Азандан кийин айтылуучу дуба
Жабир ибн Абдуллахтан (Аллах андан раазы болсун) риваят: "Аллахтын Элчиси айтты: "Кимде ким азандын чакырыгын укканда ушул (төмөнкү) дубаны айтса - Кыямат күнү ага менин шапаатым болот.""
📚Бухари 614
اللَّهُمَّ رَبَّ هَذِهِ الدَّعْوَةِ التَّامَّةِ، وَالصَّلَاةِ الْقَائِمَةِ، آتِ مُحَمَّدًا الْوَسِيلَةَ وَالْفَضِيلَةَ، وَابْعَثْهُ مَقَامًا مَحْمُودًا الَّذِي وَعَدْتَهُ،
Аллахумма Робба хаазихид-да'уатит-таамма, уассолаатил-кооима, аати Мухаммадан ал-уасийлата уал-фадийлата уаб'асху макоомам махмууданил-лазии уа'адтаху.
Мааниси:
Оо, Аллахым ушул кемчиликсиз толук болгон азан чакырыктын жана дайыма тургузулуп окулуучу намаздын Эгеси! Пайгамбарыбыз Мухаммадка бейиштен эң бийик орунду жана бардык кулдарыңдан артык болгон даражаны бергин жана өзүң убада кылган мактала турган орунду ага насип кылгын!
Азанды укканда айтылуучу экинчи дуба:
Са'д ибн аби Уаккостон риваят: "Аллахтын Элчиси айтты:
"Кимде ким Азанчыны укканда ушул (төмөнкү) дубаны айтса анын күнөөсү кечирилет"
📚Муслим 386
أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا الله وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، وَأَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ، رَضِيتُ بِاللَّهِ رَبًّا، وَبِمُحَمَّدٍ رَسُولًا، وَبِالْإِسْلَامِ دِينًا
Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Ал жалгыз, Анын шериги жок жана Мухаммад анын кулу жана Элчиси жана Аллах менин Раббым, Мухаммад Пайгаммбарым жана Ислам диним экенине ыраазымын.
Кээ бир алымдар ушул азандын экинчи дубасы азан бүткөндөн кийин айтылат деп айтышса, башка бир топ аалымдар: азанчы "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллох уа Ашхаду анна мухаммадур росулуллох" деп айткандан кийин Аллахтын жалгыздыгына мен да күбөлүк берем деп айтылат деп айтышкан. Шейх ибн Бааз менен Усеймин ушул экинчи пикирди туура деп көрүшөт.
Азанчынын чакырыгына кантип жооп берүү керек?
Абдуллох ибн Амрдан риваят: "Аллахтын Элчиси айтты: "Эгерде азанчынын чакырганын уксаңар ага дал өзүндөй кылып жооп кайтаргыла!""
Башка хадисте:
Омар ибн Хоттобтон риваят: "Аллахтын Элчиси айтты: "Эгерде Азанчы: Аллоху Акбар, Аллоху Акбар деп айтса силердин бирөөңөр: Аллоху Акбар, Аллоху Акбар десе кийин Азанчы: Ашхаду ал-лаа илааха иллаллох деп айтса - Ашхаду ал-лаа илааха иллаллох десе, кийин азанчы: Ашхаду анна мухаммадур-росулуллох деп айтса - Ашхаду анна мухаммадур-росулуллох, десе кийин: Хаййа 'алассола деп айтса - лаа хаула уа лаа кууата илла биллах десе, кийин: Хаййа 'алал-фалах деп айтса - лаа хаула уа лаа кууата илла биллах десе кийин: Аллоху Акбар, Аллаху Акбар деп айтса Аллоху Акбар, Аллаху Акбар десе кийин: Лаа илааха иллаллох деп айтса - Лаа илааха иллаллох деп, ушуларды чын жүрөктөн кайталап айтса ал бейишке кирет.""
📚Бухари 385
Азанчы таң намазында Ас-солаату хойрун минан-наум деп эки жолу айтканда ага эмне деп жооп кайтаруу керек?
Кээ бир Маликий аалымдары жана башка илим ээлери "Содокта уа барорта" деп айтылат деп айтышса, кээ бирлери "ас-солаату хойрун минан-наум" менен кошо "содокта уа барорта" деп айтылат деп айтышкан. Ал эми башка мазхаб ээлери жана кийинки залкар илим ээлеринен ибн Бааз менен Усеймин ж.б аалымдар содокта уа барорта деп же экөөн кошуп айтууга эч кандай сахих далил келбеген, хадисте азанчыга дал өзү айткандай жооп бергиле делгендиктен - жөн гана "ас-солаату хойрун минан-наум" деп эки жолу жооп кайтарылат деп айтышкан.
🖌 Талас Артыкбаев
👉 t.me/islamtaanuu
Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!