Чөйрө


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Технологии


Жаратмандар жолугушкан, ой-пикирлер талкууланган жана идеялар ишке ашкан жер choyro.com


Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Технологии
Статистика
Фильтр публикаций




Демокүн аяктады

Достор өзүңүздөр билгендей, биз кечөө 1-октябрда демокүндү өткөрдүк. Конкурстун шарттарына ылайык добуш берүүлөр чөйрөдө өткөрүлдү жана түнкү саат 23:59 да токтотулду. Жыйынтыгында орундар төмөндөгүдөй ирээтте аныкталды:

1-орун Нур Йога
Жылдыз Кыдыралы, Бретань, Франция

2-орун Күч ичиңде. Мотивация
Ырысгүл Жыргалбекова, Абу-Даби, БАЭ

3-орун KG накта азыктары
Динара Бейшебаева, Нарын, Кыргызстан Гулбубу Тилекматова, Нарын, Кыргызстан
Назгул Абдыкеримова,Ысык-Көл, Кыргызстан
Элиза Мырзабек кызы Суусамыр, Кыргызстан

3-орун Чет өлкөдө иштөөгө! Чет өлкөдө окуу!
Жылдызкан Каримова Ош, Кыргызстан

Ачык-айкын өткөрүлгөн конкурстун негизинде сыйлыктар ээлерин татыктуу тапты.

Ар бириңиздерди татыктуу жеңишиңиздер менен куттуктайбыз!

Сиздин аракетиңиз, окуу ишиңиз жана ийгиликке жетүү каалооңуз көз жаздымда калган жок. Биз сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз.

Сиздин бул курска катышууңуз жана жеңишиңиз, талантыңыз менен өжөрлүгүңүздү татыктуу баалоо гана эмес, маалыматтык технологиялар дүйнөсүндөгү жаркын келечекке болгон алгачкы кадам, алгачкы жетишкендиктер болуп саналат. Сиз мындан да бийиктиктерди багындырып, IT тармагына көптөгөн инновацияларды алып келээриңизге ишенебиз.

Сынакка катышкан баардык талантуу окуучуларды дагы бир жолу куттуктайбыз жана IT тармагында ийгиликтүү карьера, көптөгөн кызыктуу долбоорлорду жаратуу менен чексиз эргүү каалайбыз!


Жылдыз Кыдырали: «Нурлуу жүз жан дүйнөнүн гармониясы!

Саламатсыздарбы чөйрө порталынын мүчөлөрү!

Эч кимден жардам күтпөй, өз күчүнө, билимине таянып иш баштаган жаратмандардын арасына кош келиңиздер!

Окуйм деп билимге суусап турган мекендештерибиздин башын бириктирип, кыргызча IT ни эле окутпастан, дем, күч берип алдыга сүрөп келе жаткан Азамат агайга терең ыраазычылык билдирем!

Агай канчалаган адамдардын талантын ачып, жардам берип, болгон билимин аябай, өлкөбүздүн өнүгүшүнө тоодой салым кошуп келе жатат! Билимдүү адам менен коом өнүгөт, коом өнүксө, өлкөбүз да прогрессти көздөй жылат.

Курс башталганына бүгүн туура бир ай болот. Отуз күн аралыгында IT ни билбей келген адамдар кандай ийгиликтерге жетишти, бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 21.00 дө күбө болосуздар. Конкурска 12 адам 7 презентациясы менен катышып жатышат.

Алардын арасында 4-катарда мен да адамдардын жүздөрүнө нур тартуулоо максатында жасаган сайтым, презентациям менен катышып жатам. Бул шилтеме аркылуу кирип:

Чөйрө - No. 4

менин долбоорумду колдоп лайк 👍🏼басып, астына ой-пикириңизди да жазып коюңуз!

Үйдөгү апаларыбыз, аталарыбыз, бир туугандарыбыз жаш, жүздөрүнөн нур тамып турган, көңүлдөрү куунак, позитивдүү болсун десеңиздер, менин долбоорумду колдоңуздар! Биз абонемент алып спорт залдарга жазылбай, спорттук кийим сатып албай эле, үйдөн олтуруп алып йога менен машыгабыз! Болгондо да беттин йогасы менен! Ал эмне деп жатсаңыз жогорудагы шилтемеге кирип менин сайтым менен таанышып чыксаңыздар болот.

