𝙽𝚞𝚞𝚛 𝚓𝚊𝚗𝚗𝚊𝚝


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


السلام عليكم ورحمة الله وبركاته
ОБЕРЕГАЙТЕ СВОИ НАМАЗЫ
Бейишке ашык жүрөк
Бейиштин ачкычы- намаз
Билгенибизге биргеликте амал кылалы

✉️ По вопросам вп и рекламы ➖ @melekk_17
@AnonQueBot


Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Окуп чыгыңыз өтө пайдалуу 🔥


Европанын бир университетинде окуп жаткан мусулман бала, мусулман эмес бир кызга ашык болуп калып, аны менен кыз-жигит болуп жолуга баштайт.
Үйүнө келип ата-энесине бул кабарды угузганда, баланын атасы:

- «Мусулман эмес келиндин бизге кереги жок! Аныңды кулагыма угузба!» - деп, кесе айтат.

Эмне кылуунун айласын таппай калган бала, Европпадан үйүнө:

-«Ата, эгер ал мусулман болсо, сизге келин боло алабы?» - деп телефон чалат.

Бир азга ойлоно калган атасы:

-«Ооба»- деп жооп берет.

Сүйүнүчү койнуна батпаган жигит кыздын үйүнө учуп, күйүп жетип келип:

- «Сүйүнчү! Биз үйлөнмөк болдук, сен мусулман болсоң эле атам макул болом», - деди. Бол эми, келмени айтып мусулман боло кал, мен атама телефон чалайын. «Күбөлүк беремин! Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок! Жана күбөлүк беремин! Мухаммад Анын кулу жана элчиси экенине!»- дегениң эле жетиштүү мусулман болууга…»- деп, сүйүнүчү ичине батпай энтиге, кызды өзүнө бекем кучактады. Бир четинен сүйүнө, бир четинен кабатыр боло түшкөн кыз:

- «Айтып койсом эле мусулман боло албайм го? Мага Ислам тууралуу китеп, анан убакыт бербейсиңби? Ал китептерди окуп бир чечимге келгенге? Келмени айтып коюп эле мусулман болдум дегеним туура эмес болуп калат го?» - деп, жигитти жалбаруу менен карады. Ал канчалык келмени эле айта салып жигиттин өмүрлүк жары болууну кааласа да, кандайдыр бир ички сезим анын шашпай иш кылуусун талап кылып туруп алды…


— «Макул, окусаң оку, эртең алып келип берем китептерди…» - деген жигит ичинен:

— «Ооба кичине Дин тууралуу окуса жаман болбос, атам сынаш үчүн бир нерселерди сураса, шакылдата жооп берсе, ого бетер ыраазы болуп батасын берээр» - деп, эртеси тапкан китептин баарын кызга алып келип берди.

Күндөр өтүп кыз Ислам тууралуу китептерди кызыгуу менен окуп да бүттү, ал гана эмес башка китептерди да таап аларды өздөштүрүүгө жетишти. Жигиттин үйүнө кайтчу убагы жакындап, ал келип кыздын эшигин какты...

Жоолук салынган, хижаб кийген, жупуну кийинген кыз эшигин ачканда, ал таанылгыс болуп калган эле…

Бала жылмая:

— «Жаным мусулман болдуңбу?» – деп, бактылуу көздөрүн кыздын жүзүнө такады, кыз көзүн ала кача:

— «Ооба болдум. Тиги сен берген китептердин баарын окуп чыктым, бирин да калтырган жокмун, көп нерсени түшүндүм, көп нерсени кабылдадым, бирок мен сага турмушка чыгууга макул эмесмин. Кыскасы мен сага турмушка чыга албайт экенмин!» – деп, эшигин жаба баштады, чочуп кеткен жигит:

— «Койчу эми тамашаңды?! ушинтип да тамашалайсыңбы?..)) Кел эми…» – деп, кызды кучагына алгысы келди, анын колдорун чечкиндүү түрткөн кыз:

— «Сен нике кыйылбаган аял затын, өзүнө наамахрам болгон аял затын кучактамак тургай, андай аял затына кол тийгизүүгө да, укугун жок экенин билбейсиңби?!Зынаакорлор кайда болоорун билбейсиңби же?! Же эмне сен мусулман эмессиңби?» - деп, үнүн кайраттуу чыгарып:

— «Коё тур!» – деп, шаша үйүнө кирип кетти.

