Aisuluu Almaz✨


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Новости и СМИ


Кыргызча күндөлүк #кыргызча


Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


10-февраль, 2024
Монреаль

Чыныгы мырза алгач өз балдарынын курсагын тойгузуп, жашоосун белендеп коюп анан башка туугандарына жардам берет…

Чыныгы мырза биринчи жоопкерчилик алып төрөткөндөн кийин балдарын ойлоосу керек да…

“Жолдошум бизди ойлобой тапканын баарын ата-энесине, бир туугандарына берет, балдарым эмне жеп, эмне ичип чоңоюп жатканы менен көп иши жок, бизди ойлобойсуңбу, ушундай квартиралап жүрө беребизби десең алар бир туугандарым, ата-энем дейт, эмне кылам, тажадым, иниси иштебей үйдө жатат, биз багышыбыз керекпи колу-буту аман-соо кишилерди” деген каттар мага күндө келет…

Билесиңерби, үй-бүлөдөгү уруштун көбү финансы маселелеринин айынан келип чыгат.

Аялы, күйөөсү анан балдары - бул бир үй-бүлө. Алгач ушул үй-бүлөнүн баардык кем-карчын толуктап коюп, анан ашса албетте туугандарыңа берсең болот.

Анан кенедей сенин камсыздооңо муктаж балдардын оозунан, колунан алып, колу-буту аман соо, “үй ремонттойм, машине алам, тойго барам, куда күтөм, анан элден калбай дүңгүрөтүп той-аш берем” деген туугандарыңа алып бергениң балдарыңдын келечегин, бактылуу жашоосун бирөөлөрдүн капризине берген болуп жатпайсыңбы…

“Жардам бер, кара” деп финансылык жоопкерчиликти улуу балдарга аябай үйүп коюшат бизде. Бул нерсе Арстан экөөбүздүн да башыбыздан өткөн.

18 жаштан ашкан, колу-буту аман соо туугандарыңа туруктуу түрдө акча, жардам бере берген канчалык туура?

Өзүңдүн үй-бүлөң квартиралап, бирине тартса бирине жетпей, так эле сени толук жаппай үшүткөн кичинекей жууркандай болуп турса…


Инстаграмда тарыхчаларда көп ойлорумду жазып бөлүшөм, анан дайым телеграм каналыма бөлүшпөй калганым үчүн капа болуп калчу элем.

Эми ойлорумду дароо инстаграмда эмес, телефондун эскерүү дептерине жазып, силер менен да өзүнчө бөлүшүп турайын дедим.

Мен, жана ойлорум менен болгонуңарга рахмат❤️


9-февраль, 2024
Монреаль

Эмне үчүн кыздар, келиндер, жалпы эле аял укуктары тууралуу көп жазам?

Баракчам күндөн-күнгө өсүп, жаңы бөлүшүп жаткан видеолорум жалпы калкка жайылып, “бул кайдагы феминист” деген сымал комментарийлерди алып жатам…

анан баракчама кош келген жаңы окурмандарыма, киммин, эмне үчүн кыздардын, келиндердин, айымдардын биздин коомдогу ордун улам-улам айткым келет, бир аз түшүндүрүп айтып берейин дедим…

себеби тул темалардын менин жүрөгүмдө орду чоң…

1991-ж. Көлдүн Ак-Суу районундагы Отуз-Уул айылында туулгам, башталгыч классты биздин айылдагы мектепте окугам.

Сүрөттө жаңылбасам, 3-класста окусам керек эле, бир күнү Бишкектен окуйм деген кыялдар да мен үчүн мүмкүн эместей сезилген, ал тургай Бишкекке да барып көрө элек Отуз-Уулдук кичинекей бала кезим экен…

Менден 2 жаш кичүү иним бар, мен 1 жашта, иним курсакта кезинде папабыз унаа кырсыганан каза болуп, мамабыз кайра жаңы турмуш курбай, бизди чоң-эне, чоң-атабыздын жанында чоңойтууну тандап,

атам, энем, мамам, иним жана мен болуп, бешөөбүз чогуу бир үй-бүлө болуп чоңойгонбуз. Азыр энем, мамам биздин айылда турушат, атамдын өтүп кеткенине 10 жылдан ашты…

Акыркы 10 жылдан бери чет өлкөдө жашаганыбызга карабай, таза кыргызча сүйлөп, кыргыз тили сакталып калсын деп күйүп-бышып жүргөнүмө энем, атамдын көкүрөгүмө кондурган кыргызчылыкка болгон сүйүүсүнүн салымы чоң…

Дайыма аракетте болуп, эмгек кылып туруу керек, эмгек кылсаң анан максаттарыңа жетесиң деген түшүнүктү, кулк-мүнөздү мамамдан алдым деп ишенем.

