Курандын кыргызча мааниси


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category: Religion


https://www.youtube.com/@Qurankg

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Kyrgyz
Category
Religion
Statistics
Posts filter




«О, Раббим! Мени жалгыз калтырба!»Пайгамбар Закария алейхи саламдын Аллахка жалбарган кези.


89. Жана Закарияны эсте: Ал Раббисине: «О, Раббим! Мени жалгыз (туяксыз) калтырба! Өзүң мураскорлордун (бардыгынын артында калуучулардын) эң жакшысысың!» деп дуба кылганда,
90. Биз анын дубасын кабыл алып, ага Яхйаны белек кылганбыз жана туубас аялын да айыктырып койгонбуз. Алар жакшылык (сооп) иштерге шашылган пенделер эле. (Жакшылыктардан) үмүт кылып (жамандыктардан) коркуп дуба кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичипейил пенделер болгон.

Аль-Анбия 89-90-аяттар.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
«О, Раббим! Мени жалгыз калтырба!»Пайгамбар Закария алейхи саламдын Аллахка жалбарган кези.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Мусулмандарга Аллахтан жакшы кабар!
Зухруф: 68-71-аяттар


Мусулмандарга Аллахтан жакшы кабар!

Аллах айтат:

68. «О, Менин (такыба) пенделерим! Бүгүн силерге коркунуч жок! Силер (бүгүн) капа да болбойсуңар!»
69. Алар Биздин аяттарыбызга ыйман келтирип, мусулман болгон адамдар.
70. «(О, ыймандуу пенделер!) Силер жубайларыңар менен бирге сүйүнгөн абалда Бейишке киргиле!»
71. Аларга алтын идиштер менен чөйчөктөр (тамак-шарабы менен) айлантып турулат. Ал жерде көңүл каалаган, көз кубанган бардык нерселер бар. Жана силер анда түбөлүк жашайсыңар.

Зухруф: 68-71


Аларга эгерде Аллахты эскертсен, жүрөктөрү коркууга түшөт, ал эми (куран) аяттары окулганда ал аяттар алардын ыймандарын көбөйтөт. Анфал, 2-аят.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Куран аяттарын бир кыйла жуктобой аябай сагынып калган экем. Кичине кичине чыгарып турайын.




Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Хужурат (49:13) يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُم مِّن ذَكَرٍ وَأُنثَى وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوبًا وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِندَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Качан намаз окуйсун?


🌙 ЖАРЫЯ:
Саудиядагы ай кароо боюнча комитеттердин билдиришинче, бүгүн Саудиянын бир нече аймактарында Рамазандын жаңырган айы көрүндү.

Ага ылайык, Сауд Аравиясынын Жогорку соту, эртеңки ишемби күндү Рамазан айынын алгачкы күнү - деп расмий түрдө жарыялады.

Кирип келген Рамазан айыңыздар берекелүү болсун!


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
«Шарх» сүрөсү
سورة الشرح
Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

1. Биз сенин көкүрөгүңдү кеңейтпедикпи?
2. Сенден күнөө(лөрү)ңдү алып салдык.
3. Ал сенин желкеңди эзип турган.
4. Жана Биз сенин атагыңды көтөрдүк.
5. Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.
6. Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.
7. Эми, качан (намаздан) бошосоң (көп дуба кылууга) тырыш
8. жана Раббиңе гана умтул!


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Шуара 176-191-аяттар


«Маида» сүрөсү
Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

116. Жана бир кезде Аллах айтты: “О, Марямдын уулу Ыйса! Сен адамдарга: “Аллахты таштап, мени жана апамды кудай кылып алгыла” - деген белең?! (Ыйса) айтты: “О, Раббим! Сен (шериктен) Аруу-Тазасың! Менин акым жок нерсени айтуу мага туура келбейт! Эгер айтканымда, Сен аны билмексиң. Сен менин жүрөгүмдө болгонду билесиң. Бирок, мен Сенде болгон нерсени биле албаймын. Сен - кайыптарды да эң жакшы Билүүчүсүң!
117. Мен аларга Өзүң буюрган (төмөнкү) сөздөрдү гана айткамын: “Менин жана силердин (жалгыз) Раббиңер - Аллахка гана ибадат кылгыла!” Мен алардын ичинде турган (ар бир) мезгилде алардын үстүндө (Сенден башкага сыйынышпасын деп) күбө болуп турдум. Ал эми, Сен мени(н жердеги жашоо мөөнөтүмдү бүтүрүп, Өзүңө көтөрүп) алганыңда аларга Өзүң күзөтчү болуп калгансың. Өзүң бардык нерселерге Күбөсүң.
118. Эгер аларды азапка салсаң - Өзүңдүн пенделериң. Эгер кечирсең - Өзүң Кудуреттүү, Даанышмансың!”
119. Аллах айтты: «Ал (Кыямат) Күндө ыйманы чын адамдарга чынчылдыгы пайда берет. Аларга, түбөлүк кала турган жана астынан дарыялар агып турган бейиштер бар! Аллах алардан, алар Аллахтан ыраазы болушат. Бул -эң улуу жеңиш!
120. Асмандарда, Жерде жана экөөсүнүн арасында болгондун баары Аллахтын мүлкү! Жана Ал бардык нерсеге Кудуреттүү!»