Бир аздан кийин, толтура китепти алып чыгып балага карматып:

— «Ме! Эми сен барып, мусулмандын парздарын, мусулман адам билиши зарыл болгон нерселерди билип кел! Ошондо мен сага турмушка чыгууга даярмын! Мен окуган китептер боюнча, сенин кылган амалдарыңдын бири да мусулмандын амалына окшобойт экен!» - деп, эшигин жаап койду.

Мусулман бир тууганым, боордошум! Сөзүбүздө гана мусулман болбостон, иш-амалыбызда да мусулман бололу!

📚 «ТАКЫБАЛЫК» аттуу китебинен алынды.
✍🏻 Китеп автору: Күнсулуу Маматкулова.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
⚜𝙽𝚞𝚞𝚛 𝚓𝚊𝚗𝚗𝚊𝚝⚜https://t.me/hafiza_ha_21🤎⬇️


Биз рамазан айын сөз менен күтүп жатабызбы?

Же Ибадаттарды азыр аткарып баштадыңыздарбы?


@AnonQueBot жообуңуздарды ушул жака жазыңыз)


Ыйык Рамазан айын күтүп атасызбы?
Опрос
  •   Ооба
  •   Албетте
  •   Чыдамсыздык менен
125 голосов


Жүрөгү дүнүйөлүк нерселерге , байлыка байланган Инсандардын Бактылуулугун көрбөдүм.
Жүрөгүн Аллахка , динге байлагандарды Бактылуулугун көп көрдүм...
⚜𝙽𝚞𝚞𝚛 𝚓𝚊𝚗𝚗𝚊𝚝⚜
🌾


Ниет...
            Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам мубарак сөзүндө: 
“Акыйкатта баардык амалдар ниетке жараша”.
Инсан бир ишке ниет кылган учурунда, эң оболу Алла Тааланын ыраазылыгын  табуу болуусу  керек.
       Ниетти түздөө өтө оор. Күн сайын машыгуу менен бир күнү максатка жетет.
Амалдарды рыядан (эл көрсүн, кожо көрсүндөн) сактоо зарыл. Рыя сооптуу амалдын баарын жок кылат. От отунду өрттөп жок кылгандай.

⚜𝙽𝚞𝚞𝚛 𝚓𝚊𝚗𝚗𝚊𝚝⚜



💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Көп кишилер дини, ыйманы алсыз болсо да ,ошого каниет кылып жүрө берет. Ал эми дүйнө иштеринде азга каниет калышканын көрбөйсүң , Алар байлык - бийлик мансап үчүн динден алыс калгандай эле , сен да дин үчүн дүнүйөдөн узак бол!!


⚜𝙽𝚞𝚞𝚛 𝚓𝚊𝚗𝚗𝚊𝚝⚜



Бүгүнкү бараат түнүңүздөр кутту болсун 🫶 кылган амал ибадаттарыңыздар кабыл болсун 🌸


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Жума күнү өзгөчө салаватга көңүл буруу, пайгамбарыбызды сүйгөн үммөттүн белгиси...

Алла Тааланы жана пайгамбарын صلى الله عليه وسلم сүйгөн пенде, зикир салаваттын ордуна сыйлык үммүт этип соодалашпайт. Анткени алар Алла Таала улуктука татыктуу болгондугу үчүн зикир кылып, аруулашат. Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم салават ээси болгондугу үчүн  алар салаватты көбөйтүшөт.
Ушунда да олуялар менен биздин айырмабыз... Көп зикир аркылуу ушул даражага жетсе болот. Жараткан баардыгыбызды чыныгы зикир кылуучулардан кылсын. Амин!

⚜𝙽𝚞𝚞𝚛 𝚓𝚊𝚗𝚗𝚊𝚝⚜🌸📚


💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз


Инсан деген сөз унутчаак деген сөздөн келип чыгат. А зикир сөзү эстөө, эскерүү деген мааниде.
Мусулман өзү эмне максатта жаралгандыгын унутуп калбашы үчүн, зикир кылгыла деп ыйык Курани Каримде эң көп эскерилип, буйруктар келген.
Эң жакшы насыйкат,  руханиятты көтөрүү жолу бул Жаратканды көп эстөө менен пайгамбарга салават айтуу....

⚜𝙽𝚞𝚞𝚛 𝚓𝚊𝚗𝚗𝚊𝚝⚜


💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз


Душманыңды ийгиликтериң менен гана сындыра аласың!