Себеби айылда жашаганыбызда карабай мамам айылда алгачкылардан болуп тонналап сүт алып, чакан тамак-аш саткан дүкөн иштетип, жер иштетип, мал багып, айылда жасала турчу ишкердиктин баарын кылып көрдү.

Учурда дагы дыйканчылык менен алектенет, чакан чарбагы, малы бар.

Жайлай талаада картошка себип, отоп, уй саап, бакчадагы өсүмдүктөрдү сугарып, карап, үй-жыйнап, тамак жасап, дегендер менен алектенип жүрүп өтчү каникулумдун баарысы.

Анан мамам көп жыл бою айылдагы жеңелердин эртең менен, кечинде эки маал сүтүн алып, сүтүнүн акчасы сүт заводунан айдын аягында келгиче дүкөндөн тамак-аш жазып берип, күндө ондогон жеңелер менен сүйлөшүп, алардын дартын угуп, жеке финансы кеңешин берип, баарына бирдей көңүл буруп карачу…

Айылдагы жеңелерим, келиндер, кайын журту менен, күйөөсү менен уруш-талаш болгон сайын мамама келип арызданып, ыйлачусу ыйлап, мамам сооротуп, алаксытып, кетирээр эле…

Бир жолу кошуна жеңе “мени сабап жатат” деп биздикине чуркап келгенде, мамамдын барып, байкебизди “аял сабаганды кайдан үйрөндүң, колуң сынгыр” деп урушканы эсимен кетпейт.

Жеңелердин мамама келип арызданып айтып жаткан көйгөйлөрүнүн баарын укчумун… эмнеге ушундай? эмнеге, эмнеге деген суроонун баары жаралчу…

Сырттан сонун жашап жатат деп көрүнгөнү менен биздин коомдо аял болгон абдан оор…

Кыздын кыялы барбы, ким болгусу келет, кандай жашоону каалайт деп сурабайт көпчүлүк үй-бүлөдө.

Калыптанып калган “жакшы келин бол, күйөөңө, кайын журтуңа кызмат кыл” деген тарбиянын жыйынтыгын баарыбыз эле көрүп жатпайбызбы…

Мен ошол тарбиянын жыйынтыгын бала күнүмдө ыйлап келип жаткан жеңелеримдин көз жаштары менен көрүп чоңойгом…

Азыр жүздөгөн каттарды алып, кыздардын, келиндердин эч кимге айта албаган көкүрөк дарттарын окуп, бул айымдардын үнүн жалпы калкка чыгарып, көзүн ачпасам болбойт деп ойлойм дайым…

Ошол үчүн бөлүшкөн контентимдин көбү көмүскөдөгү биздин айымдардын эч ким айтпаган көйгөйлөрү, ден сак мамиле, моралык-эмоционалдык жетилүү, адамгерчилик, адамдык баалуулук туурасында…

Чет өлкөдө жашоо, баланча жерде окуп, баланча жерде иштеп кыйраттым деген сымал салттуу контент жасасам баракчам чынында эбак учмак…

Бирок сандан да сапат, коомду агартып, бир адамдын болсо да жашоосун жакшыртканга салым кошо алган маанилүү да…


5-февраль, 2024
Монреаль

Эне баласын “баламдын өз жашоосу бар” деп коё бергенди үйрөнүүсү керек экен…

Балам 2,5га чыгып, оюн айтканды үйрөнүп, “мен” деген өзүн таануу, кабыл алуу түшүнүгү пайда болуп, “мун жейм, жебейм, муну кийбейм, азыр алдыңа отурбайм, ойнойм” деп көп нерсеге өзү чечим кабыл алып, энем айткандай “атайы эле киши” болуп калды.

Энелердин баарына эле тааныш сезим, эне баласы үчүн чоң бир дүйнө, өзгөчө эмчек эмизип жатканыңда, ушундай мээрим, сүйүү менен карайт, мени да дүйнөдө ушунчалык жакшы көргөн адам болобу деп өзгөчө сезимдерге балкыйсың.

