Жоолугум – менин таажым👑
«Жоолук – жөн гана кездеменин бир үзүмү эмес.
Ал мен үчүн тынчтыктын, намыстын жана сулуулуктун белгиси. Ар бир катталган бүктөмүндө тарых, ар бир түгөштүрүлгөн учунда өзүмдүн өзгөчөлүгүм катылган.
Ал мени коргоп турат, менин ички дүйнөмдү, жан дүйнөмдүн тунуктугун чагылдырат. Айрымдар үчүн жоолук чектөө болсо, мен үчүн ал эркиндик. Дүйнөнүн ызы-чуусунан, жасалмалуулугунан, убактылуу көрүнүштөрдөн эркиндик.
Жоолук мага өзүңдү унутпа, улуу максаттарыңды эсте деп эскертип турат. Ал менин таажым, анын алдында мен өзүмдү падышанын кызы сымал сезем.
Жоолугум менен сыймыктанам! Анткени ал менин тандоом!»
~•~•~•~•~•~•~•~•~•~•~
Ассаламу алейкум,китепкөй айымдар!
Жоолук күнү куттуу болсун,жоолугубуз бейишке жетелесин!🧕🏻
@danek_books - бүгүн жоолук күнүнүн урматына дал ушул китептерди бекер беребиз🎁
📍 Калык Акиев 66, Весна соода борбору, 3-кабат С31
Урматым менен : Элла Зарылбекова❤️
@ella_zarylbekova #жоолуккүнү #жоолугумтаажым #китепдүкөн #данек