Долбоорду бүгүн презентация кылып өз сөзүм менен айтып берем.

Келиңиздер, биргеликте жан дүйнөбүзгө гармония тартуулайбыз!

Колдооңуз үчүн ыраазычылык билдирем жана ар бир группалашыма ийгилик каалайм!»


Урматтуу достор,

биздин IT демилге курсубузда 1-Октябрь Бишкек убактысы боюнча саат 21.00 дө Zoom аркылуу 12 катышуучу 7 презентациялары менен ат салышышат! Сизди официалдуу түрдө чакырабыз. Чөйрө платформасына кирип, лайк басып өз добушуңузду көңүлүңүзгө жаккан долбоорго бериңиз! Уткандар үчүн маанилүү сыйлыктар берилет.

1. Чет өлкөдө иштөөгө! Чет өлкөдө окуу!
Жылдызкан Каримова Ош, Кыргызстан
https://choyro.com/news/p/3544/

2. Кыргыз тил курсу
Мираида Ниазбек кызы Нарын, Кыргызстан
Айдана Абдыкериова Мюнхен, Германия
Асия Ерматова Мюнхен, Германия
https://choyro.com/news/p/3545/

3. Менин кыялымдагы жоолук
Байма Оморбекова Бишкек, Кыргызстан
https://choyro.com/news/p/3546/

4. Нур Йога
Жылдыз Кыдыралы Бретань, Франция
https://choyro.com/news/p/3547/

5. Дизайн ой жүгүртүү
Нуриза Абдилазиз кызы Мюнхен, Германия
https://choyro.com/news/p/3548/

6. Күч ичиңде Мотивация
Ырысгүл Жыргалбекова Абу Даби, ОАЭ
https://choyro.com/news/p/3549/

7. KG накта азыктары
Динара Бейшебаева Нарын, Кыргызстан
Гулбубу Тилекматова Нарын, Кыргызстан
Назгул Абдыкеримова Ысык-Көл, Кыргызстан
Элиза Мырзабек кызы Суусамыр, Кыргызстан
https://choyro.com/news/p/3550/


Чөйрө - иштейт! IT Демилге курсунун катышуучусу Байма айым азыр эле Чөйрө аркылуу биринчи кардарларды таап алды, алкыш! Биз кайра-кайра айтып атабыз, айти оңой, бир айдын ичинде эле каалаган нерсени жасап, иш баштаса болот. Кыялдар оорундалат деген ушу. Эң негизгиси ички ой-максаттарды изилдеп, кичинекей кадамдардан баштап, байланыштарды түзүү керек. Калганын айтинин жардамы менен жарыка чыгарса болот!

https://choyro.com/members/baimaomorbekova/activity/3508/




Турат Алыбаев: Жумуш сени издеген IT адиси бол!

IT агартуучу, мотиватор, кумурскадай эмгекчил Турат Алыбаев агай менен кызыктуу маек курдук. Ал бизге өзүнүн курстары кантип түзүлгөнүн, кандай кыйынчылыктарды басып өткөнү жана эң негизгиси Баткенде IT компания ачуу максаты менен бөлүштү.

Талкууланган темалар:

02:14 Турат агайдын 16-курсу тууралуу
02:40 Тил-Бил долбоорун кантип баштаган
04:45 Адам кыялын чектебеши керек
05:15 Баткенде 500 адамга ылайык чоң офисибиз болот
06:35 Айды алып берем деп адамдарды алдабайбыз
08:18 Курсту бүткөн адамдарды жумушка орноштура албайбыз
09:05 Мотивациясы түгөнүп IT ни таштап койгондор
10:04 IT демилге курсу тууралуу
15:02 Чөйрө жөнүндө, кантип жумуш табабыз
20:49 Чөйрө тиркемеси
27:33 Жумуш сени издеген, ишти майын чыгара жасаган адис бол
33:40 IT де акча жакшы төлөйт, үйдө отуруп иштесе болот
34:36 Өзүңдү изилдеп анан ишти башта
36:28 Чөйрө баарыбызга керек
37:58 Жакшы иштер жаздын күнкү кардай жабышып кете берет
40:19 Сеники болбойт деп басынткан адамдар да болду
45:20 Менин талантым бар командаңарга алгыла




Ильгиз Камбаров: Жашыл Альянс Кыргызстан

Орто Азиянын беш мамлекети кирген «Орто Азиядагы жарандык коомдун климаттык сети» бирикмесинин кыргызстандын атынан мамлекеттик координатору Ильгиз Камбаровду маекке тартып, бирикменин максаты, милдети, багыттары тууралуу сүйлөштүк.

