14-бөлүмү
Үшкүрүп алды да, жанындагы скамейкага селейип үн-сөзсүз отуруп калды. Башы айлангансып көзү караӊгылай түштү. Өӊү да кубарып, кан-жансыз боло түшкөнсүдү. Нурдандын абалын көргөн Пери жанына отура калды да, колун кармап:
- Нурдан, Нурдан. Сага толкунданууга болбойт.
Перинин колу тиери менен денеси от жагып ийгенсип эми ысып чыкты. Жан кирди. Оору унутулгансып, жандана түштү.
- Түркия. Түркия. Оозума алып, атай элегиме канча болду. Кыйналарымды билчүмүн, жан дүйнөм сыздап чыгат. Бул ааламда максатсыз жашап жатканымды, өзүмдүн тагдырыма өзүм балта чапканымды эстегенде дербиш болуп кеткеним артык дейм.
- Нурдан, азыр сага капаланууга болбойт. Кан басымыӊ да көтөрүлүп чыкты окшойт. Баары жакшы болот. Бир гана сен капа болбо – Нурданды жоошутканы менен өзүнүн да көзү караӊгылашып, аалам асты-үстү болуп жаткандай эле.
- Мен… мен… - Нурдан андан-ары эч нерсе айта албай, тили күрмөөгө келбей калды.
- Палатага баралы. Назик колдору менен Нурдандын алсыз, арык колдорунан кармап, өйдө тургузду.
Чындыгында Нурдан алсырай түшкөнүн экөө теӊ байкашты. Периге сүйөнө, буттары сүйрөлө оорукананын оозуна араӊ жетишти. Бейтаптардын карталарын регистратурага жеткирип келген медайым менен Пери эки жагынан сүйөп, лифт менен араӊ өйдө көтөрүлүштү да, палатага киришти.
Нурдан керебетине сулк жатып калды, көздөрүн да ачкан жок. Колун Перинин колунан чыгаргысы жок. Колун тартып чыгара албаган соӊ, бир топко тиктеп турду да, керебеттин четине аяк басты. Айлана жымжырт, бир гана эки жүрөктүн кагышы бир-бирине угулуп турду. Башкача кагып жатышты. Денеден суурулуп чыгуучудай кагып жатышты. Жүрөктөр сүйлөшкөндө башка эч нерсенин кереги жок эле. Канчалаган жылдар мурун ушундай маектер көп болор эле. Бирок, жүрөктөр чогуу болобуз дешчү. А азырчы? Эки жүрөк бири-биринен кайда жүрдүӊ деп сурагандай, ошончо жыл издешкенин айтып бергендей эле. Бир туруп «сен күнөөлүүсүӊ», «жок, мен эмес, сен күнөөлүүсүӊ» деп бири-бирине сөөмөй кезегендей өзгөчө дүкүлдөйт.
Жүрөктөр менен дубалда илинген сааттын жебелери жарыша кагып, бат эле кеч киргенсиди. Канча саат өтсө да Нурдан көзүн бир ачпай, ушуга чейинки жашоосунун ар бир күнүн, ар бир саатын көз элегинен өткөрүп жатты. Перинин колдорун эки колу менен менен бекем кармаган бойдон коё берген жок. Пери да палатага кесиптештери баш багып калсачы деп санааркаган менен колун тартып алгысы келбей, кыймылга келбей көз ирмебей тиктеп отурду. Демейде түнкү нөөмөттөн кийин чарчап, токтогон жеринде көзү илине түшкөн Пери бүгүн негедир уктоону капарына да алган жок. Экөө теӊ убакыттын өтпөсө экен дегенсийт. Жүрөгүн тарттырганы барышы керек экенин экөө теӊ эстегени менен үн катышпады. Оорукананын кызматкерлери дагы же узак жолдон кийин эс алып алсын дедиби, же бейтаптын ден-соолугунан улам тынчын албайлыбы дедиби, айтор унчугушкан жок. Экөөнүн тынчтыгын Нурдандын телефонуна келген кат бузду.
«Байкежаным, жакшы эс алдыӊызбы? Чалып үнүӊүздү угайынбы жаным?» деген сөздөр Нурдандын телефонун тумбочканын үстүнөн алып бере калайын деген Перинин көзүнө шак урунду. Окуюн дебегени менен эмнегедир уурданып окуп алды да, бүткөн бою кайнак суу куюп ийгенсип, ысып чыкты.
Автор: Таалайкул Токтобекова
Сүрөт:
@maestrodicarta