтууну үйрөтүп жаткандыгын өзүбүз да байкабайбыз.

🌹- Тамагыңды же балам.

🌹- Жегим келбей жатат.

*Уландысы бар:*

https://t.me/baktyluuayal


🕌 *"БАКТЫЛУУ АЯЛ" ЖАМААТЫ* 👨‍👩‍👧‍👦
Бизге катталыныздар⤵️
Whatsapp:
https://wa.me/message/Z5QT4LNQIHT7M1


Forward from: Unknown
*Бисмиллаахир рохмаанир рохиим*

📚 *"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен алынды*

*Уландысы...*

🌿Жашоодо ушул сыяктуу пайдасыз опузаларыбыз канчалык көп болсо, сөзүбүздүн таасири да ошончолук жоголот. Андан соң «Сөзүмдү кулагына алып да койбойт» дей баштайбыз.

🌿Эрежесиздик сыяктуу бир үйдө өтө катуу эрежелердин болушу да сөз укпоонун себептерине кирет. Адамдын табияты эркин жаратылган. Эгерде, ата-энелер баланын эркиндигин ашыкча чектей турган катуу эрежелерди койсо, анда баланын чектен чыгышына, кайдигерлигине себеп болот.

🌿Айрым ата-энелер баланын уктоо, тамактануу, сабак аткаруу жана оюн саатын мүнөтүнө чейин белгилеп, күнүн ошого жараша пландап алышып, баладан да ошого моюн сунууну талап кылышат. Бирок, бул нерсе адамдын табиятына туура келбеген көрүнүш. Китеп окууга бөлүнгөн убакытта бала китеп окугусу келбеши мүмкүн, уйку, тамактануу сыяктуу адамдын биологиялык муктаждыктары пландагы саатка жараша эмес, уйку келгенде, же курсак ачканда ишке ашат. Мисалы, күнүмдүк планга «он бет китеп окуу» деген бөлүмдү киргизсе болот, бирок, анын убактысы баланын кызыгуусуна жараша белгилениши керек.

🌿Балдарыбызга көпчүлүк учурда «кылышы керек болгон» нерсени эмес, «кылбашы керек болгон» нерсени айтабыз. «Чуркаба, секирбе, иниңди урба, андай тамак жебе, керилип баспа» сыяктуу бир топ терс буйруктар бар. Алардын ордунаоң буйруктарды колдонсок, балабыздын сөз угушуна жардамчы болот.

🌿«Чуркаба» дегендин ордуна, «акырын бас», «бакырба» дебестен «акырын сүйлө», «андай жебенин» ордуна «азыраак тиштеп же», «иниңди түртпөнүн» ордуна «бир тууганыңдын колун кармап бас» десек, сөзүбүз так жана жол көрсөтүүчү мүнөздө болчудай.

🌿Сөз укпаган баланын аң сезиминде «сөз укпасам да боло берет» деген түшүнүк бар. Мындай түшүнүк балдарга табиятынан берилбейт. Алар мындай ойлонууну бизден үйрөнүшөт. Кежирленип ыйлаган учурда эле баланын ар айтканын аткара калуу - анын аң сезиминде эрежелерге моюн сунбасам да боло берет экен. «Жок» дегенин ыйлап «ообага» өзгөртөм деген түшүнүктү калыптандырат.

🌿Негизги балдар үйдө жоопкерчилик алууга жана сөз угууга ыраазы болушат. Бирок, мына ошол жоопкерчиликтер бөлүштүрүлбөгөндүгү жана жакшы ачыкталбагандыгы үчүн эч ким өзүн кыйнагысы келбейт. Натыйжада табийгый түрдө иштин баары энеге жүктөлөт. Ошондуктан, энелердин милдети үй иштерин белгилөө жана ылайыктуу түрдө бөлүштүрүү.

🌿Иштерди бөлүштүрүү үчүн үйдө «үй-бүлөлүк» чогулуштарды уюштуруу эң жакшы пикир. Мындай чогулуштар үй-бүлө мүчөлөрүнүн аптада бир жолу чогулушуна жана үйдөгү иштерди эң чоңдон кичүүгө карай бөлүштүрүүгө, эненин жүгүн жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.

🌿Мисалы, үй-бүлөлүк чогулуштан «ар ким өзүнүн төшөгүн жыйнайт, тамактан кийин идишин ашканага алып барат» деген чечим чыкса, эненин жүгү бир кыйла жеңилдейт эмеспи? Үйбүлөлүк чогулушта ар кимге өзүнчө жоопкерчилик жүктөлөт. Мисалы, баланын бөлмөсүн жыйноо, кийимдерди жыйнаштыруу баланын жоопкерчилиги, үйдө бузулган буюмдарды оңдоо, темир жана жыгач иштери менен алектенүү атанын иши, ашкананы жыйноо, үйдү тазалоо эненин жоопкерчилиги деп бөлүштүрүүгө болот.

🌿Үй-бүлө чогулушун уюштуруу үчүн эмнелерге көңүл буруу керек.

- Аптада бир жолу, белгилүү убакытта уюштурулат;

- Ал убакытка башка иш пландалбайт;

- Чогулуштун төрагасы ата болушу керек;

- 7 жаштан жогоркулар чогулушка катышып, добуш бере алат,

- Чечимдер добуш берүү аркылуу алынат;

- Пикир келишпестиктер болсо, орток өзгөчөлүк табылат; - Баарына сый-урмат көрсөтүлөт, бала да болсо, пикири угулат,

- Жоопкерчиликти балдарга гана жүктөп койгон болбойт; - Ата-эне биригип, балдарга гана талаптарды койбошу керек;

- Ынтымакта уюштурулуп, бир адамды күнөөлөө болбошу керек;

- Чогулуш учурунда телефон, телевизор жана көңүлдү бурган бардык нерселерге тыюу салынат;

- Чогулушта алынган чечимдер атайын дептерге жазылып, бөлүнгөн иштер аткарылып, аткарылбагандыгы аптада эки жолу текшерилет ж.б.

