🤍 •~ ХАДИСТЕР ~• 🤍


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


🌹 Хадистердин маңызы - Куранда жазылгандарды кененирээк, түшүнүктүүрөк кылып ачып берүү.
♻️ Мисалы : Куранда намаз окуу буйрулган. Ал эми хадис намазды кандайча окуу керектигин түшүндүрөт.
📌 АДМИН : @httpsAkumov


Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций




🤍 • ХАДИС

📚✨Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) Алланын Элчиси (солла Аллаху алейхи ва саллам) мындай дегенин кабарлайт: 

“Кимде-ким талаптагыдай даарат алып, анан жума намазына келип, имам кутба кылып жаткан убакта унчукпастан кулак салса,  анын мурунку жана ушул жума намаздарынын ортосундагы жана ага кошумча дагы үч күндүн ичинде кетирип койгон майда күнөөлөрү кечирилет, ал эми кимде-ким кутба окулуп жаткан убакта мечиттеги майда таштарды термелеп ойноп олтурган болсо, ал пайдасыз иш менен алектениптир”.

❄️ Муслим рабаяты.
https://t.me/hadissskg


🤍 • ХАДИС

📚✨Абу Хурайра р а дан риваят:

Биз Пайгамбар с а в менен бирге элек.Билал р а туруп,азан айтып буткондо,Пайгамбар с а в айтты:Ким ишеним менен азанды кайталаса Бейишке кирет".(Мустадрак Хаким).

Тушундурмо:Бул хадистен билинип тургандай эле,азанга азандын созу менен жооп берууго болот.Бирок Умар р а нун риваятында:"Хаййа алассолаати","Хаййа алал фалаах"тын жообуна:"Лаа хавла ва лаа куввата илла биллахи"-деп жооп берсин делет.

https://t.me/hadissskg


🤍 • ХАДИС

📚✨ Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) Алланын Элчиси (солла Аллаху алейхи ва саллам) мындай дегенин кабарлайт:

 “Ыймандын жетимиштен ашык же  алтымыштан ашык бутагы бар, алардын эң мыктысы: “Лаа илааха илла Алла” (Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок) - деп айтуу, ал эми эң төмөнү - жолдон адамдарга зыяндуу нерсени алып коюу жана уялчаактык да ыймандын бир бутагы”.

❄️ Бухарий жана Муслим.
https://t.me/hadissskg


Канча жашаганың маанилүү эмес  ошол өмүрду кандай жашаганың маанилүү.🕊

✨ Чубак ажы Жалилов.
https://t.me/hadissskg


⭕️ ИДЕАЛДУУ ИНСАН 👇🏻

ЧЫНЫГЫ МУСУЛМАН АДАМ
1✅ЧЫНЧЫЛ صِدِّيقٌ🇯🇴
2✅ЧЫДАМКАЙ
3✅ЧАРЧАБАС
4✅ЧААЛЫКПАС
5✅ЧӨГӨЛӨБӨС
6✅ЧӨКПӨС
7✅ЧЕБЕР مَاهِرٌ🇯🇴
8✅ЧЕЧКИНДҮҮ
9✅ЧЕЧЕН
10✅ЧЫГАРМАЧЫЛ
11✅ЧЫГААН
БОЛУУ КЕРЕК!

ЧЫНЫГЫ АДАМ
12✅ЖӨНӨКӨЙ
13✅ЖӨНДӨМДҮҮ
14✅ЖАРАТМАН
15✅ЖҮРӨКТҮҮشُجَاعٌ🇯🇴
16✅ЖУМШАК حَلِيمٌ🇯🇴
17✅ЖАРООКЕР
18✅ЖООМАРТ جَوادٌ
19✅ЖАКШЫ
20✅ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ
БОЛУШУ КЕРЕК❗️❗️❗️

21😍ИДЕАЛДУУ МЫРЗА
22😍ИДЕАЛДУУ АЯЛЗАТ
23😍ИДЕАЛДУУ ИНСАН
24😍ИЛИМДҮҮ عَالِمٌ🇯🇴
25😍ИЙКЕМДҮҮ حَلِيمٌ🇯🇴
26😍ИЗГИ
27😍ИШЕНИЧТҮҮ
28😍БОЛУШ КЕРЕК!