⚜𝙽𝚞𝚞𝚛 𝚓𝚊𝚗𝚗𝚊𝚝⚜🎓📚

Ушакчыны унчукпай коюу менен гана тындыра аласың!

📌🙊


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Берген 4 китебине алданба,
Жакшы корсо Китеп кана куруп берет
.

⚜𝙽𝚞𝚞𝚛 𝚓𝚊𝚗𝚗𝚊𝚝⚜😁🤎


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
🎞 ЭЧ КИМДЕН ЭЧ НЕРСЕ КҮТПӨ!

Автор ▷▷▷@risalatkg


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Ар бир илимдүүнүн (аалымдын) илимий шарият китептери болуусу зарыл! 

Ар бир сүйлөгөн сөзүн китептен далилдегенге даяр болуу илимдин мөмөсү (пайдасы). Себеби, окуган илимин  кайталап башкаларга жеткизбесе, инсан баласы унутчаак, окуган маселесин унутуп калышы анык.
Келген маселелерди чаташтырып эптеп жооп бергенге шарият жол бербейт. 

Аалымдар айтышат “Китеби жок аалым, жыңалач баатыр сымал”. Аалымдын куралы бул анын китептери.
Илим алып жүргөн кезде окуган китептерин окуусун бүткөндөн кийин таратып же сатып “Мен эми бул китептерге муктаждыгым жок” деп айткан адамдарга таңкалам.

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

⚜𝙽𝚞𝚞𝚛 𝚓𝚊𝚗𝚗𝚊𝚝⚜


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
📚🦋

Адамдар  канчалык  оор нерселерди көтөрө алышат , бирок таң атаарда үстүндөгү төшөгүн  көтөрө алышпайт.
  Блогерлердин 5 шартын аткарып  , Алланын  5 шартынын  1ин дагы аткаралбай жүрөбүз .

    Жуманы  эмес , Айлыкты  күткөн заманда жашап жатабыз.
    Намаз  окуймун  деп , жүрөгүңдө  сага намаз  окулуп  кетпесин.
   Гыйбат жаман сөз айтып жарашканча куран жаттап  жарышалы.
     Мечитке алып бара албаган бутун, Бейишке кантип алып барсын.

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз


🌸🦋

Жашоонун жалган экенин түшүнгөн адамдын жашоосу жеңил болот.

Түшүнбөсө оор болот,
Кайынчылык келсе кейийт
Акча бергиси келбей коркот
Сараңданат , катуу сөзгө таарынат.
Сыноого чыдабайт
Эл эмне дейт деп жашайт .

Жалган экенин жүрөк менен сезип түшүнгөн адамдын жашоосу 180 градуска өзгөрөт.
Ошону сиңириш үчүн илим алабыз.
Болбосо азыр элдин баары билип алган .
Керек болсо өзүн аалым сезип алгандар да бар.
Даават берсең мен билем деп коёт.
Бирок чыныгы ыхластуулар жана амал кылуучулар өтө аз.
🌾


«Сиздин башыңызга түшкөн азап, стресс күндөн-күнгө күчөп баратат! Ошондойбу?

Адам баласы буудайды эң алгач жерге көмгөн, Аны тегирмендин ташына тартып, ун чыгарат. Отко бышкан нан кылат. Ал тиштери менен чайнат.

Жашагың келсе, өмүр бергиң келсе, жанчылып, жанчылышың керек».

©️ Руми🌸


Эмнени ойлонуп жүрөм билбейм жакшы ойду жазыш үчүн жакшы күндү күтүп жүрөм сыягы))

….бирок сага жакшы сөз айтууда бир учурду күткүм келбейт)🫀


Репост из: Неизвестно
[🔴 ШААБАН АЙЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫГЫ
 
Исламдагы ыйык айлардын бири болгон Ражаб айы да бүттү. Мына бүгүн пайгамбарыбыз ﷺ жакшы көргөн, башка айлардан өзгөчөлөгөн жана пенделердин кылган амалдары Аллахка көтөрүлө турган Шаабан айы дагы кирип келди. Аллахтын сүйүктүү пенделери бул айдын келишин чыдамсыздык менен күтүп, ага өзгөчө даярдык көрүшкөн жана бул айда Аллахка көбүрөөк ибадат кылууга аракет кылышкан. Ал эми күнөө кылган адамдар күнөөлөрү үчүн тообо кылып, Аллахтан күнөөлөрүн кечиришин сурашкан.
 
