ФЕРМЕРЛЕР БАГБАНДАР Кыргызстан🇰🇬


Channel's geo and language: Kyrgyzstan, Russian
Category: Nature


Саламатсыздарбы! Кыргызстандагы Айыл чарба боюнча эң алгачкы канал №1
Пайдалуу, кызыктуу жаңылыктар менен бөлүшкүңүз келсе, же подписчиктерден кеңеш алуу, суроо берүү үчүн, бизге жазыңыз. ⏬⏬
@bagbanfermer
Иийгилик!

Related channels

Channel's geo and language
Kyrgyzstan, Russian
Category
Nature
Statistics
Posts filter


При поддержке Проекта USAID по конкурентоспособности, торговле и созданию
рабочих мест 24 мая 2021 года для фермеров Центральной Азии стартует бесплатный учебный
курс: «ОСНОВЫ БИЗНЕСА В ЭКОЛОГИЧЕСКОМ ПЛОДООВОЩЕВОДСТВЕ: принципы и
технологии производства, системы сертификации и PGS-система, маркетинг и сбыт».


ОРГАНИЗАТОРЫ:
• USAID в странах Центральной Азии
• Казахстанская федерация движений органического сельского хозяйства - KAZFOAM
• «ОРГАНИК БИЗНЕС ШКОЛА» (Украина)
• Федерация органического движения Кыргызстана “BIO-KG”


СПИКЕРЫ:
Среди экспертов и преподавателей курса – ведущие консультанты по сертификации,
агрономы-консультанты – практики с опытом работы в странах Центральной Азии,
специалист по финансовому планированию агропроизводства, маркетологи, специалисты по
продажам. Также поделятся своим опытом в рамках курса руководители
сельскохозяйственных предприятий и ферм.


ФОРМАТ КУРСА: онлайн-курс на платформе для онлайн обучения (типа Zoom)
ГРАФИК КУРСА: Всего запланировано 12 модулей, длительностью в среднем 4 часа
каждый, которые будут проходить 1 раз в неделю по понедельникам. Начиная с 24 мая по 9
августа 2021 г.


ЯЗЫК МЕРОПРИЯТИЯ: РУССКИЙ
КТО МОЖЕТ ПРИНЯТЬ УЧАСТИЕ?
Участники должны быть из стран Центральной Азии (Казахстан, Кыргызстан, Таджикистан,
Туркменистан, Узбекистан), соответствующие следующим критериям:
• Фермеры-практики, которые выращивают овощи и ягоды, или начинающие
производители;


• Интересуются технологиями выращивания экологически чистой овощной и/или
ягодной сельскохозяйственной продукции;


• Имеющие доступ к сети Интернет и к мессенджеру Telegram;
• Люди, имеющие наделы земли или готовые взять их в аренду на срок более 5 лет и
стать производителями сельскохозяйственной продукции;


• Готовые посвятить обучению свое время в весенне-летний период (май-август 12
тренингов по 4 часа всего, ориентировочно 1 раз в неделю).


КАК СТАТЬ УЧАСТНИКОМ?
Чтобы принять участие в учебном курсе вам необходимо пройти предварительную
регистрацию по ссылке: https://forms.gle/2DMbM6ccfSFCDyyWA
После положительном рассмотрении вашей кандидатуры вы получите подтверждение
и дальнейшие инструкции по указанным вами контактам.












Министрлик малдын асылдуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында республика боюнча 98 баш асыл тукум буканын тизмесин түздү‼️


Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин кезектеги коллегиясы өттү
2021-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Айыл,токой жана министрлигинин кезектеги коллегиясы өткөрүлдү.
‼️


Коллегияга Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министри А.Джаныбеков, Айыл чарба комплексин, экология жана аймактарды өнуктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Кулуев, коллегиянын мүчөлөрү, республиканын облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрлике караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары, бөлүм башчылар жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.


Кезектеги коллегияда Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин 2021-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча маселелер каралды.
Коллегиянын жүрүшүндө министрдин орун басарлары А. Мукашев жана И. Марсбек уулу үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча маалыматтар менен тааныштырды.


