Анда сөз өзөктөн жалгансын. Кичинесинен эрке, тентек, эркек балдар менен көчөдө чаң ызгытып ойногон, чоң эне, чоң апасынын жанынан чыкпаган, конокко барганда аркасынан калбаган, бир айтканынан кайтпаган, чачы өрүмдөн жазылбаган кызы болуп чоңойдум. Өз үй-бүлөмдү, тактап айтканда, ата-энемди кеч кабыл алдым, орундуу деле эркелебесем керек, мага алыстай туюлчу негедир, балким 6 айлык кезимде эле чоң апамдын колуна келгенимдендир деп болжоп коём.
Баардык сырларымдын, ыйларымдын жана эркелигимдин сандыгы чоң апам болду. Жадагалса эже-агаларым дагы менин эркелигимди алардай көтөрө алышпайт эле, "небере ысык болот" - деп бекеринен айтышпаса керек да. Атам 10 бир тууган, мен анын 11-чисин деп тамашалап калам дайым. Эркелигим башталгыч классты аяктаган соң калды, жакшы окудум, өзүмдү издеп баштаган кез да мектептен башталат экен, ойлоп көрсөм.
Эстесем, мектеп курагында эле чечим сунуштап, кабыл алуу, тандоо, изденүү, жоопкерчилик жагынан курдаштарымдан алдыда болгон экенмин. Буга себеп, мага коюлган ишенимдин акталуусун самаганым. Бир четинен ата-энеме кыла аларымды далилдегим келсе керек. Эс кире баштаган убактан баштап, алар тарабынан дайым мээрим издеп турчумун, классташтарымдын ата-энеси менен болгон мамилесине суктанчумун. Балага атасынан да, энесинен да колдоо, ишеним жана сүйүү керек экен. Чоң апамдын эч бир нерсеге алмашкыс сүйүүсүнө арзыдым, бирок, ата-энем толтурчу бөлүк толбой калган өңдүү. Алар мага жакындоого аракет кылып, колдоо бергенин, жакшы көргөнүн, менин ийгиликтериме кубанып, ыйласам, мага көрсөтпөй ыйлаганын мектепти аяктаган соң аңдап жатпаймынбы?!
Мына азыр студенттик доордун соңку тепкичиндемин. Кесибимди өзүм жакшы көрүп, жакындарымдын каршылыгына карабай, өжөрлөнүп жатып тандап алғам, дайым уюштуруу, жазуу, алып баруу мага жакын сезилет, алтынчы туюмунда. Өзүмдү ар тармактан сынап жаткан чагым, бирок, ичимден бир сезим мени кыйнап жаткандай.. Балким, бул доор менен коштошуп, өзүмдү таап, жакындарымдын колдоосунан айрылгым келбейт жаткан чыгаар. Өзүмдү кээде дербиш өңдүү сезем негедир. Өз алдынча жашап, окуу менен бирге иштеп, жаңы түшүнүп, мээримин ала баштаган ата-энемден бөлүнүп, чоң апамдын калкалоосунан арылып, өз жашоомо жоопкерчилик алып келе жатканда кайрадан ичимден: "Мен өзүмдү таптымбы? Мен киммин? Жашоодогу миссиям эмне? Жакындарымдын, өзүмдүн ишенимимди актай аламбы?" - деген суроолор сыртка каалгып чыга баштайт, кайрадан ойго чөмүлөм, ой менден, мен ойдон калбайм. Ошентип мүнөттөрүм саатка, сааттарым күнгө, күндөрүм жылга алмашат. Жашоодон өзүмдү таппай өтүп кетемби деген да ойлор келбей койбойт. Ошентсе да, жан дүйнөм менен ичимдеги өжөр кызга ишенем, ал мени жарты жолдо таштабайт, дайым жанымда, мен күлсөм күлүп, кыйналсам кошо кыйналып келе жатканына 10 жыл болуптур, себеби 6-класска келгенде эркелигимди, өжөрлүктү ичиме катып алган элем.. Өзүн издөөдөн талбаган кызга изинин соңу көрүнүп жаткандай, башкысы, өзүн билим жаатында, устаттык менен бирге чыгармачылыкта көргүсү келет, ал дагы жигит сүйүп, сүйүүгө татыктуу болууну эңсейт. Аруу, таза мүдөөлөрүнө жетүүнү самайт… Тык-тык, сааттын жебеси, жаңы күндү көрсөтүүдө, ал эми кыз түнү тынчтык бербеген ойлоруна чөмүлүп, ойлорунда өзүн издеп, изденүү менен из кууп бара жатат…..
Саат 00:05.......22.05.2023
#ойтолгоо