🌿Андыктан, Урматтуу ата-эне! Балам сөз уксун десеңиз өзүңүз өрнөк болуңуз…

🌿Жалганчылардан ар дайым узак болгула. Анткени, алар менен өтө жакын болсоңор…


Forward from: Unknown
*Бисмиллаахир рохмаанир рохиим*

📚 *"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен алынды*

БАЛАҢЫЗ СӨЗ УКПАСА…

🌸Эрежелер жана чектөөлөр бала тарбиясынын эң керектүү факторлорунун бири. Жол эрежеси сакталбаса, жолдо ар түрдүү кырсыктар болгондой, бала тарбиясында да эреже жана чектөөлөр болбосо, балабызды өз колубуз менен кырсыкка түрткөн болобуз. Бирок, көпчүлүк үй-бүлөлөрдө «эреже» бир гана балдар үчүн иштейт. Тамак-ашка, уйку жана тапшырма аткаруу сааттарына, тазалыкка, жаман адаттардан узак турууга, адамдар менен мамиле кылууга байланыштуу балага гана багытталган көптөгөн эрежелер бар.

🌸А бирок, балдар мына ушул маселелерде эмне кылуу керектигин чоңдордон үйрөнүшөт. Айткандарыбызга караганда, жүрүм-турумубуздан көбүрөөк таасирленишет. Бизди карап, өрнөк алып жашашат. Ошондуктан, балага жакшы тарбия берүүнүн эң таасирдүү жолу туура өрнөк болуу.

🌸Бардык эле ата-энелер балам тамеки тартпасын, спирттик ичимдик ичпесин дешет. Баласынын тамеки тартып жатканын көрүп калса, айтпаган сөздөр калбайт. Бирок, муну каалагандардын көпчүлүк бөлүгү өздөрү тамеки тартышат. Ошондуктан, канча акыл айтышса да таасирдүү болбойт.

🌸Жакын коңшубуздун баласы тамеки тарткандыгы үчүн ата-энесинен тынымсыз уруш укчу. Негизи ал 13 жашынан баштап эле тамеки тарта баштаган. Ата-энеси эмне десе десин, тоскоол боло алышпады. Бала ар дайым: «Сиз деле тамеки чегесиз го…» деп айтчу. Ушул сыяктуу баласын тарбиялай албай арызданган ата-энелердин көпчүлүгүнүн катасы: «Айтканымды кыл, кылганымды кылба» деген түшүнүктө жашоосу. Жаман адат өзүбүздө болуп жатса, балабызга миң насаат айтканыбыздан эмне пайда?!

🌸Ата-энелер өздөрү балдарын урушат да, бирок, бир туугандардын ортосундагы уруш-жаңжалга ачууланышат.Жинденгенде бакырышат, сөгүнүшөт, сый-урматсыздык көрсөтүшөт да, бирок, балдары башка бирөөгө «келесоо» десе, аны коркута башташат.

🌸Өздөрү эрте менен кеч турушат да, бирок, балдарынан эрте туруп, окууга барууну талап кылышат.

🌸Өздөрү телевизорго, компьютерге, телефонго көп убакыт коротушат да, а бирок, балдарына бош убакыттарында китеп окууну буйрук кылышат.

🌸Чоңдор өздөрү уйку жана тамак убакыттарына көңүл бурушпайт да, балдары убагында жатып, убагында тамактануусун каалашат.

🌸Мына ушундай карама-каршылыктар балдарга эрежесиз, баш аламан жашоону үйрөтөт. Андан соң «балабыз сөз укпайт» деп арызданабыз. Сөз укпоонун көптөгөн себептери бар. Алардын ичинен эң маанилүүсү эрежесиз жашоону үйрөтүү жана туруксуздук.

🌸Кээ бир учурда балдарыбызга бир ишти кылдыруу үчүн он жолу айтабыз, бирок, мунун пайдасы болбойт. Качан гана бакырып, кыйкыра баштаганыбызда жүгүрүп калганын байкайбыз. «Мен бакырбасам балдар айтканымды кылышпайт. Андыктан, бакырганга мажбурмун» деп ойлойбуз. Бирок, алардын сөз укпагандыгына көпчүлүк учурда оозубуздан чыккан пайдасыз коркутуулар жана белгисиз буйруктар себеп болуп калат. Анткени, баарыбыз эле балдарыбыз бейбаштык кылганда биринчилерден болуп аларды пайдасыз сөздөр менен коркутуп, аткарылбай турган буйруктарды бере баштайбыз. «Иниңе дагы бир жолу колуң тийчү болсо, экинчи телефонду карматпаймын» деген эне жүзөгө ашыра албай турган опузаны колдонгондугу үчүн баланын аң сезиминде: «Апам айтып- айтып кала берет» деген түшүнүк калыптанат. «Сени бала кылбай коём», «Лөлүлөргө сатып жиберем», «Дароо тамагыңды бүтүр, болбосо, кечке тамак бербеймин» деп, 5 мүнөттөнкийин курсагы ачпасын деп колуна нан кармата турган болсок, албетте, балдарыбыз биздин сөзүбүздү укпайт жана эрежелерге моюн сунбайт.


*Уландысы бар:*

https://t.me/baktyluuayal


🕌 *"БАКТЫЛУУ АЯЛ" ЖАМААТЫ* 👨‍👩‍👧‍👦
Бизге катталыныздар⤵️
Whatsapp:
https://wa.me/message/Z5QT4LNQIHT7M1


Forward from: Unknown
*Бисмиллаахир рохмаанир рохиим*

📚 *"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен алынды*

Уландысы...

🌱«Сени менен ойной албаймын, иниңе тамак даярдап жатам» дегендин ордуна «Кел биргеликте ашпозчулук кылалы. Сен бананды кашык менен эз» десек, дагы да жакшы болбойбу. Эмнелерди кылууга болот?