0:55 Бирикменин жаралышы, максатары, долбоорлор тууралуу кыскача маалымат
4:29 Кыргызстандагы “Жашыл Альянс” уюмунун тарыхы, мүчөлөрү
10:20 Доскредобанк аркылуу сарамжалдуу технологияны насыялоо, жашыл аблигация, жашыл долбоорлор
12:01 Мамлекеттик “Керемет банк”менен жашыл принциптерди киргизүү алкагында иштерди алып баруу
12:44 Жаштар коому “Жердин балдары” долбоору, жаштар менен ири долбоорлорду, конференциялары өткөрүү
13:11 Мамлекеттик позицияны даярдоо КОП-26,КОП-27,КОП-28
13:47 Мамлекеттик уюмдар менен тыгыз байланышта иш алып баруу
14:20 Эл аралык коом менен ой пикир алмашуу, тажрыйба алмашуу
16:49 Чөйрөдөгү эки долбоор тууралуу
18:30 МОМ, “Жашыл Альянс” аркылуу эки долбоордун тандалышы жана аны ишке ашыруу жолдору
19:50 “Ашар”, “Чөйрө” платформасы аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу
21:06 Чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандарын жашыл экономиканы өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүго чакыруу
24:53 Долбоорду ишке ашыруудагы жоопкерчилик, колдоого чакыруу, социальдык сеттер аркылуу байланышуу


Сиздин кызыктуу жаңылыгыңыз менен социалдык тармактарыбыздагы активдүү, чоң аудиториябыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Болгону биздин Чөйрө порталыбыздагы Чөйрө Медиа группасына маалыматыңызды жазып калтырыңыз. Биз аны скриншот кылып, карап чыгып, эгер биздин баалуулуктарга дал келсе, сонун пост кылып чыгарабыз. Биз аркылуу дүйнөгө маанилүү окуяларыңыз тууралуу айтыңыз жана биздин порталдан жылдызыңызды жандырыңыз!

https://choyro.com/groups/choyromedia/


Саламатсызбы,

сиз билгендей, биз азыр IT Демилге курсунун үстүндө иштеп жатабыз. Ал жакта Кыргызстанга жана кыргызстандыктар үчүн ITге кадам таштоого жардам берип, ар кандай керектүү көндүмдөрдү жана аспаптарды үйрөтүү менен бирге, пайдалуу, эң негизгиси, эне тилибизде долбоорлорду жасап жатабыз.

Курстун катышуучуларынын 80 пайызын, окууга ынтызар апалар, окуу менен жумушту бирдей алып кетем деп тырышып окуган эже-карындаштар, үй-бүлөө түйшүгүн бирдей көтөрүп, IT ге болгон кызыгуусу менен алдыга умтулган жаш энелер түзөт.

Ушул жекшемби-дем алыш күнү ачык Демо-күн жолугушуусу болот, ага 4 команда жана 4 өз алдынча биздин жарандар акыркы айда үйрөнгөндөрүнүн натыйжасында презентация жасашат.

Ал презентациялар Чөйрөнүн Instagram-аккаунтуна өз-өзүнчө пост катары чыгат жана лайк чогултулат. Лайк көп чогулткан посттор курсту улантуу үчүн октябрьда:

1-орун: 100% бекер окуйт

2-орун: 50% гана төлөйт

3-орун: 30% пайыз арзандатуу жарыяланат.

Мындан да күчтүү мотивация болуу үчүн жана Чөйрө долбооруна жаңы досторду табуу максатында, демөөрчүлөрдү издейбиз. Сиз, өзүңүздүн продукцияңызды белекке берип же акчалай сыйлык чегерип, сизге жаккан презентацияларды сыйласаңыздар болот.