Анан балаң эмчектен чыгып, оюнун баарын эле оюн болуп жатканда балаңа баштагындай керегиң жок болуп калат экен. Баягыдай алдыңда отуруп, каалашыңча өптүрбөй да калат экен.

Баламдын чоңоюп, өз жашоосу башталып, кызыкчылыктары пайда болуп, кечке эле мени этектебей, өз алдынча ойногонду жактырып жатканын башта кабыл ала албай, балам мени жакшы көрбөй калдыбы, балама керегим жокпу бүттү деген сымал сезимдер пайда болуп, денем титиреп кетип жатты.

Анан ойлосом, баланын өз жашоосу кичинекей, эмчектен чыккан кезинде эле башталат экен да. Ата-эне, өзгөчө эне, балага үйпөлөктөй эле бербей, баланын жеке чек арасын сактап, баласынын энесинен көз карандысыз дүйнө тааныганына мүмкүнчүлүк түзүп берүүсү керек экен.

Азыр балам маал-маалы менен сагына калганда өзү эле келип, кучактап, эркелешебиз да, сагынчы тараары менен кайра ойногон оюндарын улантабыз, же өзү ойнойт.

Көрсө эне баласынын өз жашоосу, дайым эле энесин этектей бербей, өзү чечим кабыл алып, бир күнү өз алдынча жеке жашоосун курат деген түшүнүктү баласы кенедей кезинен мээсине сиңирип, баласынан бөлүнгөнгө өзүн тарбиялап баштоосу керек экен.

Өзүңдү тарбиялабасаң анан балаң отузга, кыркка чыгып, закыйган киши болсо да келиниңен кызганып, “баламдын башын айлантып алды, келин желмогуз да болбосо балам жакшы болчу” деп келин колуңдан оюнчугуңду тартып алган баладай таарынып, өзүңдү эле эмес, балаңды, балаңдын үй-бүлөсүн да беймаза кылып жүрүп өтөт окшойсуң…


Кутман кеч,

Азаттыкта өткөн жумада сонун актуалдуу темада талкууда конокто болгом,

Окуп, аудиосун угуп койсоңор абдан кубанып калмакмын😘

https://www.azattyk.org/a/ene-tildueue-erkin-muundu-kantip-tuptoybuz-/32800191.html


3-февраь, 2024
Монреаль

Сени каалаган менен адам катары баалаган жигиттин айырмасы бар…

Калжаңдап кыздарга тийишип, тааныса тааныбаса да “кандайсың сулуу кыз” деп жаза берген качанкы замандан бери эле күндемде…

Өзгөчө жаш кезиңде, турмуштун бир топ чындыгын түшүнө электе, кыз-жигит таанышып, сүйлөшүп баштаганда кыздар, “бул жигиттин адаттагы сексуалдык обьекти эмесминби, мени адам катары баалап жатабы” деп жигиттин жасаган аракеттерине, айткан сөздөрүнө маани берип, анализдегени абдан туура.

Эсимде илгери студент кезде бир жигит менен таанышып, экинчи жолугушуубузда, жайында балким Түркияга группалаштарым менен стажировкага барып келейин деп аракет кылып жатам десем, “сен келечекте аял, эне болосуң, сага 1 айлык стажировканын эмне кереги бар, кыздар жөн эле жакшы жигит таап алуу үчүн эле окуса болот, андан кийин баары бир үйдө болот да” дегенин угуп, ошондон ары ал жигит менен байланышпай, азыр ойлосом өзүмдү алдын ала куткарып калыптырмын…

Химия деген нерсе болуп жигитти сыртынан жактырып калсаң да, бул адам менен өзүмдү өмүр бою жашаганымды элестете аламбы, бул жигит мени адам катары сыйлап ойлорумду маани берип угуп жатабы, дүйнөгө болгон көз карашыбыз, негизги баалуулуктарыбыз дал келеби деп анализдеп анан мамилени уланткан адбан маанилүү.

Адамды сыртынан жактыра берген оңой, химия деген нерсе боло берет дайым эле, бирок ал адамды сезимдериң эле эмес, акылың да туура деп жатабы деп өзүң менен кеңешип турганың абдан маанилүү…

Сени жактырып, ашык болуп жатам дегер менен сени адам катары баалагандын айырмасы бар себеби…




30-январь, 2024
Монреаль

Адам эмне үчүн түгөйүнүн көзүнө чөп салат?