Коллегида эки райондун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларынын аткарган иштери канаттандырарлык эмес деп бааланып, ээлеген кызматынан бошотулду. Ал эми айрымдарына эскертүү, сөгүш жана катуу сөгүш, берилди. Ошондой эле айыл чарба тармагында көп жыл эмгектенген 65 жашка толгон, 6 кызматкерди урматтоо менен эргүүгө узатты.
Айыл,токой жана суу чарба министрлиги эң негизки алты багыттагы приоритеттерин аныктады.


1. Азык түлүк коопсуздугун камсыздоо (дыйкан, фермерлерди – өсүмдүктөрдүн таза, сапаттуу үрөнү менен камсыздоо. Мал чарбасын сандан сапатка өткөрүү максатында асылдуулугун жогорулатуу.)


2. Органикалык айыл чарбасын көтөрүү (Органикалык айыл чарба продукцияны өндүрүү менен дүйнөлүк базарларда атаандаштыкты орнотуу.)


3. Учурдагы климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуу (Өлкөбүздө жылдан –жылга ээрип, азайып бараткан мөңгүлөрдү сактап калуу максатында көчөттөрдү, бак олтургузуу, заманбап технологияларды колдонуу менен сугат сууларды туура пайдаланууну колго алуу.)
4. Кластерлерди өнүктүрүү (айдап себүүдөн керектөөчүгө чейин.)


5. Айыл чарба тармагын санариптештирүү (Республиканын бардык аймактарында айыл чарба тармагын санариптештирүү маалымат алмашуу системасын ыкчамдатуу.)


6. Өндүрүлгөн айыл чарба азык түлүктөрдү жаңы базарларга алып чыгууга шарттарды түзүү
Коллегиянын жыйынтыгында министрликтин 2021-жылдагы биринчи кварталдын протоколу бекитилди. Ошондой эле квартал сайын жетекчилердин ишин баалоо боюнча маселелер каралары белгиленди.


Катталуучудан ЖАРЫЯ

Кара-Балтага бакты караганга жана чарба жумуштарына уй-булоолуу киши керек, тамак, коммунальные услуги бекер, айлыгы келишим баа менен тел 0500022259, уй бар жашаганга

Телефон номери: 0500022259


‼️Айыл чарба министрлиги


Айыл чарба министрлиги асыл тукум малдардын породаларын райондоштурууну сунуштайт
Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министирлиги мал чарбасын сандан сапатка өткөрүү максатында, республиканын климаттык шартына ылайык асыл тукум мал чарбасын райондоштурууну сунуштайт. Асыл тукум малдарды туура райондоштуруу экономикалык жактан пайдалуу жана дыйкан, фермерлердин натыйжалуу киреше табуусуна зор мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Учурда сырттан Кыргызстандын климатына ылайык келбеген малдардын породалары кирип жаткандыгын да кездештирүүгө болот.
Төмөндө породаларды туура райондоштуруунун тизмеси түзүлгөн:
Ири мүйүздүү мал боюнча:


Алатау, абердин-ангус, герефорд, буро-швиц тукумдарын республиканын бардык облустарда көбөйтүү сунушталат.
Талас облусунда аулиэатин тукуму артыкчылыктуу болуп саналат, ал эми Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарына симментал породасы ылайыктуу.
Голштиниз тукуму Чүй, Жалал-Абад, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Токтогул райондорунда жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда жакшы адаптацияланат.


Топоз боюнча:
Айкол тукуму Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында артыкчылыктуу болуп саналат, ал эми кыргыз тукуму Баткен аймагына ылайыкташкан.


Кой боюнча:
Гиссар, “Арашан” кыргыз эт-май тукуму республиканын бардык аймактарында сунушталат.
Кыргыз мериносу Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Жалал-Абад аймактарында жогорку жыйынтыктарды берди.


