Депутат Жусупбек Коргонбай уулу көмүр казуу менен алектенген “Ысман-Тоо” ишканасынын 100% акциясын 520 миң долларга сатып алганбы? Бул боюнча интернетте тараган видеого депутат өзү түшүндүрмө берди.
Ал видео мурда тартылганын жана кенди өзү үчүн эмес, "депутат катары ортого түшүп инвесторлорго алып бергенин" айтты.
"Бул кен Кадамжайдагы "Бел-Алма" көмүр кенинин жанында жайгашкан. Саткан тарап ноокаттык (жердеши) болгону үчүн ортого түшкөм. Кенди башка адамдар иштетет", — деди эл өкүлү.
Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган учурда жаранга жеке ишкерлик менен алектенүүгө тыюу салынат.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG