Программисттин ойлору


Гео и язык канала: Киргизия, Русский
Категория: Блоги


Software Engineer 👨🏻‍💻
https://erkebek.com

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Русский
Категория
Блоги
Статистика
Фильтр публикаций


Кыргыз тилинде контент жараткандар буюрса көбөйүп келатыптыр😃.

Алардын бири 21 жаштагы Кеңешбек аттуу жигит, кыргыз тилинде Жасалма Интеллект боюнча айтып берет экен.
Каналына кирип видеолорун көрүп баалап коюңуздар 🙌
@iamKyrgyz' rel='nofollow'>https://www.youtube.com/@iamKyrgyz


Эң ири онлайн дүкөндөрдүн бири Амазон өзүнүн кампаларында адам сыяктуу роботторду ишке ала баштаптыр. Алар кадимки адамдар иштөөчү жайларда, адамдар жасачу иштерди аткарып, адамдар менен бирге иштеп башташат экен.

Роботторду иштетүү чыгымы азыркы тапта саатына $10-12 түзөт экен, эгер роботтордун иштөөсү жакшы жыйынтык көрсөтүп, алардын өндүрүлүшү жогоруласа келечекте иштетүү чыгымы болжол менен саатына $2-3 гана болуп калат экен. Эске салсак, азыркы учурда ошол эле жумушту аткаруучу адамдар орточо эсеп менен саатына $18 алышат экен.

Колдонулган булак:
https://www.businessinsider.com/new-amazon-warehouse-robot-humanoid-2023-10


эркектердин баштары чыккан дааратканалардын армиясы🗿






ChatGPT тартып берди




Эгемендүүлүк күнүң менен сүйүктүү Кыргызстаным! 🎉🇰🇬

Сага кааларым келечегиң кең болсун! Дайыма эркиндикте, элиң ынтымакта, тынчтыкта жашасын! Уул-кыздарың аман болсун, билимдүү жана биримдиктүү болушсун!

Мындан да гүлдөп өсүшүңдү каалайм! Сен үчүн аракет кылган ар бир кыргызстандыкка күч-кубат, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!

Ушуга чейин сакталып келген жериң, тилиң, улуттук маданиятың, руханий байлыктарың унутулбай, азайбай мындан көбөйө берсин! 🤲❤️🇰🇬


Репост из: daniar amanaliev
Хотите помочь с Парком креативных индустрий? Подпишите и опубликуйте, пожалуйста, петицию https://chng.it/2xnGvnhKv6
Ну, а потом помогите, пожалуйста, привлечь еще людей к подписанию, это совсем не трудно, но очень важно


Акыркы учурларда маалымат алуу үчүн Claude’ду көп колдончу болдум.

Гуглдан улам бир сайтка кирип, жарнама көрүп, кукис-мукис жаңылыктарына жок деп отурбай. Так жана сонун түшүндүрүп берет.

Баса, өткөндө Claude бир гана АКШ жана Улуу Британияда иштейт экен деп аттым эле. Көрсө ал катталыш үчүн эле керек экен. VPN’ден АКШны тандап туруп бир катталып алсаң андан кийин VPN’сиз эле иштей берет экен.

Колдоном дегендерге:
https://claude.ai


Яндекс такси колдонмосу кыргыз тилине аябай сонун которулуптур.

Ар бир сөзү калп эле которуп койбостон, мааниси менен, тыкан тандалган сөздөр экен. Бир окуганда шак түшүнөт экенсиң!

Буга салыштырмалуу МБанк кыргыз тилине жарым-жартылай эле эптеп-септеп которулуптур.

Navi Taxi’де кыргыз тили такыр жок экен.

Яндекс Таксиге Алкыш! 👏👏👏

Показано 11 последних публикаций.

1 085

подписчиков
Статистика канала