🌱Табийгый жана кадыресе мамиле кылыңыз… Көпчүлүк энелер бала төрөлбөй жатып, «Балам төрөлгөндө бир тууганы андан кызганат бекен» деп кыжаалат боло башташат. А түгүл айрым энелер төрөлбөгөн баласы менен бир тууганын ортосундагы жок эле кызганууга каршы ар кимден жардам, насаат сурай башташат. «Балдарым бири-биринен кызганса эмне кылам?!» деп санаага батышат. Мындай учурда эне өзүн өзү кармап, жок нерсе үчүн сарсанаа болбогону дурус. Иниң төрөлгөндө сени менен дос болот, сага белек алып келет, деген маанидеги чындыкка жакындашпаган сөздөрдү айтпай эле койгон оң. Анткени, адам алдын ала көрө билбеген нерсе- синен узак турат. Анын ордуна чындыкты, б.а. жаңы бала келгенде кандай болорун айткан жакшы. Мисалы, «Иниң төрөлгөндө өз алдынча баса албайт, тамактана албайт, сүйлөй албайт. Баарыбыз ага жардам беришибиз керек. Чоңойгон сайын бирге оюн ойной алабыз» деген сөздөр пайдалуу болот.

Убакыт бериңиз…

🌱Жаңы шарттарга көнүгүү, балдарыбыздын ортосундагы тең өлчөмдүүлүктү сактай алуу үчүн убакыт керектелет, Бир туугандар дароо бири-бирине үйрөнүп, бири-бирин жакшы көрүп, түшүнүшүп кетпейт. Анткени, ар бирибиз жаңы нерсеге үйрөнүп кетүү үчүн убакытка муктажбыз.

🌱Ошол сыяктуу жаңы бала үйдөгү ага, же эже үчүн жаңы доордун башталгычы. Ага үйрөнүп кеткенге чейин балдарыбыздын кежирленүүсү, тынчсыздануусу табийгый эле көрүнүш. Чоң балабыздын мындай мүнөзү бир тууганын жакшы көрбөгөндүгүн жана кызгангандыгын көрсөтпөйт. Бул жөн гана жаңы шартка үйрөнө албай жаткандыгынын белгиси, Убакыттын өтүшү менен мындай мүнөздөрү калып кетет.

🌱Ар бир балаңызга убакыт ажыратыңыз… Үйдө канча бала болсо, ар биринин муктаждыгы ар түрдүү. Андыктан, күн ичинде алардын ар бирине 15 мүнөт болсо да атайын убакыт ажыратыңыз.

Сүйүүңүздү шартка байлабаңыз…

🌱Балабызга болгон сүйүүбүз канчалык көп шартка байланса, балабыз да ошончолук кежирленип, сөз укпай баштайт. Чоң адамга «Ачкачылыктан өлгүң келбесе, айтканымды кыласың» деп айтуу канчалык оор тийсе, «Сени менен ойноомду кааласаң, алгач тамагыңды жеп бүтүр» деп айтуу да балага ошончолук оор тиет. Ошондуктан, балаңызга болгон сүйүүңүздү шартка байлабаңыз. Психологдун эскерүүсү. Биринчи кызым 5 жашка чыкканда экинчи баламды төрө- дүм. Ошол күндөн тарта кызымдын мүнөзү бузулуп, тез ачууланчу болду. Эмне кылсак да сөзсүз бир шылтоо таап ызы-чуу чыгарганга аракет кыла баштады. Эне катары алгач буга жиним келип жүрдү. Анткени, эки баламдын күнүмдүк муктаждыктарына жетишпей жүргөнүмдө, мен үчүн бул ашыкча эле.

🌱Кызым тажаалданганда, ачуум келип, ага айрым нерселерди тыюу салып, катасын сездиргенге аракет кылат элем.

🌱Иниңди урбагын дегенмин. Бирок, сен укпадың. Ошон үчүн бүгүн сага балмуздак жок…

🌱Иниң уктап жатканда, акырын сүйлөсөң, сени менен ойноймун дегенмин. Бирок, сен кыйкырып бакыргандыгың үчүн сени менен ойнобоймун…

🌱Мына ушул тариздеги сөздөр көп айтылат эле. Өкүнүчтүүсү, мен чектеген сайын, кызым мурдагыдан да аша чаап кыжырданчу, ачууланчу болуп калды. Андан соң, усулумду өзгөртүүнү чечтим. «Балким кызым эже болгонго үйрөнө албай жаткандыр. Мындан улам, кызганып ачуусун башкара албай жаткандыр. Андай болсо, ага корко турган эч нерсе жок экендигин көргөзөйүн. Аны ишендирейин» - деп ойлондум.

🌱Ошол күндөн тарта ар бир күнүмдү пландаштыра баштадым. Жомок убактысы, оюн убактысы, паркка баруу убактысы… баары пландууболо баштады. Бүгүн ойнобой эле коёлу дебедим. Күнүмдү планга жараша өткөрө баштадым. Ошондон тарта кызымдын мүнөзү өзгөрүп, кыжырдангандыгын, ачуулангандыгын таштады.

🌱Андыктан, урматтуу, ата-эне, бир туугандардын ортосундагы кызгануу сезимин козгобоңуз…

*Уландысы бар:*

https://t.me/baktyluuayal


🕌 *"БАКТЫЛУУ АЯЛ" ЖАМААТЫ* 👨‍👩‍👧‍👦
Бизге катталыныздар⤵️
Whatsapp:
https://wa.me/message/Z5QT4LNQIHT7M1


Forward from: Unknown
*Бисмиллаахир рохмаанир рохиим*

📚 *"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен алынды*

Уландысы...

🌹Бала чоңойгон сайын өзүн өзү башкаруу жөндөмдүүлүгүнө ээ боло баштайт. Ал өзүн өзү канчалык жакшы башкара алса, ата-эненин көзөмөлү ошончолук азаят, а түгүл бара-бара жоюлат.

🌹Мындан улам балаңыз ага, же эже болгон учурда «Сен эми чоңойдуң» деген сөздү, акы-укугунун кеңейгендигин, эрежелер жеңилдегендигин, үй-бүлө ичинде анын чечимдерине, пикирлерине дагы да көп көңүл буруларын эскертүү үчүн колдонуңуз. «Сен чоңоюп калбадыңбы, качан тапшырмаңды аткарарыңды өзүң чеч, мен ага аралашпаймын», «Сен чоң болгондугуң үчүн иниңден бираз көбүрөөк телевизор көрсөң болот», «Сен чоңсун, паркта өз алдыңча ойносоң болот» сыяктуу… Анткени, колдо жок нерсе кызганылат. Ал эми, бар нерсени кызганууга эч бир себеп жок.