ЧЫНЫГЫ МУСУЛМАН
29✅КЕҢПЕЙИЛ كَرِيمٌ🇯🇴
30✅КҮЙҮМДҮҮ
31✅КЕЧИРИМДҮҮ
32✅КОЛУ АЧЫК كَرِيمٌ🇯🇴
33✅КЫРААКЫ
34✅КЫРААН
35✅КӨРӨГӨЧ بَصِيرٌ
36✅КӨСӨМ
37✅КӨРКТҮҮ
38✅КӨРКӨМ
39✅КАРА КЫЛДЫ
40✅КАК ЖАРГАН
41✅КАЛЫС
42✅КАЙРАТТУУ
43✅КӨТӨРҮМДҮҮ
44✅КӨК КАЙТПАСعَنِيدٌ🇯🇴
45✅БОЛОТ ЛОХ ЭМЕС.

ИДЕАЛДУУ ИНСАН👇🏻
46ТЫРЫШЧААКمُجْتَهِدٌ🇯🇴
47✅ТҮШҮНҮКТҮҮ
48✅ТАЗА نَظِيفٌ 🇯🇴
49✅ТЫКАН
50✅ТОКТОО
51✅ТААСИРДҮҮ
52✅ТАРТИПТҮҮ مُرَتّبٌ🇯🇴
53✅ТАЛАНТТУУ
54✅ТОЛЕРАНТТУУ
55✅ТЕТИК
56✅ТАЙМАНБАС
57✅ТАК БОЛУУ КЕРЕК.

МУСУЛМАН АДАМДА
58✅АРУУЛУК نَقِيّ🇯🇴
59✅АКЫЙКАТТТЫК
60✅АЧЫКТЫК
61АДЕПТҮҮЛҮКمُؤَدَّبٌ🇯🇴
62АРАКЕТЧИЛمُجْتَهِدٌ🇯🇴
63АБИЙИРДҮҮЛҮК
64АКЫЛДУУЛУК ذَكِيّ🇯🇴
65✅АКЫЛМАНДЫК
66✅АРИЕТТИК
67✅АК КӨҢҮЛДҮК
68АДИЛЕТТҮҮЛҮКعَدَالَة🇯🇴
69АМАНАТКӨЙЛҮКأمَانَة🇯🇴
70✅АБРОЙЛУУ
71✅АЙБАТТУУЛУК
БОЛУШУ КЕРЕК❗️

ЖАКШЫ АДАМДАР
72😍БАЛ ТИЛДҮҮ
73😍БЕРЕШЕН كَرِيمٌ🇯🇴
74😍БИРИМДИКТҮҮ
75😍БЕЙПИЛ
76😍БООРУКЕР
77😍БААМЧЫЛ
78😍БИЛИМДҮҮعالم 🇯🇴
79😍ПИКИРМАНمُفَكِّرٌ🇯🇴
80😍ПАЙДАЛУУ БОЛОТ
81😍ЖАНА ДА
82😍СЕЗИМТАЛ
83😍СЕЗГИЧ
84😍СЫЛЫК حَلِيمٌ 🇯🇴
85😍СЫПАЙЫ
86😍САБЫРДУУصَبُورٌ🇯🇴
87😍САЛАБАТТУУ
88😍САК
89😍СҮРДҮҮ
90😍СҮЙҮКТҮҮ ЖАНА
91😍СҮЙКҮМДҮҮمَحْبُوبٌ🇯🇴
92😍ЗЭЭНДҮҮ ذَكِيّ
93😍ЗИРЕК
94😍ЭРКТҮҮ قَوِيٌّ
95😍ЭМГЕКЧИЛ
96😍 ӨЖӨР
97😍 ӨТКҮР
98😍МЭЭРИМДҮҮرَحِيمٌ🇯🇴
99😍 МЭЭНЕТКЕЧ
100😍 ЭПЧИЛ
101😍 ЭРКТҮҮ
102😍ЫЙМАНДУУمُتَدَيِّنٌ🇯🇴
103😍ЫНСАПТУУإنْصَافٌ🇯🇴
104😍УЯТТУУ حَيَاء🇯🇴
105😍 НАМЫСТУУ
106😍 ОЛУТТУУ
107😍 ҮЛГҮЛҮҮ БОЛОТ.
ЖАКШЫГА ЖАНАШТЫРСЫН
ЖАМАНДАН АДАШТЫРСЫН.🤲


🤍 • АЯТ

قَالَ اللَّهُ تَعَالَى : " وَ مَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلَا مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَي الله وَرَسُولُهُ أَمْرًا أَنْ يَكُونَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَلاً مُّبِينًا" [الاحزاب: 36]

«Алла менен Анын элчиси кайсыл бир иш тууралуу өкүм чыгарса, момун эркек менен момун аял үчүн тандоого укугу жок (ошондуктан амал кылуулары зарыл). Ошондуктан ким Алла жана анын элчисине каршы чыкса, анда ал ачык адашкан болот».