Көп төл берүүчү койлордун тиби Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Нарын облустарында жакшы жыйынтыктарды берет.
Айкөл тукуму Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында өстүрүлөт.
Алай тукуму Ош облусуну ылайыкташкан.


Эчки боюнча:
Баткен районунда кыргыз тыбыт тукуму жана кыргыз жүндүү породасындагы эчкилер, ал эми Чүй облусунда эчкинин сүтүү тиби жакшы жыйынтыктарды берүүдөө.


Жылкы боюнча:
Англис тукуму жылкы породалары өлкөнүн бардык аймактарында көбөйтүү сунушталат.
Чүйдүн, Ысык-Көлдүн жана Нарындын облустарында орус таскак тукумун, ал эми Талас, Чүй, Ысык-Көл аймактарында дон породасын өстүрсө болот.
Урматтуу фермер жана малчылар! Мал чарбачылыгы жаатында сапаттуу кайра түзүү үчүн, жогорудагы маалыматтарды сактап, жетекчиликке алууңузду, башкача айтканда, жеринде тукумдарды райондоштуруу ыкмасын киргизүүнү өтүнөбүз.


Мал жандыктарды идентификациялоо иштери жүрүүдө
Бүгүнкү күндө республика боюнча 1721,7 баш бодо мал, андан сырткары 7821 асыл тукум жылкы жана 25,1 баш чочко идентификацияланып, идентификациялоо жана көзөмөлдөө тутумунун маалымат базасына киргизилди. Учурда мал жандыктарды идентификациялоо иштери жүрүүдө.
Мындан тышкары, 2020-жылдан тарта балык, аары колонияларын жана канатттууларды идентификациялоо толук масштабдуу жүргүзүлө баштады. Бүгүнкү күндө жалпы 943,800 канаттууларды камтыган 37 канаттуулар фабрикасы идентификацияланып, алар жеке чарбаларга катталып, план 100% га аткарылды. 1146 дыйкан чарбалары жана 70 267 аары бүлөлөрүн идентификациядан өткөрүп, план 80% га аткарылды. Балык чарбаларын идентификациялоого ылайык, 391 көлмөнүн жана суу сактагычтын 81 балык чарбасы өтүп, план 90% га аткарылды.


Органикалык айыл чарба департаменти айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден жана илдеттерден сактоочу биокаражаттарды өндүрүүдө
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Органикалык айыл чарба департаменти айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден жана илдеттерден сактоочу төмөнкү биокаражаттарды өндүрүүдө:
Энтомофагдар – зыяндуу курт кумурскалар менен азыктануучу организм. Алар: амблисейус, трихограмма, афелинус, габрабракон, алтынкөз.
Биопрепараттар – айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ар түрдүү илдеттерине каршы, аларды интенсивдүү өстүрүү менен түшүмдүүлүгүн жогорулатууда биостимулятор катары колдонулат. Алар триходерминдер жана биолигниндер.


Министр пахта эгүүдө пленканы колдонуу ыкмасы менен таанышты📝


Министр Аскарбек Джаныбеков Ош жана Баткен аймактарына болгон иш сапарында, Кара-Суу районундагы Оомат үрөн чарбасына барды.


Анда пахта эгүүдө пленканы колдонуу ыкмасы менен таанышты.

Плёнканы колдонуу бир катар артыкчылыктарга ээ: нымдуулук сакталат,
отоо чөптөр өспөйт.

Мындан тышкары, пленканын астында тиешелүү температура менен өсүмдүктөрдүн өнүгүшү тезирээк жүрөт. Бул ыкма пахтанын түшүмдүүлүгүн кыйла жогорулатууга жана аны күтүүгө кеткен чыгымды төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.


Белгилей кетүүчү нерсе, пленканы колдонуу технологиясы жаңы эмес. Мисалы, Кытайда бул ыкма пахта себүүдө көптөн бери колдонулуп келген.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
📱Fermer KG – мал- жандыкты жана түшүмдү толугу менен айыл чарбасына ылайыкталган тиркеме менен сатыңыз жана сатып алыңыз.