Тарапчыл болбоңуз…

🌹Биз ата-энелер көпчүлүк учурда үйдүн эң кичүүсүнүн тарабында болуп, ага жардам беребиз. «Бир тууганыңды өз жайына кой», «Бираз ал ойносун, мунун эмнеси бар», «Ал кичүү, сен чоңсуң» деген сөздөр менен кичүүнүн укугун коргонго аракет кылабыз.

🌹А бирок, эки бир туугандын ортосундагы чыр-чатактар социалдашууга үйрөтүүчү алгачкы баскычтар. Социалдашуу - чоңдорду урматтоону, кичүүлөрдү ызаттоону, бир жерде ынтымакта жашоону, акы-укукту талашууну, өзүн өзү коргоону камтыган чоң термин. Мына ушул жөндөмдөр эки бир туугандын ортосундагы куурчак талаш учурунда иш жүзүнө ашып, үйрөнүлөт.

🌹Бирок, биз ата-энелер тарапчыл болсок, өзгөчө кичүү балабызды коргоо үчүн муну кылсак, чоң балабыздын ичиндеги тубаса «адилеттүүлүк» сезимине тийип алган жана анда кызгануу сезимин ойготкон болобуз. «Апа (Ата) мен баштаган жокмун да…!» деген тариздеги сөздөр жакшы калыс боло албагандыгыбызды жана бир туугандар ортосундагы кызга- нууга себеп болгондугу-бузду көргөзөт. Андыктан ата-энелер катары биздин милдетибиз тарапчыл болбоо. Эгерде, талаш зордук-зомбулукка чейин барса, анда «Эч ким эч кимге тийбесин» деген тариздеги так, даана жана бейтарап сөздөр менен чатакташууга кийлигишүү.

🌹Аткара албаган ишиңизге балаңызды жоопкер кылбаңыз…

«Акырын сүйлө, иниң уктап жатат», «Азыр паркка бара албайбыз, иниң үшүп калат», «Азыр ойной албайбыз, иниңе тамак даярдап жатам» сыяктуу сөздөр бизге байкалбастан, бир туугандарды алыстатат. Чоң балаңыз паркка бара албагандыгынын, секирип ойной албагандыгынын, а түгүл үйдө каалагандай жүрө албагандыгынын себепкери катары инисин эсептейт. Мындай болгон соң албетте кызгануу жаралат. Мындай абалда «эмнеге кыла албагандыгыбызды» айтуунун ордуна «качан кыла аларыбызды» айтканыбыз оң

🌹Мисалы, «Акырын сүйлө, иниң уктап жатат» дегендин ордуна «Үйдүн ичинде акырын сүйлөйлү, саат экиде паркка барабыз. Ошол жерде кыйкырып бакырсак болот» дейли.

*Уландысы бар:*

https://t.me/baktyluuayal


🕌 *"БАКТЫЛУУ АЯЛ" ЖАМААТЫ* 👨‍👩‍👧‍👦
Бизге катталыныздар⤵️
Whatsapp:
https://wa.me/message/Z5QT4LNQIHT7M1


Forward from: Unknown
*Бисмиллаахир рохмаанир рохиим*

📚 *"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен алынды*

Бир туугандардын ортосундагы кызгануу

💦Бир туугандардын ортосундагы кызгануу биз ата-энелер үчүн өөн учураганы менен балдар үчүн табийгый көрүнүш. Үйгө жаңы келген бала мурунку балабыздын бийлигин тең бөлүшкөндүктөн, а түгүл аны кулаткандыктан анын жан дүйнөсүндө кыжаалатчылыкты, кызганууну пайда кылат. Бир туугандар бири-бирин кызганышат анткени, эч ким бийлигин бөлүшкүсү келбейт.

💦Ата-энелер үйдө өзгөрүү болбогондугун көрсөтөбүз деп байкабастан балдардын ортосундагы кызганууну күчөтүп жиберебиз. «Кыжаалат болбо, эч нерсе өзгөрбөйт» деп айтуу

💦Ошондуктан, иштин башында эмнелерге көңүл бөлүүбүз керектигин билип, ошого жараша мамиле кылганыбыз дурус.

1. Бир туугандардын ортосундагы кызгануу табийгый көрүнүш.

Аз болсун, көп болсун бир туугандардын ортосунда кызгануу жана атаандашуу болот. Айрым балдар кызгангандыгын «Бир тууганымды жек көрөм, төрөлбөй эле койсо жакшы болмок, муну алып барып кайра төрөтканага таштап келгиле…» деген сөздөр менен билдирет.

💦Айрымдары, бир тууганына психологиялык кысым жасоо үчүн аны урат, тиштеп алат, чачын жулат, куурчактарын бербейт, четтетет, жаман сөздөрдү айтат.

💦Кээ бирлер ата-энесине жаман мамиле кыла баштайт. Сөз укпайт, ата-энесин капаланткан кылык-жоруктарды кылат.

💦Кандай мүнөздө болсо болсун, бир туугандардын ортосундагы кызгануу жана жарышуу боло берет. Биздин милдетибиз аны байкоо жана ага жараша мамиле кылуу.

💦2. Бир туугандар жакын дос болууга мажбур эмес. Биз ата-энелер бир туугандардын ортосунда достук мамиле курулушун каалайбыз. Жаңжалдашканда, бири-бирин капалантканда, «Бир туугандар бири-бирин сүйүшү керек, эң жакын досуң бир тууганың» деген сөздөрдү айта баштайбыз. Бирок, каны бир болсо эле, жакын дос болот деген нерсе жок. Айрым учурда чоочун адам туугандарыбызга караганда бизге жакын болушу мүмкүн. Жакындык канга эмес, мүнөздөрдүн төп келишине байланыштуу.

*Уландысы бар:*

https://t.me/baktyluuayal


🕌 *"БАКТЫЛУУ АЯЛ" ЖАМААТЫ* 👨‍👩‍👧‍👦
Бизге катталыныздар⤵️
Whatsapp:
https://wa.me/message/Z5QT4LNQIHT7M1


Forward from: Unknown
*Бисмиллаахир рохмаанир рохиим*

📚 *"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен алынды*

Уландысы...