Үй-бүлөсү туруп ойнош күтүп, түгөйүнө, бала-чакасына терс таасирин тийгизип жаткандар тууралуу дайым эле жазып келем.

Анан ойнош күтүүнүн, түгөйүнүн көзүнө чөп салуунун себеби эмне, эмне түрткү болот деп изилдеп көрсөм, окумуштуулар төмөндөгү негизги 8 себепти белгилешиптир:

1. Сексуалдык каалоо
2. Ачуулануу
3. Сүйүүнүн жетишсиздиги
4. Кайдыгерлик
5. Жоопкерчилик сезиминин болбогону
6. Ар кандай кырдаалдар мисалы мас болуу, эс алууда жүрүү
7. Эго, өзүнө ишенич издөө
8. Ар түрдүү адамдар менен болууну каалоо

Мен аябай ойлонуп калдым, терең казсаң жогорудагы себептердин көбүнө бала кезден сүйүүгө мээримге тойбой, өзүнө ишенбей, башкага салыштырылып чоңойгон аз келгенсип, дени сак мамиле деген эмне деген түшүнүктү ата-энелерден, айланадагы чоңдордон тыңгылыктуу үлгү албай чоңойгондун кесепети экен.

Бул туурасында кечинде ютуб каналыма видео тартабыз кечинде кеңири айтып берем.

Силер дагы кандай себептер болуусу мүмкүн деп ойлойсуңар?


29-январь, 2024
Монреаль

Жалбырак бактан ушунчалык тажаганы үчүн, саргарып жерге түшүп калуусуна күз жөн гана шылтоо болгон экен…

Эч бир адам кийин барып ажырашайын деп үй-бүлө курбайт. Жакшы көрүп үйлөнгөн соң, дени сак, бактылуу мүнөттөрдү өмүр бою чогуу өткөрсөм экен, балдарыбыздын мээримдүү ата-энеси болсок экен деп тилек кылат башта баары.

Бирок турмуш чындыктары, үй-бүлөлүү, бала-чакалуу болуунун жоопкерчиликтери бетке чапканда, кайын журттун баары кошо төшөгүңө чейин аралашып кирип алганда “кел кеңешип оокат кылалы, бир-бирибизди баштагыдай колдогонго аракет кылалы, чогуу өнүгүп-өсөлү” дебесе, үй-бүлө так бактагы жалбырактар сымал саргарып, ыйламсырап, күздү күтүп, күз келсе эле жерге түшөт элем, ушул беймаза мамиледен кутулат элем деп калат…

Кандай кырдаал болбосун эң негизгиси экөөбүз чогуубуз да, деп оокат кылабыз мисалы жолдошум Арстан экөөбүз.

Илгери эсимде, Стамбулда жаңыдан үйлөнүп, турмуштун болгон жүзүн абдан көрө элек кезибизде, шаар кыдырып жүрүп, үйгө кетели деп жаңылбасам 46 же 47-автобусту күтүп отуруп, ал кечке келбей, мен качан кетебиз деп наалып баштаганда Арстан, “кетебиз азыр, эң негизгиси экөөбүз чогуубуз да” дегени такыр эсимен кетпейт.

Анын сыңары, мамилелерде дайым ысык-суук абалдар бирге жүрөт, анан суук убактарда “бул дагы өтүп кетет, эң негизгиси экөөбүз чогуубуз да” деп баягы сөздү эстеп бир-бирибиздин көңүлүбүздү кубаттап калабыз.

Кээде аябай жиниң келгенде “чогуубуз да” дегиң келбей кетет, бирок мамиленин өзөгүн, бутагын улам сугарып, карап турбасаң, жалбырактар күз келсе түшөт элем жерге деп камданып калат да.

Өзөгү күчтүү дарактын, күз келип жалбырагы түшкөн күндө дагы жазда кайра бүчүр байлап жалбырак өстүргөнгө кудурети жетет…

Куру намыс, текеберчилигиңдин айынан мамиле дарагыңдын өзөгүнө чейин кууратып, кургатып салсаң айла жок…

Тартасың анан азабын…


Замандаштар салам🫶

Балакомго өзүнчө Тикток баракчасын ачтык, жакында бала тарбиялоо боюнча сонун видеолорду бөлүшүп турабыз.