☁«Ахзаб»: 36☁
•┈┈┈┈•❈••✾••❈•┈┈┈┈•
https://t.me/hadissskg


🤍 • ХАДИС

Абу Хурайра (разияллооху анху)дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам):

«Жети нерсе келээрден алдын жакшы амал кылып калууга ашыккыла. Эмне кедейликтин келип, бардык нерсени унуттуруп коюусун күтүп жатасыңарбы? Же чектенчыгарып ийчу байлыктын келишинби, же алсыз кылып коюучу оорунубу, же акылдан алган карылыктыбы, же тообо кылууга чама бербеген, байкатпай келген бей ажал өлүмдүн келүүсүнбу, же жамандыктардын эң начары болгон Дажжалдын келишинби, же Кыяматтын келүүсүн күтүп жатасыңарбы? А кыямат күн эң оор жана эң коркунучтуу күн болуп саналат» -деди.

Тирмизи.☁

📜Түшүндүрмөсү: Ушул жети нерсе келип, жакшы ишке тоскоолдук берип коёрдон алдын, Акыретке бардык даярдыкты көрүп, ага куру кол барбай, жакшы амалдарды орундатып калуу зарыл.
•┈┈┈┈•❈••✾••❈•┈┈┈┈•
https://t.me/hadissskg


⭕️1-хадис
Жүрөгүндө кыпындай ыйманы бар адам бейишке кирет.

2-хадис
Мусулмандын арасында ыйманы эң толугу- кулк-мүнөзү эң жакшысы.

3-хадис
Тазалык- ыймандын жарымы.

4-хадис
Адамдын эң жакшысы- адамдарга пайдалуу болгону.

5-хадис
Силердин эң жакшыңар - Куранды үйрөнгөндөр жана башкаларга үйрөткөндөр.

6-хадис
Мусулман мусулмандын бир тууганы.

7-хадис
Калп айтуу жамандыкка алып келет.

8-хадис
Аллах Таала силердин сырткы келбетиңерге эмес,жүрөктөрүңөргө жана жасаган иштериңерге карайт.

9-хадис
Ар дайым Аллахты эстеп жүрсөң,Ал да сени менен чогуу болот.

10-хадис
Жакшы,сооптуу иштерди жасаганга умтулгула.

11-хадис
Чыныгы мусулман-тилинен да,колунан да башкаларга зыяны тийбеген адам.

12-хадис
Тамагын жеп,суусун ичкенден кийин Жаратканга мактоо айткан пендесине Аллах Таала ыраазы болот.

13-хадис
Бирөөнүн унаасына минүүсүнө жардам берип,жүгүн же азыгын жүктөшүп берүү да садака.Жакшы сөз да садака.Мечитке баргандагы ар бир кадам да садака.Жолдон тоскоолдуктарды алып салуу да садака.

14-хадис
Адамдарга мээримдүү болбогонго Аллах Таала да мээримин төкпөйт.

15-хадис
Кимде-ким мусулман бир тууганына жардам берсе,Аллах Таала ага да жардам берет.

16-хадис
Кимде-ким Аллах Таалага жана акырет күнүнө ишенсе, кошунасына жакшылык жасасын.

17-хадис
Адепсиздиктен сактангыла! Анткени Аллах Таала адепсиздикти жакшы көрбөйт.

18-хадис
Намаз - диндин тиреги.

19-хадис
Дуба мээримдүүлүктүн ачкычы.

20-хадис
Бейиштин ачкычы намаз.Ал эми намаздын ачкычы даарат.

21-хадис
Дүнүйөгө кызыкпа, Аллахга жагасың.
Адамдарда бар нерсеге көз артпа, адамдарга жагасың.

22-хадис
Өзүңөргө каалаган нерсени башкаларга да кааламайынча толук момун боло албайсыңар!

