Өзүмдү издейм


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Quotes


Өзүңдү сүй жана өзүңдү изде.Ошондо сенде баары болот. КАНАЛДА өзүмө таандык ой түрмөктөрүм, макалалар менен сүйлөшө аласыз! Терең маанилүү бир сүйлөм сизге таасирин тийгизер.!
Жеке маалымат @aibarchyn_emilbek

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Quotes
Statistics
Posts filter


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Бүгүнүбүз эскерилип эстелик болгончо учурда жашаганды үйрөнөлү. Бүгүн кайгырсаң, кубансаң, ыйласаң деле мейли жөн гана болуп жаткан жашоону кабыл алып жашайлычы.

✍: Бактылуу мүнөттөрдү күтпөңүз,жаратыңыз!


Жашообузда жоолуккан чыныгы бакыттын даамын сездирүүчү саналуу нерселер бар. Бирок эң баалуу,ардактуусу - бул ҮЙ-БҮЛӨ.

✍очогубуздун оту өчпөсүн!


Айымдарга хобби эмне үчүн керек?

Көпчүлүк айымдардын үйдөгү функциясы тамак-аш даярдоо,бала тарбиялоо,үй жыйноо, башкалардын артынан иреттөө. Кайталанма жашоо образдын айынан айымдарда мындай суроо тубулушу мүмкүн. Эмне үчүн башкалардын жагдайын эле жасап жүрө беришим керек? Өзүм үчүн эмне кылдым? Өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн убакыт бөлө алдымбы?деген жоопсуз суроолор жаралбашы үчүн сизге хобби керек. Пайдалуу хобби сиздин үйдөгү жумуштарды бат ,убактысында бүтүрүп өз кызыкчылыгыңызга убакыт табууга мүмкүндүк берет. Табылган убакытты өзү үчүн өткөргөндүн ырахатын таткан айым күнүмдүк жумуштар үчүн баш оорутпайт, анткени анын өзүнүн дүйнөсү пайда болду.

✍:Хобби айымдын өнүгүүсүндөгү курал.


Хообиңиз барбы?
Poll
  •   Бар, көп
  •   Таба элекмин
148 votes


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Аял затынын табияты кооздукту, чеберчиликти жактырат го. Андыктан колуна ийне алып жаратмандык менен эс алган айымдар толтура. Мен да ошолордун катарына кирем. Колум кыймылдап бир нерсе жасап,тигип,бышырып турбасам болбойт.

Хоббиси бар айым депрессияга түшүп, көңүл буруусуз калдым дегенден алысыраак болот .


Өткөндө бир макала жазам деп сөз байлыгымдын канчалык экенин билдим,8-мартта клубника в шоколаде жасайм деп чыдамкайлыгымды текшердим , декретте отуруп бала тарбиялап жатып мээримдүүлүгүмдү өрчүтүп жатам.

Ар бир иштин өзүнө жараша түйшүгү болот экен.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Жалкоолук сени өлтүргүчө сен аны өлтүр .

Азыр адамдарга таң калам бирөөнүн жашоосун изилдеп,кызыгып,сурап,тактаганы уста, бирок өзүнүн жашоосунө,тагдырына келгенде эч бир кыймыл-аракет жасабастан депрессия, стрессте боло калат. Билсеңиз бактылуу адам - бул өзүн тааныган адам. Сиз өзгөнү эмес өзүңүздү тааныңыз.

🌷 бул каналдан чыкпай ички уйгу-туйгуну сакайтуучу сөздөрдү окуп туруңуз.


Өзүм ашты жаңы эле дымдап болуп , май жыттанып силер менен ой бөлүштүм .Өзгөрүүнү өзүңдөн башта!


Ар бир үйдө боосоктун жыты чыгып,айт маарек болуп, үй- бүлөөлөр көңүлдүү дасторкон четинде маек куруп ,дени сак мамиледе болушса экен. Келиндер очоктун башында гана күн өткөрүп калбасын аяр мамилеге татыктуу экенибизди сезели жана талап кылалы.

✍: өзүн өзү сыйлоо


Тамак-аштын,суунун баркын рамазан айында билгендей эле адамдын баркын ал жокто эле билет окшобойбузбу .

Бирок мен жокто баркымды түшүнөсүңөр деп эле келиндер кайын журтта жануруп кызмат кылуу чектен чыгууга барабар экен. Өзүңөрдү да аярлоону үйрөнгүлө !

✍: өзүмдүн башыман өтүп жатат.


Кандай дейсиңер?
Poll
  •   Жакшы болмок
  •   Таасирдүү,оор, ойго салчу эле текстер жакшы
  •   Карапайым турмуштан алынган реалдуулук жакшы
  •   Боло берет каалагандай жазчы
  •   Түшүнүүгө жеңил болсо жакшы болмок
147 votes


Мен ойлонуп,толгонуп,уктабай жазган посторго лайк да койбойсуңар ,окубайсыңар дагы анан ушундай жөнөкөй бирок жылуу көрүнүштөрдү колдойт экенсиңер да э🐣👌
Карапайым эле сөздөр менен жашоо образдарды жазсам окшойт я?


⤴️Телефонду кызым алып жүктөп коюптур 😻 кайра өчүргүм келбей жазып жатам. Дагы жакшы ушул токочтун сүрөтү экен башка эмес🤭


82287²


Эч кимибиз бүгүн бактылуу экенибизди билбейбиз.Адам баласы өткөндү жана келечекти жакшы дей беребиз.

✍китептен алынды


Биринчи өзүңдү ,андан соң башканы түшүнүүгө бет ал. Тескерисинче жасоо менен майнап чыкпайт. Өзүн сыйлаган адам өзгөнү да сыйлай алат.

✍бактылуу жашоону үйрөн


Жаратылыш кубулуп жаз келгенге менде синдром золушки болуп жатат. Эшикке чыгып эле жер тебип, гүл себип,кулпунайларымды ирээтеп жатам. Силерде кандай кыздар гүл эктиңерби?


Ачуум келип, жүрөгүм мыкчылып араң турганда айла жок жасалма күлүүдөн жан соолугум кыйналып, буулугуп кетет. Ага караганда эртеден кечке бутум бутума тийбей үйдүн да ,сырттын да ишин жасаганда чарчабайм .

✍: Физикалык чарчоо жан дүйнөнүкүнө караганда жеңилирээк экенин аңдап билдим.


Башталып бирок аягына чыкпаган иш-аракет адамды күн сайын мазалап, башка зарыл жумушка болгон концентрацияны өзүнө бурат. Кашыктап топтогон энергияны түбү тешик чакага куюп жаткандай жыйынтыгында дайыма өзүңдөгү боштукту сезе бересиң.

©: өзүңүздү текшерип көрүңүз .


Үйдөн таппаган бакытты,дүйнөнү төрт кыдырсаң да таппайсың !

Ушул сөздү уккандан бери үйдө айым,эне,жар катары өзүмдү бактылуу сезип жана алып жүрүүнү үйрөнө баштадым. Коломтонун отун өчүрбөй, үйгө жылуулук таратып турган биздин абалыбыз,энергиябыз, аялдык табиятыбыз экен. Колдон келсе иште,ийгилик жарат,жогорку кесиптерди аркала бирок үйдө кейибестен бакыттын даамын сезе бил!

©: бакытты сез♾

20 last posts shown.