Чөйрө болсо, сиздин атыңызды (же продукцияңызды) спонсор катары постторго кошот, аны менен бирге лайк басып жаткандар сиздин продукцияңызды көрө алышат.






Чынгыз Абдырахманов: Жаратылышты коргоо менен бирге тоо ат туризмин биргеликте өнүктүрөлү!

Алыскы Кара Кужур өрөөнүнөн чыккан мекенчил замандашыбыз Чынгыз Абдырахманов айыл жергесиндеги айрым экология маселелерин жана жаратылыштагы болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүү менен бирге тоо ат туризмин өнүктүрүү долбоору жөнүндө, алдыдагы койгон максаттары, пландары тууралуу кеңири маек куруп берди.


01:40 Чынгыз Абдырахманов өзү жөнүндө
04:36 “Жашыл Альянс” менен кантип иштеп баштаган.
07:35 Долбоордун максаттары, иш-аракеттери.
09:40 Ашар долбоору кандай иштейт.
13:12 Маршрут жасоо боюнча каржы маселелери.
16:15 Ашардан каржыдан тышкары дагы кандай жардам алса болот.
19:33 Сүрөткө тартуу иштери боюнча жардам берип, эс алып, жер көрүп кел!
22:20 Долбоордун текстин жазган Жыргалбек мырза долбоорлор жөнүндө.
24:20 Жергиликтүү жамаат колдосо долбоор туруктуу болот.
28:09 Ашар - идеяларга ачык. Бардыгын бирге жасайбыз!
29:51 IT демилге долбоору IT билимдерине жол ачат.
30:41 Долбоордун логотибин жасаган Айгул айымдан логотип жөнүндө кыскача маек.
34:42 Кыялдагы иштер башталып жатат.
35:48 Логотип, сайт жасагандарга ыраазычылык
36:35 Долбоорго профессионалдык денгээлде сүрөт тартканга жардам керек.
39:16 Активдүү адамдардын идеясын биринчи колдойбуз.
41:20 Кара Кужурдагы орчундуу маселелер.
43:50 Чөйрөнүн ичиндеги иштерди биригип синергия кылып иштейбиз.


Биз эмгек рыногун анализдеп көрүп, суроо- талаптарды бириктирүүчү акысыз Эркин-Иш долбоорун иштеп чыктык. Платформанын эң негизги максаты – жумуш издөөчүлөр жана жумуш менен камсыз кылуучулар үчүн процесстерди ыңгайлуу жана натыйжалуу кылуу.

✅ Бул жерде сиз, биздин мүчөлөр тарабынан бөлүшкөн ар түрдүү резюмелерди жана кызыктуу вакансияларды таба аласыз. Ар бир адам өз жарыясын акысыз түрдө долбоорго жүктөй алат.
✅ Эгерде сизге жаккан жумуш же сиз издеп жаткан адис табылса, долбоор ичинен чыкпастан, ортомчусуз түз байланыша аласыз.
✅ Эркин-Иш долбоорунда сиз, жумуш берүүчү болсоңуз, дүйнөнүн кайсы бурчунан болбосун мекендештерибизди IT тармагында ишке тарта аласыз.
✅ Биз бири- бирибизге кол сунуп, чөйрөбүздү билимдүү, кесипкөй, аракетчил адамдар менен байытабыз жана өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүшүнө, жакындарыбыздын жаркын келечекте жашоосуна жардам бере алабыз!

https://choyro.com/groups/erkinish/


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Тоо-ат туризми аркылуу айыл экономикасын өнүктүрүү!

Капчыгайдагы айылын алдыга сүйрөп, тоо- ат туризмин баштаган аракетчилдер!

https://ashar.team/product/community-based-eco-tourism/


Ашар жолу менен идеяны ишке ашыр!