Кошулуп, колдоп турсаңар абдан сонун болмок 🫶

https://vm.tiktok.com/ZM6sdSCLJ/


Эркин суроо-жооп.

Эфирде төмөндөгү суроолорго жооп бердим:

1. Эч бир эркек жакпай жатат, үйдөгүлөр турмушка чык деп кыйнап жатышат

2. Жолдош тандоодо акылы маанилүүбү же камкордук түшүнүгүбү же жашыбы?

3. Турмушка чыгууда кандай кеңеш бере аласыз? Эң маанилүүсү эмне?

4. Жалгыз бой энелерге кеңешиңиз.

5. Кайненем күйөөмдөн акча талап кылат, алып той-ашка барат. Балдарыбызга, тамак-ашка акча калбай калат кээде.

6. Күйөөм апасынын баласы, кандай сунуштарды бересиз?

7. Жөнөкөйлүгүңүздүн сыры эмнеде?

8. Ажырашып кеткенмин, кызым үчүн өзүмдү күнөөлүү сезем, кийин кантип түшүндүрөм?

9. Баардык нерседен үмүтүңүздү үзүп, мотивацияңыз жок калган учурлар болобу?

10. Жолдошум кайра-кайра ажырашам деп айта берет, эмне кылсам болот?

11. Акылың менен ойлонуп, сүйбөй тийгенге кандай карайсыз?

12. Кечирүү жөнүндө айтыңызчы, бирөөлөрдүн мага кылган мамилесин унута албай кыйналам.

13. Англис тилин үйрөнүүмө мотивация берип коюңузчу.

14. Чет өлкөдө иштеген кандай?

15. Чон адамга сүрөт боегон кандай таасир берет?

💌 Инстаграмда бүгүн ушул суроолорго түз эфирде жооп бердим, көчүрүп алайын десем болбойт экен.

Убактыңар болсо инстаграмдан көргүлө э🫶






22-январь, 2023
Монреаль

Өзүмдү сүйүүдө мага жардам берген 7 кадам...

1. Өзүңдү таануу:

Сезимдериңди, ойлорунду, аракеттериңди өзүң менен өзүң калганда ойлонуп, өзүңдү сыртыңдан, күзгүдөн караган сымал көзөмөл жасап таанып баштоо.

Акыркы 4-5 жылда улам көчө турчу жер калбай, "бир жерде отурукташып жашайлычы эми" дегенден баштап өзүмдү, мен кандай адаммын, айланамдагы, жашоомдо болуп жаткан окуялар мага кандай сезим калтырып жатат, а мен ал сезимдерге кандай жооп берип жатам, эмоционалдык жактан канчалык деңгээлде жетилгем деген сымал өзүмдү анализдөө менен өзүмдү таанып баштадым.

2. Өзүңдүн нукуралуулугуңду көрсөтө билүү:

Өзүңдүн табигатыңа, баалулуктарыңа, жашоого болгон көз карашыңа жараша баардык жерде, баардык элдин алдында чыныгы өзүң боло алуу.

30 жашка жакындап калганда адамга өзгөчө эс акыл кирет окшойт, алгач өзүмдү анан айланамдагыларды алдап, адаттагы жакшы кыз, элдин баарына жагам деп көрсөткөн образымдан чыгып, чыныгы нукуралуугумду уялбай, жаап-жашырбай көрсөтө баштадым. Мисалы ушул баракчам менин, жан дүйнөмдүн күзгүсү, менин улам убакыт өткөн сайын рухума, нукуралуулугума жакындап жатканымды көрсөтүп, чагылдырып турат.

3. Өзүңө кам көрүү:

Денеңе, мээңе, менталдык абалың, жан соолугуңа кам көрүү.

Төрөгөндөн кийин ден соолугумдун мурдагыдай болбой бир аз начарлап, эске тутуум жакшы болбой, мурдумдун үстүнө кара чекиттер чыгып, жан соолугум чарчагандан жабыркап жатканын байкап, өзүңө кам көрүү темасында аябай издендим. Бетиме кам көрүү, жеген тамагыма маани берүү, денеме кыймыл аракеттерин кошуу, мээмди негативдүү маалымат жана энергиялардан коргоо деген сымал аракеттерди талбай жасап жатам, бир тобу адатка айланып бара жатат.