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
ИСА МЕНЕН АЛЛАХТЫН МАЕГИ! ХРИСТИАНДАРГА ДАЛИЛ! АЛЬ-МАИДА СҮРӨСҮ 116-120-АЯТТАР


Жыйырма тогузунчу бөлүм
67
«Мүлк» сүрөсү
سورة الملك
Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

1. (Бүткүл ааламдардын) мүлк(ү) Өз Колунда болгон Аллах Ыйык! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.
2. Ал силердин кимиңер эң мыкты (сооптуу) иш жасай алышыңарды сыноо үчүн өлүм менен өмүрдү жараткан. Жана Ал – Кудуреттүү, Кечиримдүү!
3. Ал жети асманды кабат-кабат жараткан. Сен Рахмандын жаратканында эч кандай кемчилдик таба албайсың. Эми дагы бир кара! Кемчилдик көрөөр бекенсиң?!
4. Анан дагы кайра-кайра үңүл! Көз(үң) сага тунарган, чарчаган бойдон кайта берет!
5. Биз дүйнө асманын жылдыз-чырактар менен кооздоп, аларды шайтандар үчүн атылуучу таш кылдык. Жана Биз алар (шайтандар) үчүн (Акыретте) тозок азабын даярдап койдук.
6. Жана Раббисине каапыр болгон адамдар үчүн тозок азабы бар! Ал эң жаман кайтуу!
7. Качан алар анын (тозоктун) ичине ташталганда, коркунучтуу добушун угушат! Ал кайнап турган!
8. (Тозок өзүнө ташталган каапырлардан) каардангандан улам жарылып кеткидей болот! Ар качан ага бир жамаат (каапырлар) ташталганда, анын (периште) кароолчулары: «Эмне силерге (ушул тозок жөнүндө) кабар берген пайгамбар келбеди беле?»-деп сурайт.
9. Алар айтышат: “Ооба, ырас бизге эскертүүчү-пайгамбар келген. Бирок, биз аны жалганчыга чыгарып: «Аллах (силерге) эч нерсе түшүргөн эмес! Силер эң чоң адашуудагы адамсыңар!» дегенбиз”.
10. Жана айтышат: «Эгер биз (ошол пайгамбарды) угуп, акылыбызды иштеткенде (бүгүн) тозок «ээлери» болуп калбайт элек!».
11. Ошентип күнөөлөрүн мойнуна алышат. Тозокулар (Аллахтын ырайымынан) алыс!


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Жыйырма тогузунчу бөлүм

«Мүлк» сүрөсү
سورة الملك
Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен!

Аллах Таала айтат:

تَبَارَكَ الَّذِي بِيَدِهِ الْمُلْكُ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

1) Колунда (баардык ааламдардын) Бийлиги барга (Аллахка) Аруулук! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.

الَّذِي خَلَقَ الْمَوْتَ وَالْحَيَاةَ لِيَبْلُوَكُمْ أَيُّكُمْ أَحْسَنُ عَمَلًا ۚ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْغَفُورُ

2) (Ал) силердин кимиңер жакшы амалдарды жасаарыңарды сыноо үчүн өмүр менен өлүмдү жараткан. Жана Ал – Кудуреттүү, Кечиримдүү!

الَّذِي خَلَقَ سَبْعَ سَمَاوَاتٍ طِبَاقًا ۖ مَا تَرَىٰ فِي خَلْقِ الرَّحْمَٰنِ مِنْ تَفَاوُتٍ ۖ فَارْجِعِ الْبَصَرَ هَلْ تَرَىٰ مِنْ فُطُورٍ

3) Ал жети асманды кабат-кабат кылып жараткан. Мээримдүүнүн жаратуусунда эч бир кемчилдик таба албайсың! Эми дагы бир кара! Кемчилдик көрөөр бекенсиң?!

ثُمَّ ارْجِعِ الْبَصَرَ كَرَّتَيْنِ يَنْقَلِبْ إِلَيْكَ الْبَصَرُ خَاسِئًا وَهُوَ حَسِيرٌ

4) Дагы да кайра-кайра көз салчы: Көз карашың чарчап, кор болуп кайра өзүңө кайтат.

📚 ‎سُورَةُ ٱلْمُلْك
«Мүлк» сүрөсү (1-4-аяттар)


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Аллах Таала айтат:

وَمِنْ آيَاتِهِ أَنْ خَلَقَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا لِتَسْكُنُوا إِلَيْهَا وَجَعَلَ بَيْنَكُمْ مَوَدَّةً وَرَحْمَةً ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ

Анын белгилеринин бири – байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго махабат жана ырайым салып койгону. Чындыгында, ой жүгүрткөн коом үчүн ушуларда белгилер бар.

«Рум» сүрөсү 21-аят

20 last posts shown.