🌹3. Кыз балдар да эркектер сыяктуу кызганышат, жаңжалдашышат.

🌹Коомчулукта кыз балдар «мырзайым» болушу керек деген түшүнүк калыптангандыктан, эркек балдардын ортосундагы кызганууну, кыз балдарга жараштыра албайбыз. Кыз деген токтоо, боорукер, мээримдүү болушу керек деп, өз кызыбыздан да мына ошону күтөбүз.

🌹А бирок, токтоолук, боорукерлик, мээримдүүлүк бир гана кыз балдарда эмес, эркек балдарда да боло турган өзгөчөлүктөр. «Кызга», же «эркекке» тиешелүү деген нерсе жок, «адамдык сапатка» тиешелүү болот. Ошол сыяктуу кызгануу да эркекке, же кызга тиешелүү сезим эмес. Эркек бала бир тууганын кандай кызганып, уруп-соксо, кыз бала да кызгануусун башка мүнөздөр менен көрсөтөт.

🌹4. Кызганууда жаш маанилүү эмес. Айрымдарыбыз бир туугандардын ортосунда жаш айырмасы чоң болсо, кызгануу болбойт деп ойлойбуз. А бирок, айырма 18 жаш болсо да, кызгануу жана жарышуу улана берет. А түгүл айрым учурда канчалык айырма көп болсо, жаңы бир тууганды кабылдоо ошончолук оор болот.

🌹Тескерисинче, «Балдар катар-катары менен төрөлсө, бирге чоңоюшат, бири-бирине жардамчы, шерик болушат. Кызгануу болбойт, достой чоңоюшат» деп ойлойбуз. А бирок, бир учурда төрөлгөн эгиздердин ортосунда да кызгануулар. ата-энени бөлүшө албоо байкалат.

🌹Балдардын ортосундагы кызгануу өзгөчө 2-6 жаштардагы «эгосантрик», ба «өзүмчүлдүк» мезгилинин эңкөрүнүктүү белгилеринин бири. Өзүн дүйнөнүн чок ортосунда сезген бала бөлүшүүгө жакындашпайт. Жаңы бир тууганды коркунуч катары кабылдайт. Корккон бала зордук-зомбулук көрсөтүүгө, кежирленүүгө даяр болот.

🌹Мына ушул мезгилде «эмне кылууга болоорун» жана «эмне кылууга болбоорун» жакшы билип алганыбыз дурус.

Эмне кылууга болбойт?

«Сен чоңойдуң» дебеңиз…

🌹Бир туугандардын чоңуна «сен чоңойдуң» деген статус берүү кызганууну козгогон себептердин бири. Анткени, чоң балабыз канча жашта болсо болсун, бала бойдон кала берет. Ар бир баланын өзүнүн жашына ылайыктуу муктаждыктары, үмүттөрү жана укуктары бар. Бир тууганы пайда болду деп эле жеке муктаждыктарынан баш тартууга, кечеңдетүүгө, аны жашырууга милдеттүү эмес. Андыктан, ата-энелер «чоңойдуң» деген сөздү канчалык туура мааниде колдонсо, баланын агалык, эжелик статусту кабылдоосу да ошончолук жеңил болот.

🌹Коомчулукта эң кичүү бала чексиз укукка ээ деген түшүнүк бар. Ал эми чоңдор тынымсыз чектелип турат. Мисалы, бир эне кичүү баласын тынчтандыруу үчүн колуна телефон берип, аны белгилүү убакытка чектебестен, иши бүткөнгө чейин жүрө берет. Ал эми, чоң баласы телефон кармаганда «тапшырмаңды аткар, жетишет, күн бою телефон ойноп отура бересиңби!» деген сөздөрдү айтат. А бирок, технология маселесинде мектепке чейинки курактагы баланын күнүмдүк колдонуу акысы жашына жараша 15 мүнөттөн жарым саатка чейин гана уланса, башталгыч класска, же орто мектепке барган баланын колдонуу акысы 45 мүнөттөн 2 саатка чейин кеңейтилет.

*Уландысы бар:*

https://t.me/baktyluuayal


🕌 *"БАКТЫЛУУ АЯЛ" ЖАМААТЫ* 👨‍👩‍👧‍👦
Бизге катталыныздар⤵️
Whatsapp:
https://wa.me/message/Z5QT4LNQIHT7M1


Forward from: Unknown
*Бисмиллаахир рохмаанир рохиим*

📚 *"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен алынды*

Бир туугандардын ортосундагы кызгануу

💦Бир туугандардын ортосундагы кызгануу биз ата-энелер үчүн өөн учураганы менен балдар үчүн табийгый көрүнүш. Үйгө жаңы келген бала мурунку балабыздын бийлигин тең бөлүшкөндүктөн, а түгүл аны кулаткандыктан анын жан дүйнөсүндө кыжаалатчылыкты, кызганууну пайда кылат. Бир туугандар бири-бирин кызганышат анткени, эч ким бийлигин бөлүшкүсү келбейт.

💦Ата-энелер үйдө өзгөрүү болбогондугун көрсөтөбүз деп байкабастан балдардын ортосундагы кызганууну күчөтүп жиберебиз. «Кыжаалат болбо, эч нерсе өзгөрбөйт» деп айтуу

💦Ошондуктан, иштин башында эмнелерге көңүл бөлүүбүз керектигин билип, ошого жараша мамиле кылганыбыз дурус.

1. Бир туугандардын ортосундагы кызгануу табийгый көрүнүш.

Аз болсун, көп болсун бир туугандардын ортосунда кызгануу жана атаандашуу болот. Айрым балдар кызгангандыгын «Бир тууганымды жек көрөм, төрөлбөй эле койсо жакшы болмок, муну алып барып кайра төрөтканага таштап келгиле…» деген сөздөр менен билдирет.

💦Айрымдары, бир тууганына психологиялык кысым жасоо үчүн аны урат, тиштеп алат, чачын жулат, куурчактарын бербейт, четтетет, жаман сөздөрдү айтат.

💦Кээ бирлер ата-энесине жаман мамиле кыла баштайт. Сөз укпайт, ата-энесин капаланткан кылык-жоруктарды кылат.