4. Өзүңө ишенүү:

Жашоонун сунган өйдө-төмөндөрүндө абалдан чыгып кете алам деп өзүңө ишенүү.

Эл аралык карьерам, азыркы колумдагы мүмкүнчүлүктөр кокусунан эле келип калгандай, мен буларга татыктуу эмесмин, эртең баланча окуя болуп кетсе эмне кылам деп бушайман боло берчүмүн. Акыркы 2 жылы ушунун баары жан талашып талбай кылган эмгегимдин жыйынтыгы, кандай күн болбосун, өзүңө кайгырып алганга бир аз убакыт жана мүмкүнчүлүк берип коюп таштаган жерден туруп улантуу керек экенин түшүнгөндөн кийин өзүмө башкача, күчтүу ишенич пайда болду. Өзүңө ишенсең анан айланаңдагылар менен дени сак мамиле кура баштайт экенсиң.

5. Өзүңө аяр мамиле жасоо:

Өзүңө аяр, боорукер мамиле жасоо, өзгөчө асманыңды булут каптап турган убактарда.

Качан кайгырбайын "карачы баланчаны, ага караганда абалың жакшыраак го" деп сезимдериң көмүскөдө жашаган коомдо чоңойгонго, жумушта же үйдө бир жагымсыз окуя болгондо, өзүмдү күнөөлөп, жемелеп, жеп салат элем. Азыр өзүм менен достошуп, ар бир адамдын арманы өз алдынча, бирөөнүн кайгысын бирөөгө салыштырганга болбойт дегенди түшүнүп, өзүмө аяр мамиле жасаганды үйрөнүп жатам.

6. Өзүңө сый урмат менен мамиле кылуу:

Өз баркыңды билип, айланаңдагылар менен дени сак чек араларды куруу.

Өзүңдү алгач өзүң сыйлабасаң башка ким сыйлайт? Алгач өз баркыңды билбесең ким билет сенин баркыңды? Мен бул нерсени, мындай мамилени өзүмө ыраа көрбөйм деп, мага жакпаган бир нерсе болсо акырын ачык эле айтып, жеке чек арамды койгонду анан коргогонду үйрөнүп жатам.

7. Өзүңдү кабыл алуу:

Табигатыңды, нукуралуулугуңду кучакта, өзгөчө өзүңө жакпаган келбетиңден болобу, кыялыңдан болобу, шартсыз кабыл ал.

Өзүңдү кабыл алуу эң алгач денеңди шартсыз кабыл алуу менен башталат. Рухуңду ташыган өз денеңдин ичинде өзүңдү рахат сезсең анан рухуңду кыбал алуу мүмкүн менимче. Күндө туруп боенбой калуум, элге жаксын деп эмес, өзүмө ыңгайлуу, жаккан кийим кийгеним өзүмдү кабыл алуунун алгачкы тепкичтери болду. Учурда өзүмө жакпаган кээ бир кыял жоруктарым, мисалы таарынчаак, кекчил сапаттарымдын үстүнөн иштеп, эмоционалдык жактан дагы да жетилгенге аракет кылып жатам.




Кутман кеч🌙

Түгөйлөрдүн бир убакта ашык болгон түгөйү менен чогуу отуруп, сүйлөшө албай калган абалга келип калганы балалуу болгондон кийин аябай билинип, анан кой дени сак мамиле курганга аракет кылайын дейт экенсиң.

Ушул темада аябай маанилүү тирүү мисал айтып бердим.

Убакыт бөлүп көрүп койсоңор э🫶

https://youtu.be/xPNGTN5g70g?si=iq6Rt3LwgaL3d5Zr


Сыртыңан сени көркөм көрсөткөнү менен чыгармачылык чоң түйшүк экен…

Былтыр Бишкекке барганда сүйүктүү жазуучум Зуура Сооронбаеванын китебин алып, биринчи бөлүмүндө кыскачалап жазылган өмүр баянын окуп жатсам, жазуучунун алгачкы проза түрүндө чыгармасын жазып, кеп-кеңешин угайын деп улуу жазуучу Түгөйлбай Сыдыкбековго кайрылса “кызым сен прозаны эмне кыласың, андан көрө ырларың жазып жүрө бер, себеби аял кишиге проза жазуу оор” деп айткан деген жерин окуп, аялдын жазуучулук колунан келбейт деп эмнеге басынтат деп аябай капа болдум эле…

Алгачкы күндөлүктөр жыйнагымды басмаканага жиберип коюп, эми көлөмдүү чыгарма жазайын деп чыгарманын каармандарын, айткым келген, коомго жеткизгим келген негизги пикирди кандай, кайсы окуялар аркылуу жеткизсем деп ойлонуп жүргөнүмө бир канча ай болду…

Оргуштап келген ойлорду, каармандардын элесин кагазга жазып түшүрө калайын дегенге, жумуш, тиричиликтин айынан шартың болбой калат экен.