Телефонуңузга жүктөп алуу үчүн шилтеме:
https://play.google.com/store/apps/details?id=com.fermer&hl=ru

03.01.2021 - жылга чейин көчүрүп алгандар телефонуңуздардан өчүрүп, Google Play Market' тен жаңы версиясын жүктөп алыңыздар!


Сүт өнөр жайындагы жүгөрүнүн колдонулушу‼️


Дүйнөлүк банктын “ССӨКЖ" долбоорунун бенефициарлары жыл сайын силос үчүн жүгөрү өстүрүүгө көбүрөөк көңүл бурууда. Эгерде өткөн жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун бенефициарлары 49 гектарга жүгөрү айдашкан болсо, быйыл 100 гектарга жакын аянтка жүгөрү эгиши күтүлүүдө.


Дыйкандар азыртадан Ладожский гибридинин (Россия) жана ПЛ-472 (ФАО 500) сортунун (Түркия) үрөндөрүн жигердүү сатып алууда жана себүү кампаниясына даярданып жатышат.


Долбоордун тренерлери жана эксперттери тийиштүү консультацияларды берип жатышат.
Бул долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин колдоосу астында Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан ишке ашырылууда.


Жаңылыктар!‼️

2021-жылдын 11-апрелинде, министр Аскарбек Джаныбеков Чүй облусундагы бир нече сүт фермалардын кызматташуу механизмдерин иштеп чыгуу үчүн, алардын ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен таанышып чыкты.


Алгач, "Кант-Сүт" ЖЧКсында болуп, анда сүттү кабыл алуу жана кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышып, андан соң Сокулук айылындагы ишкананын сүт кабыл алуу пунктунда болду.


Андан соң, Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорундагы "ИП" Дан чарбасынын жана "Тилек" сүт-товар фермасынын иши менен таанышты.


Мындан тышкары, Кара-Балта шаарындагы ЖЧК "Жайыл-Сүт" сүттү кайра иштетүүчү заводунда болду.


Анда сүт өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр менен ветеринардык дары-дармектерди колдонуу, алардын продуктуларын физикалык жана химиялык анализдөө, сүт азыктарын өндүрүүдө антибиотиктерди колдонуу, бааларды түзүү, ошондой эле сүт өндүрүүчүлөргө жана кайра иштетүүчүлөргө салык салуу маселелери талкууланды.


Мындан тышкары, ишканалардагы жана дыйкан чарбаларындагы электр энергиясынын тарифтештирилиши, иштин түрүн лицензиялоо жана даяр сүт азыктарын сатуу маселелери көтөрүлдү.
Жакынкы күндөрү сүт өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр, фермерлер жана ветеринарлар чакырылып, алар менен бирге жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле сүт өндүрүүчүлөр менен кайра иштетүүчүлөрдүн бири-бири менен ийгиликтүү кызматташуусунун ачык-айкын механизмдерин иштеп чыгуу пландаштырылууда.


Жаңылыктар!‼️

Министр “Катта-Талдык” асыл тукум мамлекеттик заводундагы уяң жүндүү койлордун башын көбөйтүүнү тапшырды


Министр Аскарбек Джаныбеков Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл аймагында жайгашкан “Катта-Талдык” асыл тукум мамлекеттик заводуна барды.
Министр “Катта-Талдык” асыл тукум мамлекеттик заводунун жеринен кабар алып, чарбанын абалы менен таанышты.


Чарбанын жетекчилигине М. Өмүрзаковго асыл тукум уяң жүндүү койлордун башын көбөйтүүнү жана шарт түзүүнү, ошондой эле, меринос койлорун аймакка жайылтууну тапшырды.


Кошумча маалымат: Бул завод кыргыз уян жүндүү кой пародасын өстүрүү менен алектенет. Уяң жүндүү кой пародасынын саны азайып кеткендигине байланыштуу, министрлик уяң жүндүү кой пародасынын ядросун кармап калуу максатында приоритеттүү багытта бир топ иштер пландалууда. Маселен, меринос пародасындагы койлордун канын жаңыртуу максатында Россиядан асыл тукум пародасындагы кочкорлорду алып келүү болжолдонууда.
Бүгүнкү күндө жалпы республикада уян жүндүү койлордун саны 130 миң башты түзсө, анын 2800-3000 ге жакыны “Катта-Талдык” асыл тукум мамлекеттик заводунда.