💦Кандай мүнөздө болсо болсун, бир туугандардын ортосундагы кызгануу жана жарышуу боло берет. Биздин милдетибиз аны байкоо жана ага жараша мамиле кылуу.

💦2. Бир туугандар жакын дос болууга мажбур эмес. Биз ата-энелер бир туугандардын ортосунда достук мамиле курулушун каалайбыз. Жаңжалдашканда, бири-бирин капалантканда, «Бир туугандар бири-бирин сүйүшү керек, эң жакын досуң бир тууганың» деген сөздөрдү айта баштайбыз. Бирок, каны бир болсо эле, жакын дос болот деген нерсе жок. Айрым учурда чоочун адам туугандарыбызга караганда бизге жакын болушу мүмкүн. Жакындык канга эмес, мүнөздөрдүн төп келишине байланыштуу.

*Уландысы бар:*

https://t.me/baktyluuayal


🕌 *"БАКТЫЛУУ АЯЛ" ЖАМААТЫ* 👨‍👩‍👧‍👦
Бизге катталыныздар⤵️
Whatsapp:
https://wa.me/message/Z5QT4LNQIHT7M1


Forward from: Unknown
Ооздо ээрчий турган КЕКС.
Айран 1 чыны
Сода 1 кашык
3 жумуртка Сахар 1 чыны
Суу май 1 чыны .
Ун 700-800 грамм Каалоого жараша мейиз.Биринчи Айранга+соданы кошуп, көптүрүп алабыз.Андан соң 3 жумурткага+ сахар кошуп жакшылап миксейлейбиз.Андан кийин суу майды кошуп,айранды кошуп аралаштырып ун кошуп жакшылап венчик менен аралаштырабыз. Каласаныз мейиз кошуп койсоңуз болот.Сактап алыңыз.Баарыныздарга жагат.


Forward from: Unknown
🔴 МУНУ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ БИЛИШЕТ, БИРОК АТКАРЫШПАЙТ

◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ ачык кийинген аялдар бейишке кирбесин, жадагалса андай аялдар бейиштин да жытын жыттабасын билишет. Бирок ага карабастан ачык кийинип жүрүшөт.

◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ хижаб кийүү балагатка жеткен күндөн баштап парз экенин билишет. Бирок ага карабастан хижаб кийишпейт.

◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ күнүгө бир саат боёнгонго убакыт табышат. Бирок намаз окуу парз десең, эч убактым жок деп көрүнгөн шылтоолорду айтышат. 

◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ каш терген жана кашын тердирген аялдарга Аллахтын каргышы айтылганын билишет. Бирок ага карабастан каштарын терип жүрүшөт.
 
◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ атыр себинип көчөгө чыгуу арам экенин, ал атырдын жытын сездириш үчүн эркектердин жанынан өтсө, андай аял зынакор сымал экенин билишет. Бирок ага карабастан сыртка чыкканда атыр жыттарды буркуратып себинип чыгышат.

◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ аялзаты үнүн назик кылып сүйлөгөнү эркектерди азгырарын, алардын ойлорун бузуп, жаман ойлорго түртөрүн билишет. Бирок ага карабастан эркектердин алдында үндөрүн өзгөртүп назик кылып сүйлөшөт.

◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ күйөөсүнөн башка эркектерге сулуулануу арам экенин билишет. Бирок ага карабастан көчөдө ашыкча сулууланып жүрүшөт.

◉ АЯЛДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ тозокко түшкөндөрдүн көбү аялдар болору тууралуу хадисти билишет, бирок тозоктон коргонууга эч кандай аракет кылышпайт.

Эми сизге суроо… 
 
Сиз үчүн Аллахтын буйругу, пайгамбарыбыздын айткан сөздөрү эч кандай мааниге ээ эмеспи? Же сиз Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө, бейишке кирүүгө ошончолук кайдыгерсизби? Сиз үчүн бейишке кирүү ошончолук арзанбы?
 
Эсиңизде болсун, Аллахтан алыстоо менен эч качан бактылуулукка жете албайсыз. 
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤


Forward from: Unknown
*Бисмиллаахир рохмаанир рохиим*

📚 *"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен алынды*

*Уландысы...*

*Шартсыз сүйүү*

🌱Сүйүү шартсыз болгон учурда гана чыныгы сүйүү болот. Баарыбыз сүйүлгөндү каалайбыз. Адамдар, жан-жаныбарлар, а түгүл өсүмдүктөр да башкасы тарабынан сүйүлгөн учурда гана жакшы өсүп-өнүгөт.

🌱Андай болсо, сүйүү деген эмне? Тойотаманын пикири боюнча сүйүү - шартсыз болгон учурда гана чыныгы сүйүүгө айланат. Тойотома сүйүүнү үчкө бөлүп карайт:

1. Эгер. Эгерде, сынактан өтсөң… Эгерде, жакшы иш тапсаң… Эгерде тынч отурсаң… сыяктуу.

2. Анткени. Сүйүүнүн бул түрүндө адам бир нерсеге ээлик кылгандыгы, же бир нерсе кылгандыгы үчүн сүйүлөт. Бул шарттуу сүйүү деп аталат. Мен сени жакшы көрөм, анткени. Адамдар бизди бир өзгөчөлүгүбүздөн улам жакшы көрсө, ал жоголгондо анын сүйүүсү да жоголот.

3. Шартсыз. Чыныгы сүйүү мына ушул. Адам эч нерсеге карабай сүйүлөт. Жүрөк суусаган сүйүүнүн түрү да мына ушул. Дүйнөдөгү негизги көйгөйлөрдүн бири шартсыз сүйүүнүн аздыгы. Өзгөчө үй-бүлөлөрдөгү негизги көйгөй да мына ушунда. Эгерде, балаңыз да сизди шарттуу сүйсө эмне кылмаксыз? Мисалы: «Ата көп акча тапсаң, мен да сени көбүрөөк жакшы көрөм», - деген сөздү кайсыл ата көтөрө алат.

