ОРОЗО АЙТ ТАКБИРЛЕРИ
"Аллооху Акбар, Аллооху Акбар,
Ля иляяха иллАллооху,
вАллооху Акбар, Аллооху Акбар,
ва лиЛляяхиль-хамд!"
📕Аллах Таала айтты:
"... (Рамазан) айын аягына чейин кармооңор үчүн жана силерди Туура Жолго салганы үчүн Аллахты улуктооңор үчүн (такбир айтуу менен).."
{Бакара сүрөсү 185}
Суроо:
Бул такбирлер качан жана кайсы убакка чейин айтылат?
Бул такбирлерди айтуу орозо айынын акыркы күнү бүтүп, Шаввал айы жаңырган кечеден тарта тээ айт намазы окулганга чейин улана берет.
Суроо:
Бул такбирлерди кимдер жана кандай сыпатта айтышат?
Ар бир мусулман адам жамаат менен биргеликте эмес өзүнчө айтат жана эркек киши үнүн чыгарып айтат, ал эми аялдар болсо үнүн чыгарбай айтат.
Бул такбирлер кандайдыр бир белгилүү орундарда гана эмес, балким мечиттерде, базарларда, үйлөрдө да айтыла берет.
Суроо:
Бул такбирлерди айтуунун өкүмү кандай?
Бул такбирлерди жогоруда айтылган убактарда айтуу көпчүлүк аалымдарынын көз карашында мустахаб амал.
🌐
t.me/kaarylar_quran