‼️Жаңылыктар

Келечекте дан эгиндеринин импортуна болгон муктаждыкты жоюуга аракеттер көрүлөт
2021-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков «Үрөндөр» ассоциациясынын президенти Иван Кузьмин баштаган Россиянын делегациясы менен жолукту.
Жолугушуу буга чейин президент Садыр Жапаров баштаган биздин делегациянын Москвага болгон иш сапарында жетишкен макулдашууга ылайык өттү.


Россиядан келген делегация менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы үрөн чарбалардын абалы талкууланды. Кузьмин мырза биздин республикада өсүмдүктөрдүн үрөнүнүн сортторун өзгөртүү, жаңыртуу менен ишти уюштуруу боюнча бир катар сунуштарды айтты.
Ал өлкөдөгү үрөн чарбалардын абалын жакшыртууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Кузьмин мырзанын бул жаатта бай тажрыйбасы бар. Мисалы, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн абдан олуттуу жогорулашы менен бул өлкөлөр импортко көз каранды болбой калышты.
Бүгүнкү күндө алар дан эгиндерин экспортоого өтүштү. Биз ошол эле көйгөйдү чечүүгө жана республика азык-түлүк дан менен толук камсыз болушун, ошондой эле дан эгиндеринин импортуна болгон муктаждыкты жойгондо гана, өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу толугу менен камсыз болот.


Мындан тышкары, “Үрөндөр” ассоциациясынын жетекчиси биздин мыйзамдарды, биринчи кезекте “Үрөн жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү үчүн ал бир катар ченемдик укуктук актыларды алып келди. Бул мыйзам Кыргызстандагы үрөнчүлүктүн мындан ары өнүгүшүнө жакшы таасирин тийгизет.
Мындан тышкары, жолугушууда үрөн чарбасын өнүктүрүү үчүн инновациялык технологияларды колдонуу маселеси каралды.
«Щелково Агрохим» ААКнун башкы директорунун орун басары Александр Пряничников күзгү буудайдын, соянын, буурчактын жана башка өсүмдүктөрдүн заманбап үрөндөрүнүн сортторун көбөйтүү боюнча сунушун айтты.


Биздин үрөнчүлүк чарбалардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Александр Пряничников өзүнүн ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тыгыз кызматташып, жаңы сортторду өндүрүү макулдашылды.


‼️Жаңылыктар

Министри Аскарбек Джаныбеков Сүт кайра иштетүүчүлөр бирлигинин төрагасы менен жолукту


2021-жылдын 23-марттында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков Сүт кайра иштетүүчүлөр бирлигинин төрагасы Сүйүнбек Кадыров менен жолукту.


Жолугушуунун жүрүшүндө бирдиктүү баа саясатын киргизүүгө, бүткүл республика боюнча сүттү сатып алуу баасына, өзүбүздөн өндүрүлгөн, сыртка экспорттолгон сүттүн сапатына жана майлуулугуна байланыштуу маселелер талкууланды.
Ошондой эле, сүттүн майлуулугун, сапатын, логистикасын (ташуу), сүт жана сүт азыктарында антибиотиктерди бирдиктүү негизин түзүү жана комплекстүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу маселеси талкууланды.



Жолугушуунун жыйынтыгында жумушчу топту түзүү пландаштырылууда жана ушул жумушчу топтун иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча министр сүт багытындагы бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу максатында, бардык сүттү кайра иштетүүчүлөрдү, ири сүт өндүрүүчүлөрдү, экспортерлорду жана импортерлорду чогултат.


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Дыйкандар топурактын күрдүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруусу зарыл.

20 last posts shown.

211

subscribers
Channel statistics