🌱Бир бала дүкөндөн өзүнө көйнөк алып жатып, сатуучуга: «Бул көйнөктү үйгө алып барып көрөйүн. Эгерде, ата-энем көйнөктү жактырса, кайра алып келип алмаштырып кетем», - дейт. Сатуучу таң калып, себебин сураганда, бала: «Алар ар дайым мен каалабаган нерсени кылышат. Мен да атайын аларга жаккан эмес, жакпаган көйнөктү алам…», - дейт.

🌱Шарттуу сүйүүнүн соңу көктүккө алып барат. Атайын шоктонуу, атайын сабак аткарбоо, атайын сөз укпоо сыяктуу. Үйбүлөдөгү пикир келишпестиктердин көпчүлүк бөлүгү шарттуу сүйүүнүн натыйжасында пайда болууда.

🌱Үйүндө, үй-бүлөсүндө, мектепте жетиштүү деңгээлде сүйүү көрбөгөн бала аны сырттан издейт. Анктени, адам тамаксыз, же суусуз жашай алуусу мүмкүн, бирок, сүйүүсүз жашай албайт. Бала үчүн сүйүү азык сымал керектүү. Сүйүлгөн бала, жакшы каралган гүл сыяктуу өсүп-өнүгөт.

🌱Апалардын, же аталардын баласына болгон сүйүүсүнө шек жок. Бирок, алардын түшүнүгү менен, балдардын түшүнүгүнүн ортосунда айырма бар. Бала сүйүлгөндүгүн кандай түшүнөт? Бала эки нерсеге карайт:

1. Ата-энем мени сагынабы?

2. Ата-энем мени менен убакыт өткөрөбү?

🌱Катуу жер титиреген учурда эки колун жоготкон адам мындай дейт: «Жараткан бизге эки колду эмгектенүүдөн мурун, сүйүүнү көрсөтүү үчүн бериптир. Бизге берилген эки колдун эң негизги милдети жакындарыбызды кучактоо экен. Сүйүүмдү көрсөтө турган колдорумду, тилекке каршы уруп-сабоо үчүн колдонуп жүрүптүрмүн. Урматтуу, эки колу сак ата-энелер! Балдарыңарды кучактагыла. Менин жасалма колдорум баламдын жылуулугун сезе албай жатат.»

🌱Өкүнүчтүү абал Жараткан эч бир ата-энеге мындай кайгы бербесин. Бул тема жасалма колу менен баласын кучактай албаган атанын окуясын баяндоо үчүн жазылган жок, колу бар туруп баласын кучактай албаган аталар жана энелерди эскертүү үчүн жазылды.

🌱Андыктан, балам сүйкүмдүү болсун десеңиз, ага сүйүүнү үйрөтүңүз, үйрөтүү үчүн оболу ага өз сүйүүңүздү көрсөтүнүз

🌸Акылмандуулук үч өзгөчөлүктү калыптандырат: туура чечим чыгаруу, катасыз сүйлөө жана туура нерсени аткаруу.
(Демокрит)🌸

*Уландысы бар:*

https://t.me/baktyluuayal


🕌 *"БАКТЫЛУУ АЯЛ" ЖАМААТЫ* 👨‍👩‍👧‍👦
Бизге катталыныздар⤵️
Whatsapp:
https://wa.me/message/Z5QT4LNQIHT7M1


Forward from: Unknown
🕌Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим

📍 *Айымдарга айтар сөзүм бар!*

{Сабактын уландысы}

📍 *Төртүнчү насаат: тазалыкты сактагыла!*

🌿Адам баласынын табияты тазалыкты жакшы көрөт. Бардык эле эркектер, кийген кийими, отурган орду, жаткан төшөгү таза болуусун каалайт. Ал эми эркектин таза болуусуна аял кам көрүүсү керек. Ошол эле мезгилде эркектер аялдардын тазалыгына да көңүл бурбай койбойт. Ошондуктан ая заты ар дайым тазалыкты сактоосу керек. Аял, биринчи кезекте өзүнүн тазалыгына көңүл бурсун. Ооба, аялдардын баары эле тазалыкка көңүл бурат, бирок көчөгө чыгаарда гана. Көчөгө чыгып бара жаткан аял жок эле дегенде жарым саат убактысын күзгүнүн алдында өткөрөт десем ашыкча болбойт. Боёнуп, сүртүнүп, таранып кыскасы баарын жасайт. Бул жагынан эч кандай кемчилик таба албайсың. А менин айтайын дегеним, үйдөн чыгып бара жаткандагы эмес, үйгө кирип бара жаткандагы тазалык жөнүндө болмокчу. Тилекке каршы көпчүлүк аялдар үй ичинде өзүнө карабай коёт. Негизи, аял күйөөсүнө жасануусу керек. Күйөөсүнүн алдында таза болууга аракет кылуусу керек. Анткени, аял көчөдө жашабайт, ал күйөөсү менен жашайт, аны менен өмүр сүрөт. Май жыттанып калган кир кийим менен күйөөсүн тосуп алган аялга, акырындык менен эркектин көңүлү сууп кетүүсү мүмкүн. Ооздун жана башка жерлердин жагымсыз жыты да эркекти иренжитип коюусу мүмкүн. Ушунчалык жакшы көрүп, үйлөнгөн жаштардын бат эле арасы сууп, анан ажырашып кетүүсүнө мына ушундай жөнөкөй эле иштер себеп болуп калуусу толук мүмкүн.

🌿Экинчиден, үй ичиндеги тазалыкка да аял көңүл буруусу керек. Жумуштан чарчап келген эркек, ашканада жаткан жаздыкты, уктоочу бөлмөдө жуулбай турган чыны-чайнектерди, иш столунун үстүндө үйүлүп турган жуусуз кийимдерди көрбөөсү керек. Чарчап турган адамга мындай жагымсыз көрүнүштөр катуу таасир берип, анын оозунан жаман сөздөр чыгып кетүүсү мүмкүн. Ошондой эле идиш аяктын таза эместиги да эркектерге жакпайт. Суу ичүү үчүн ашканга кире калган эркек бир да таза идиш таппай калса, a ал жерден сөзсүз ачууланып чыгат. Аял бир гана өзүн, үй ичин таза тутпастан, күйөөсүнүн да тазалыгына көңүл буруусу керек. "Аял жакшы эр жакшы", "Алганың жакшы болсо, жакаң агарат, алганың жаман болсо чачың агарат" деген сыяктуу сөздөр бекеринен айтылган эмес.

