Уктоонун адептери
Динибиз толук болгондуктан кантип жатуу керектиги тууралуу адептер дагы сүннөттө келген. Азыркы учурда ушул сүннөттөргө амал кылбай таштагандан улам кээ бир адамдар түнкүсүн мени албарсты (жин) басып жатат же жаман түштөрдү көрүп чоочуп ойгоно берем ж.б.у.с. ар кандай жаман нерселерди айтып даттанышат. Албетте мунун баары сүннөттө келген аяттарды, дубаларды айтпай жаткан себептүү болот. Эгерде мусулман төмөнкү хадистерге чын ыхластан амал кылып адеби менен жаткан болсо - ал баардык жамандыктан саламатта таң аттырары күмөнсүз.
Биринчи
Үч сүрөөнү окуп дем салуу
Аиша энебиз айтат:
"Аллахтын Элчиси ар дайым жатардын алдында эки колун жыйнап кийин оозу менен эки колуна үйлөп Ыхлас, Фалак, Наас сүрөлөрүн окуп, эки колу менен башынан баштап бети ж.б. колу жеткен жерлердин баарына сыйпап, ушул нерсени үч жолу кылат эле.
📚Бухари 5017
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ
﴿قُلۡ هُوَ ٱللَّهُ أَحَدٌ ٱللَّهُ ٱلصَّمَدُ لَمۡ یَلِدۡ وَلَمۡ یُولَدۡ وَلَمۡ یَكُن لَّهُۥ كُفُوًا أَحَدُۢ ﴾
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ
﴿قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلۡفَلَقِ مِن شَرِّ مَا خَلَقَ وَمِن شَرِّ غَاسِقٍ إِذَا وَقَبَ وَمِن شَرِّ ٱلنَّفَّـٰثَـٰتِ فِی ٱلۡعُقَدِ وَمِن شَرِّ حَاسِدٍ إِذَا حَسَدَ ﴾
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ
﴿قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلنَّاسِ مَلِكِ ٱلنَّاسِ إِلَـٰهِ ٱلنَّاسِ مِن شَرِّ ٱلۡوَسۡوَاسِ ٱلۡخَنَّاسِ ٱلَّذِی یُوَسۡوِسُ فِی صُدُورِ ٱلنَّاسِ مِنَ ٱلۡجِنَّةِ وَٱلنَّاسِ ﴾
Экинчиси
Аятул Курсини окуу
Абу Хурайра риваят кылган хадисте:
"Аллахтын Элчиси Абу Хурайраны Рамазандан түшкөн фитир садаканы кайтаруу үчүн дайындайт, түндө бир бечара адам келип уурдап жаткан жеринен Абу Хурайра кармап алат да жалдыраганынан боору ооруп эки жолу койо берет. Үчүнчү жолу дагы кармап алып, мен сени Аллахтын Элчисине алып барамын деп айтат. Ошондо ал:
- Мени койо берсең мен сага бир жакшы нерсе үйрөтөмүн - деп убада берет. Ал эмне деп айтканда:
- Сен жатардын алдында Аятул Курсини окуй турган болсоң - таң атканча сага шайтан жолобойт - деп айтат. Кийин Абу Хурайра ушул сөзүн Аллахтын Элчисине айтып берсе, Аллахтын Элчиси мындай деп айтат:
- Сага келген ал шайтан өзү, жалганчы болсо да сага туура нерсени айтыптыр - деп анын айткан сөзү чын экенин тастыктайт. Ошон үчүн кимде ким жатардын алдында Аятул-курсини окуп жатчу болсо - ага таң атканча шайтан жакындабайт."
📚Бухари 2311
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ
﴿ٱللَّهُ لَاۤ إِلَـٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡحَیُّ ٱلۡقَیُّومُۚ لَا تَأۡخُذُهُۥ سِنَةࣱ وَلَا نَوۡمࣱۚ لَّهُۥ مَا فِی ٱلسَّمَـٰوَ ٰتِ وَمَا فِی ٱلۡأَرۡضِۗ مَن ذَا ٱلَّذِی یَشۡفَعُ عِندَهُۥۤ إِلَّا بِإِذۡنِهِۦۚ یَعۡلَمُ مَا بَیۡنَ أَیۡدِیهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡۖ وَلَا یُحِیطُونَ بِشَیۡءࣲ مِّنۡ عِلۡمِهِۦۤ إِلَّا بِمَا شَاۤءَۚ وَسِعَ كُرۡسِیُّهُ ٱلسَّمَـٰوَ ٰتِ وَٱلۡأَرۡضَۖ وَلَا یَـُٔودُهُۥ حِفۡظُهُمَاۚ وَهُوَ ٱلۡعَلِیُّ ٱلۡعَظِیمُ﴾
(Бакара 255)
Үчүнчүсү
Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуу
Абу Масъудтан риваят, Аллахтын Элчиси айтты:
"Кимде ким Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын түндө окуй турган болсо ага бул эки аят (бардык жамандыктан саламатта болууга) жеткилүктүү болот",- деген.
📚Бухари 5008
بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ
﴿ءَامَنَ ٱلرَّسُولُ بِمَاۤ أُنزِلَ إِلَیۡهِ مِن رَّبِّهِۦ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَۚ كُلٌّ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَمَلَـٰۤىِٕكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ لَا نُفَرِّقُ بَیۡنَ أَحَدࣲ مِّن رُّسُلِهِۦۚ وَقَالُوا۟ سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَاۖ غُفۡرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَیۡكَ ٱلۡمَصِیرُ ٢٨٥ لَا یُكَلِّفُ ٱللَّهُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَاۚ لَهَا مَا كَسَبَتۡ وَعَلَیۡهَا مَا ٱكۡتَسَبَتۡۗ رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذۡنَاۤ إِن نَّسِینَاۤ أَوۡ أَخۡطَأۡنَاۚ رَبَّنَا وَلَا تَحۡمِلۡ عَلَیۡنَاۤ إِصۡرࣰا كَمَا حَمَلۡتَهُۥ عَلَى ٱلَّذِینَ مِن قَبۡلِنَاۚ رَبَّنَا وَلَا تُحَمِّلۡنَا مَا لَا طَاقَةَ لَنَا بِهِۦۖ وَٱعۡفُ عَنَّا وَٱغۡفِرۡ لَنَا وَٱرۡحَمۡنَاۤۚ أَنتَ مَوۡلَىٰنَا فَٱنصُرۡنَا عَلَى ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡكَـٰفِرِینَ ﴾
(Бакара 285, 286)