Көкбөрү каналы


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Sport



Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Sport
Statistics
Posts filter


Расписание Нооруз 2023


Телеграм каналды комментарийсиз кылууга аргасыз болдум. Комментте регионалдык бөлүнүүлөр күчөп, ал тургай жеке адамдарга орой сөздөр коштолуп кетип жатат. Мен коммент негизи эле окубайм, бирок комменттин айынан кээ бир адамдар жеке таарынычын билдиршүүдө. Сый бололу!


Сейитбек Анарбек уулу "Ак-Шумкар" командасына өткөнүн жарыялады. Ал өз постунда "Сары-Өзөндө" белдүү балдар башка клубга кетип калганын, команданын аттары чогулбай жатканын негиз келтирип, Чүй биригип күчтөнүп чыгыш үчүн ушундай кадамга баратканын айтты.

11k 0 4 139 176

"Достук" болуп көрбөгөндөй жылдыздуу курамды түптөгөнү мактоого аларлык. Ошол эле учурда "Достуктун" бирден бир көзүрү дайыма коргоосунун күчтүүлүгү менен айырмаланчу. Бул саам таза коргоочудан 4 эле оюнчу болсо, анын үчөөсү "возростной" экен. Сезон конкурентный эле болот окшойт.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Видеону азыр мага жөнөтүшүптүр. Белек байке чындыгында Талас байке жөнүндө калыс пикирин айткан экен жана негизги маселеси квота тууралуу сүйлөгөнү факт. Тарых үчүн биле жүргөнүбүзгө жакшы болчудай.


Туугандар сураныч Белек байкени жаман көрбөгүлө. Аны менен бүгүн жолуктум, өзү деле курултайга "Школанын" квотасын билгени барганын айтты. Ошол жерден башка уюштуруучулардын капканына түшүп калдым дейт. Президент алмашат деп добуш берилгенден кийин Айбек байкенин талапкерлигин вице-президенттикке көрсөткөнүн билдирди. Белек байке мындай кадамга барбаса, федерациянын вицелигин башка адамдар алдын ала сүйлөшүп, шайлаганы жатышыптыр деп түшүндүрдү. Дагы бир жолу сураныч Белек братка таш ыргытпагыла.

8.8k 0 1 138 181

Кино не будет!
Түмөнбаев: жардам берем, президенттиктен баш тартам.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Бегалиев: учурда көкбөрү федерациясынын инстаграм баракчасы башка кишилердин колуна өтүп кетиптир, ошондуктан андагы маалыматтарга ишенбөөгө чакырам.


Талас Бегалиев: мен Акылбек Түмөнбаев менен сүйлөштүм, ал мындай интрига менен президенттик кереги жок деди. Өз кезегимде мен деле президенттикти өткөрүп берүүгө даярмын дедим, бирок ал кишинин программасын угуп, иш планы менен таанышышым керек. Эртен кайрадан жолугабыз, сьезддин датасын белгилеп, ачык-айкын ойлорубузду айталы деп чечиштик.


Ал ортодо бүгүнкү курултайды тааныбаган Башкармалык мүчөлөрү Талас Бегалиев баш болуп чукул жыйынга чогулууда. Ошол жерден Талас байке да өз пикирин билдирмекчи.


Федерациянын инста баракчасынын сторизи


Бүгүн Көкбөрү федерациясынын башчысы кылып курултайда Акылбек Түмөнбаевди шайлап салышты, ошол эле учурда Федерациянын башкармалык мүчөлөрү бул курултайды тааныган жок. Ал ортодо Акылбек Түмөнбаев дагы бул кызматка барбасын билдирип, каршымын деген маалыматтар келип атат. Ошондо кандай болуп калды?

5k 0 1 176 93

"Достук" быйыл 6 оюнчуну трансфер кылганын жарыялады. Команда жакшы күчтөндү. Мага белгисиз бир эле суроо: командадан деги кимдер кетти?

Кимдер кетти дейсиңер, комментке жазгылачы.


Чекит коюлду окшойт, бейрасмий булактарга таянсак Эрлан Төлөбеков ордуна келди.


Ынтымак-2023
1) Жоки Орозбаев
2) Дастан Сагынбек уулу
3) Нооруз Раатбек уулу
4) Тойчу Коргонбаев
5) ----
6) Данияр Искендеров
7) Кушчубай Илис уулу
8) Айдамир Сабыров
9) Аудасбек Мырзабек уулу
10) Нуржан Мелисбек уулу
11) Майрамбек Рыспеков
12) Өмүрбек Эсен уулу

5.2k 0 4 105 117

"Ынтымактын бешинчиси" ким?
Poll
  •   Эрлан Төлөбеков
  •   Рустам Тыналиев
  •   Кубаныч Султан уулу
  •   Башка жаңы оюнчу
1661 votes


Дастан Жумабеков: "Ынтымактын" бешинчи номериндеги орду боюнча азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта ачык жарыялайбыз.


Эрлан Төлөбековдун ысымы "Ынтымактын" 2023-жылкы курамында айтылган жок. Ошол эле учурда "Ынтымактын" бешинчи номериндеги оюнчунун орду бош турганы айтылды.


Сейитбек: "Чүй жамааты чогулуп сүйлөштүк, бизде "Сары-Өзөндөн" тышкары Жогорку лигада "Ак-Шумкар" дагы бар экенин билесиңер. Бирок Жогорку лигада эки команда болгону менен эки жак тең алсыз болуп калат экен. Ошондуктан эки клубдан мыкты балдар жана аттарды тандап "Сары-Өзөндү" күчтөмөй болдук".

20 last posts shown.

3 061

subscribers
Channel statistics