745 0 14 5 15

⭕ ХИЖРИЙ ЖЫЛ НААМА ДЕГЕН ЭМНЕ ?
Опрос
  •   ~ Пайгамбарлардын жашап өткөн жылдары.
  •   ~ Айдын жанырышына карап түзүлгөн жыл санак.
  •   ~ Ар жылы тутулган орозо айы.
  •   ~ Эми билип аламын.
224 голосов


⭕ КУРАНДА КАНЧА ПАЙГАМБАРДЫН АТЫ АТАЛГАН ?
Опрос
  •   ~ 40.
  •   ~ 124.
  •   ~ 25.
  •   ~ 63.
262 голосов


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


🤍 • ХАДИС

📚✨ Жабир (Алла андан ыраазы болсун) Алланын Элчиси (солла Аллаху алейхи ва саллам) мындай дегенин кабарлайт:

 “Эгерде мусулман адам дарак олтургузса, андан желген бардык нерселер сөзсүз ага садага катары жазылат, андан урдалган нерсе да ага садага катары жазылат, а эгер кимдир бирөө андан кемитсе да ага садага катары жазыла берет”.

❄️ Имам Муслим рабаяты.
•~•~•~•~•~•~•~•~•~•~•~•~•~•
https://t.me/hadissskg


🤍 • ХАДИС

📚✨Жабир (Алла андан ыраазы болсун) Алланын Элчиси (солла Аллаху алейхи ва саллам) мындай дегенин кабарлайт:

“Бардык сооптуу иштер, жакшы амалдар – садага”.

❄️ Имам аль-Бухарий рабаяты. Бул хадисти ошондой эле имам Муслим да Хузайфадан (Алла андан ыраазы болсун) рабаят кылган.
•~•~•~•~•~•~•~•~•~•~•~•~•~•~
https://t.me/hadissskg


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
🤍 • ХАДИС

📚✨Абдулло бин Амр р.а.дан риваят:

Бир киши Пайгамбар с а в га келип:"Оо,Аллахтын Элчиси!Азанчылар бизден сооп жагынан отуп кетишти"-(Бизге да азан сообуна жеткидей амал барбы?)деп айтты.Пайгамбар с а в мындай деди: "Азанчы эмнени айтса,ошону кайталап,буткондо дуба кыл,сага (да сооп) берилет".

❄️ Абу Дауд.
•~•~•~•~•~•~•
https://t.me/hadissskg


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Жигиттерге совет!
https://t.me/hadissskg


⭕ЗЕКЕТ БЕРҮҮНҮН ӨКҮМҮ КАНДАЙ?
Опрос
  •   Ар бир Адам зекет берүүсү милдетүү
  •   Бай Адам үчүн парз
  •   Кедей адам үчүн парз
309 голосов


⭕КУРАНДА "АЛЬ-АН'АМ" ДЕГЕН СҮРӨ БАР АНЫН КЫРГЫЗЧА МААНИСИ ЭМНЕНИ ТҮШҮНДҮРӨТ?
Опрос
  •   Үй жаныбарларын
  •   Кыямат күнүн
  •   Тосмолорду
  •   Билгим келет
267 голосов


⭕️40 Парз

⭕️Ыйманда 7 парз бар

1. Аллах Тааланын бардыгына жана жалгыздыгына ишенүү

2. Аллах Тааланын периштелерине

3. Аллах Тааланын китептерине

4. Аллах Тааланын пайгамбарларына

5. Акырет күнүнө

6. Тагдырга; жакшылык жана жамандык Аллахтан экендигине ишенүү

7. Өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө ишенүү

⭕️Исламда 5 парз бар

1. Шахадат (күбөлүк) келимеси

2. Беш убак намаз окуу

3. Зекет берүү

4. Орозо кармоо (жылына 1 жолу Рамазан айында)

5. Хаж ибадатын аткаруу (өмүрүндө бир жолу ажыга баруу)

⭕️Дааратта 4 парз бар

1. Колду жуу (чыканакты кошуп)

2. Бетти (чач чыккан жерден баштап ээктин астын кошуп) жуу

3. Баштын төрттөн бир бөлүгүнө масх тартуу

4. Буттарды жуу

⭕️Гусулда 3 парз бар

1. Оозго суу алып тамакка жеткире чайкоо

2. Мурунга суу алып, таноо ачышканча суу алуу

3. Денеде кургак жер калтырбай жуу.


🤍 • ХАДИС

Абу Хурайра (разияллооху анху)дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам):

«Силер ыйманыңарды жанылап тургула» - деди. Бирөөлөр: «Оо, Аллахтын Элчиси, ыйманыбызды кандай (жол менен) жаңылап турабыз?» - деп сурашты. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Лаа илааха иллаллох» келимесин көп айткыла» - деп жооп берди».

Ахмаддын «Муснады».🕊
•┈┈┈┈•❈••✾••❈•┈┈┈┈•
https://t.me/hadissskg

Показано 20 последних публикаций.