Все о спорте!


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Russian


Самые актуальные новости спорта КР

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Russian
Statistics
Posts filter


Азиялык лицензиялык турнир: Бүгүн килемге грек-рим күрөшү боюнча балбандар чыгат

Бишкекте өтүп жаткан Азиялык квалификациялык турнирдин үчүнчү, жыйынтыктоочу күнү Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия алуу үчүн грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтөт. Кыргызстандын атынан 4 спортчу чыгат.

67 кг чейинки салмакта Амантур Исмаилов биринчи айлампаны өткөрүп, 1:4 финалдык баскычтан баштайт. Атаандашы Каррар Албидхан (Ирак) жана Ёнг Жин Ро (Түштүк Корея) аттуу спортчулардын мелдешинен кийин белгилүү болот. Ата мекендик спортчу жеңүүчүсү менен жарым финалга чыгуу үчүн беттеш өткөрөт.

87 кг чейинки салмакта Асан Жанышев 1/8 финалда түркмөнстандык Ихлас Абдуразаков менен өткөрөт. Эгер аны утуп алса 1/4 финалда атаандашы 2023-жылы өткөн Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси ирандык Алиреза Мохмадипиани болот.

97 кг чейинки салмак ченинде Үзүр Жусупбеков биринчи айлампаны өткөрүп чейрек финалдан баштайт. Жарым финалга чыгуу үчүн индиялык Нитеш Нитеш аттуу балбан менен күч сынашат.

Ал эми 130 кг чейинки салмакта Роман Ким 1/4 финалдык баскычта сириялык Али Аль Шаруе менен беттеш өткөрөт.
Эскерте кетсек, беттештер саат 10:30 да башталат.













7 last posts shown.