“Силер өмүр бою караңгылыкка наалат айтышыңар мүмкүн, бирок эсиңерде болсун ар бир адам кичинекей шамды өзү күйгүзө алат” деп кытайлык улуу даанышман Конфуций айткандай, ар бирибиз жашообузда шамдай жаркырап, чөйрөбүзгө жардам берип, кең келечек түзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Эгемендүүлүктүн отуз жылында мамлекетибиз кечирген көптөгөн окуялар талкууга арзыйт. Тарыхый көз караштан алганда, бул жөн гана көз ирмем. Бирок, адам өмүрү үчүн бул бүтүндөй бир доор. Унутпайлы, убакытты кантип өткөргөнүбүз кийинки муундарга сабак бойдон калат. Биз өз доорубузду тилектештик идеялар жана жаратмандык иштер менен толтурдукпу же кайдыгерликке жол берип, колубуздагы шамдын жарыгын жайылтпастан, өнүккөн коомду кура алган жокпузбу, албетте буга тарых тараза болот.

Долбоорлорду өнүктүрүү үчүн бүткүл дүйнө жүзү боюнча шамдар күйүп турса деп кыялданабыз.

Ашар - https://ashar.team/
Ашар долбооруна кошулуу үчүн - https://choyro.com/courses/start/lessons/ashar/


Чөйрөдөгү Ашар долбооруна Азамат Токтакунов кызыктуу маалымат кошту. Чөйрөгө кирип окуңуз жана катталып, ой-пикириңизди билдириңиз.

https://choyro.com/groups/ashar/


Азыркы жашоодо IT акча табуу үчүн эң сонун тармак экени баарына түшүнүктүү. Ар бир адам билим алуу керек экенин билет бирок ага акча салгысы келбейт.

Башкача айтканда, сиз каалайсыз:
- Айына көп акча тапканды
- Акчаңызды каалагандай коротконду
- Татынакай кийингенди
- Темир тулпар минип жүргөнүңүздү
- Саякатка чыкканды
- Кредити жок жашаганды
- Үйүңүзгө жаңы эмеректерди алганды
- Жакындарыңызга белек берип кубантканды
-Тойго түрлөнүп кийинип барганды ж.б

Бирок сиз каалабайсыз:

- Күн сайын таң атпай турганды
- Эртең мененки көнүгүүлөрдү жасаганды
- Суу ичкенди
- Күнүңүздү пландаганды
- Жаңы кесипти үйрөнгөндү
- Менторлор менен баарлашканды
- Күн сайын тапшырма аткарганды
- Үзгүлтүксүз окуганды
- Акчаңызды билимге инвестиция кылганды

Бир нерсе алуу үчүн бир нерсе бериш керек. Алмашуу. Эгер сиз "жашоо кыйындап кетти" деп наалысаңыз, жүрөгүңүздөгү суроо-талабыңыз сиз каалаган нерсеге дал келбесе, капа болуунун кереги жок. Демек, жашоодогу приоритеттерди жакшылап карап чыгууга убакыт жетти!

“IT ге киришүү” курсунда окуу билимиңизди өнүктүрүү жана акча табуу үчүн керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүүгө гана жардам бербестен, керектүү адаттарды үйрөтөбүз жана жалпы эле жашоого болгон мамилеңизди өзгөртөбүз. Эң негизгиси, сабак учурунда үй тапшырмасын аткаруу керек. Биз инструкцияларды, ишке ашырууга оңой болгон механиканы, өнүгүүгө жардам бере турган сунуштарды беребиз.

Сиз менен тажрыйбалуу куратор жана модераторлор иштейт. Курс старт алды, жазылып калганга үлгүрүңүз, саналуу орундар калды. Топтук тариф, төрт адам жазылсаңар, үчөөнүн гана акчасын төлөйсүңөр.

Эгер IT ден карьера жасап, акча табууну чечсеңиз, биз сизди курста күтөбүз. Суроолорду бериңиз жана шилтеме аркылуу катталыңыз!

https://choyro.com/courses/itdemilge/


Саламатсыздарбы! Нарын облусунан Кара-Кужур жамааты экология жана туризм багытында жаңы идея “Тоо-ат туризми аркылуу айыл экономикасын өнүктүрүү” аттуу долбоор сунуштап, краудфандинг жарыялады. Мүмкүн болсо, ким канча кошо алса, колдоп бериңиздер. Ашар жолу менен бирге жардам берип, өлкөбүздүн экономикасына салым кошолу!

https://ashar.team/product/community-based-eco-tourism/

Показано 20 последних публикаций.