Эч кимдин эмгегин басынткым келбейт, бирок проза жазуу, адабияттагы эң оор, талбай көп эмгек талап кылган жанр экенине көзүм жетип, Түгөлбай Сыдыкбеков биздин коомдогу аялдын жонуна асылган жоопкерчиликтин көп экенин көрө билип, кесибин, тиричиликти, ага кошуп жазуучулукту бирге алып кеткенден кыйналып калбасын деп Зуура Сооронбаева, ал убактагы жаш энени жөн гана аяган окшойт деп калдым…

Кайын журт, үстүмдө келиндик татаал жоопкерчилик жок абалда да эне болууну, түгөйүсө жолдош болууну, күнүмдүк финансы дүйнөсүндөгү кесибе кошуп жазуучулук өнөрүн аркалагым келгенин бир-бирине айкалыштырып чогуу алып кетүү ушунчалык оор болуп жатат.

Көлөмдүү чыгарманы коюп, салттуу күндөлүктөрүмдү жазганга 300дөн ашык тема жазылбай жатат, баарына качан жетишем деген суроо мен чынында жеп коймой болду…

Кээде мээмди алып чыгып, муздаткычка салып коюп эс алдырып, баарына кантип жетишем деген суроону бир саатка болсо да өзүмө бербей жашасам деп ойлонуп кетем…

Эмнеге аял жазуучулар аз, эмнеге чыгармачылык менен алектенгендин көбү мырзалар дей берчү элем…

Көрсө аял болуунун өзү татаал экен да, анан буга чыгармачылыкты кошуп көр…






9-январь, 2023
Монреаль

Кыздарды алгач өз энеси түшүнбөсө ким түшүнөт?

Кыздарды кайнене, кайнеже, кайын сиңдисине жеткизбей эле өз энеси да кордоп коет экен…

Акыркы 2-3 күндө энеси менен болгон беймаза мамилесинин айынан жан дүйнөсү жабыркап, алды психологдорго көрүнсө болбой өзүнө келе албай жаткан айымдардын каттарын окуп өзүмө келе албай жатам…

Кызынын рухун коюп, келбети, чачы, бети, денеси да дүйнөлүк сулуулук стандартта болуп, кызы элдин кыздарынан ашып, эл көзүнө ажайып үлгү болсун деген талапты коюп, талаптары аткарылбаса кызынын 3-4 балалуу эне, чоң аял болгонуна карабай моралдык зордук-зомбулук көрсөтүп жаткан энелер чачтан көп экен…

Сенин колуңан келбейт, жүдөгөн, байкуш деген сөздөр эле эмес, чоң аял болгон кызын күйөөсүнүн көзүнчө чачтап сабаган энелер бар экен…

Кыргызда кыздын төркүнү ыйык деп, кыздын кандай кырдаал болбосун аркасында төркүнү болуусу керек деген түшүнүктү кастарлашчу.

Анан кыздын энесинен өткөн төркүнү барбы?

Эгер энең сени колдобосо, күйөөң ойнош күтсө, урса, басынтса, кайненеңе жакпасаң да өзүңдү күнөөлөп турган энең болсо кантип өзүңө ишенесиң?

Зордукчулдун, бир алдамчынын курманы болуп боюнда болуп калган кыздардын баласын төрөп таштандыга чейин таштаганга аргасыз болуп жатканы, эң оор күндө кайрылып бара турчу, түшүнүп колдой турчу төркүнүнүн чын-чынына келгенде жок турбайбы деген түшүнүк мага эми жетти окшойт…

Ата-энеден муундан-муунга кайгы, беймаза мамилелерди эмес, эскерип урпактарыңа айтып берчү жакшы сөздөрдү, руханий байлык болуп сени бага турчу жылуу сезимдерди мураска алган дүйнөгө келсек…

Показано 20 последних публикаций.