🌿Адам ар дайым тазалыкка көңүл коюп жашабаса, ар кандай ооруларга туш болуп калуусу мүмкүн. Айрыкча аял заты ар дайым таза болууга тийиш. Анткени, ал тамак бышырат, бала эмизет, кыскасы анын колунда бир канча адамдын ден-соолугу турат эмеспи.

🌿Тазалык, бул - ыймандын жарымы. Диндеги ар бир ибадат тазалык менен байланышкан. Намаз окуу үчүн даарат алуу керек. Дааратсыз намаз кабыл болбойт. Кыскасын айтканда, ар бир аял Аллах Тааланын: "Чындыгында Аллах таза болуучуларды жакшы көрөт", Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Аллах Таала сулуу, сулуулукту жакшы көрөт", "Аллах Таала таза, тазаларды гана кабыл кылат" деген сөздөрүн эсине бек түйүп, таза жашоо менен жашаса, бул дүйнөдө да, Акыретте да өкүттө калбайт.

Булагы: 📰 *Бейиш Гезити*

Даярдаган: Ахунов Акжол

🕌 *Бактылуу аял жамааты!*


Forward from: Unknown
*Бисмиллаахир рохмаанир рохиим*

📚 *"Балам мыкты болсун десеңиз" китебинен алынды*

*Уландысы...*

🌹Бирок, тажрыйба ийгиликсиз аяктап, ошол балдардын баары чарчап калат. Тарбиячылардын жөн гана сөлөкөтү ал балдардын жашап кетүүсүнө жетиштүү болбойт. Балдарга жакындашпоо эмоционалдык өнүгүүгө гана тоскоол болбостон, физиологиялык өнүгүүсүнө да тоскоол болот.

🌹Урматтуу, телевизордун маңдайында сериалдар жана спорттук берүүлөр менен убакыт өткөргөн, ата-энелер! Балдарыңыздардан эмнени уурдап жаткандыгыңарды сезип жатасыңарбы? Жашоого керектүү аба жана сууну балдарыңардан кем кылууга акыңар жок! Аларды көзүңөрдүн карегиндей аярлооңор жетиштүү эмес, алардын көздөрүнүн ичин карашыңар керек.

🌹Ислам аалымы, психолог Мевлана: «Сүйүүсүз адам, канатсыз куш сыяктуу», - дейт. Сүйүү - адамды адам кылган, терс энергиядан, менменсинүүдөн, өзүмчүлдүктөн куткаруучу дары сыяктуу. Энелик - баланы төрөө гана эмес, аны сүйүү менен тойгозуу. Аталык баланын чөнтөгүн толтуруу, курсагын тойгозуу менен гана чектелбейт. Мышыктын баласы да энесинен ушундай мамиле көрөт. А түгүл, айрым үй-бүлөлөрдө балдар жадагалса айбандын баласындай да мамиле кылбасын иш үстүндө көрүп эле жүрөбүз.

🌹Сүйүү - балаңызды гана дарылабастан, сизди да жеңилдетет. Психиатр доктор Карл Меннингер: «Сүйүү берген адамды да, алган адамды да дарылайт», - дейт. Сүйүү - эң таасирдүү мативатор, эң чоң күч жана эң күчтүү курал. Балаңызга каалаганыңызды аткарта алуунун дарысын издеп жаткан болсоңуз, дарыканаларды айланбай эле коюңуз. Анткени, анын эң таасирдүү дарысы - сүйүү.

*Мерездик терең аң сыяктуу.*

🌹Бир саамга эч ким сизди жакшы көрбөгөндүгүн, кайгыңызды тең бөлүшкүсү келбегендигин ойлонуп көрүңүз! Кандай гана оор сезим. Көзүңүздү жумуп, эч ким сизди жакшы көрбөгөндүгүн ойлонуңуз. Жалгыздык дал ушул… Биз балдарыбызды жакшы көрбөйбүзбү дебеңиз. Бардык ата-энелер балдарын жакшы көрүшөт, анда шек жок. Бирок, күн бою телевизор көрүү менен алектенген эне, же ата болсоңуз, балаңыз сиздин сүйүүңүзгө кандай ишенсин.

🌹Сүйүүсүз, мерез дүйнөдө жашоону биз чоңдор да көтөрө албайбыз. Андай болсо, балдар ошол алсыз денелери менен, мындай оор жүктү кантип көтөрө алсын. Сүйүү жок жашоо адамды коркууга салат. Көчөдө, мектепте башканын көзүн оюп алган, зордуктап буюмун тартып алган балдар кайдан пайда болду дейсиз? Арзыбаган телефон үчүн адамды бычактаган өспүрүмдөр кантип бул абалга келип калышты? Сүйүү көрбөгөн, башкасын сүйө албайт. Сиз да экпеген эгиниңиздин түшүмүн топтой албайсыз.

🌹Баламды эч нерседен кем кылбадым дебеңиз. Жан дүйнөсү ачка адамдын курсагын тойгозгондон эмне пайда? Сүйүү бар жердеги чөптөн бышырылган тамак, сүйүү жок жердеги эттен артык.


*Уландысы бар:*

https://t.me/baktyluuayal


🕌 *"БАКТЫЛУУ АЯЛ" ЖАМААТЫ* 👨‍👩‍👧‍👦
Бизге катталыныздар⤵️
Whatsapp:
https://wa.me/message/Z5QT4LNQIHT7M1


Forward from: Unknown
Ассолому алейкум 💐💐Красный бархат дм 20см\n\n📌Ун 340гр\n📌Какао 10гр\n📌Разрыхлитель 8гр\n📌Сахар 300гр\n📌Жумуртка 3шт\n📌Кефир 200мл (3,2~3,5%)\n📌Суюк май 150гр\n📌0,5 чай кашык сода \n📌Краситель коз олчом менен\n\nКрем \n📌Творожный сыр 350гр\n📌Сахар 100гр\n📌Сливки 33% 200гр\n\n140гр 40~50мин бышырып алабыз.

20 last posts shown.

390

subscribers
Channel statistics