Усама ибну Зайд, радыяллаху анху, пайгамбарыбыздан ﷺ: «Оо, Аллахтын элчиси! Шаабан айында орозо тутканыңыздай башка айларда орозо тутканыңызды көрбөдүм, (мунун себеби эмнеде)?» – деп сураганда, ал айтты: «Бул ай – Ражаб менен Рамазандын ортосундагы адамдар элес албаган (Шаабан) айы. Бул айда пенделердин кылган амалдары ааламдардын Раббисине көтөрүлөт. Мен дагы кылган амалдарымдын орозо кармаган абалымда көтөрүлүүсүн каалаймын». | Насаи, 2356
 
Бул хадисте пайгамбарыбыз ﷺ адамдардын көпчүлүгү капарына албаган Шаабан айындагы амалдардын сооптуу экендиги жана бул айдын көпчүлүк күндөрүн орозо кармоо менен өткөрүүнүн артыкчылыгы туурасында айтып өттү. Ошондой эле бул айда ар бир адамдын кылган амалдары Аллах таалага көтөрүлөт.
 
Ал эми башка хадисте Аиша энебиз мындай деп айткан: 

«Кээде Аллахтын элчиси ﷺ ушунчалык (көпкө) орозо кармаганынан улам биз аны оозун ачпайт окшойт дейт элек, кээде (көпкө) оозун ачып жүргөнүнөн улам биз аны орозо кармабайт окшойт дечүбүз. Мен Аллахтын элчисинин ﷺ Рамазан айында гана орозону толук тутканын жана Шаабан айында эң көп орозо тутканын көрдүм». | Сахих Бухари, 1969
 
Ал эми кээ бир сахабалардын Шаабан айына кандай мамиле кылышкандыгын айта турган болсок, алар Шаабан айына Рамазан айына даярдык көргөндөй даярданышкан. Мисалы, Аммар ибну Ясир, радыяллаху анху, туурасында мындай деп айтылган:
«Аммар Рамазан айындагы орозого кандай даярдык көрсө, Шаабан айындагы орозого дагы ошондой даярдык көргөн».
 
Бул айдын артыкчылыгы жана андагы кылынган ибадаттар сооптуу болгондугу себептүү сахабалар бул айга өзгөчө көңүл бурушкан. Ошондой эле мүмкүнчүлүктөрүнө жараша орозо кармашып, Куранды окууга жана аны башкаларга үйрөтүүгө көп убактыларын бөлүшкөн. Кедей-кембагалдарга колунан келген жардамын көрсөтүп, аларга садака беришкен. Бул ибадаттарды кылуу менен алар Шаабандан кийинки Рамазан айына даярдык көрүшөт эле. Качан Рамазан айы башталганда алар күч-кубат жагынан да, руханий жактан да ибадат кылууга толук даяр болуп, Рамазан айында эч кандай ачкалыкты же чарчоону сезбестен, ырахаттануу менен орозо тутушкан. 
 
Аалымдар арасында мындай деп айтылган сөз бар: 
«Ражаб айы – бул үрөөнчүлүк айы. Шаабан айы – сугатчылык айы. Ал эми Рамазан айы – түшүм жыйноо айы». Ал эми кээ бир булактарда: «Ражаб айы шамал сыяктуу, ал эми Шаабан айы шамал айдап келген булуттар сыяктуу жана Рамазан айы булуттан жааган жамгыр сыяктуу» – дешкен. Кимде-ким Ражабда үрөөн сеппесе, Шаабанда сугарбаса, анда кантип Рамазанда түшүм алсын?». 
 
 
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
⚠️ Демек, бул айда көбүрөөк орозо кармоого аракет кылалы. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ бул айдын көпчүлүк күндөрүндө орозо кармаган. Шаабан айын толугу менен же тең жарымын орозо кармоо шарт эмес. Бул айдын көпчүлүгүн орозо кармоого кимдин кудурети жетсе, ал өзү үчүн жакшы. А эгер көпчүлүгүн кармоого кудурети жетпесе, анда жок дегенде сүннөткө ылайык дүйшөмбү (биринчи күн) жана бейшемби (төртүнчү) күндөрү орозо кармоого аракет кылсын. Эгерде буга дагы кудурети жетпесе, анда бул айдын 13-14-15-күндөрүндө орозо кармаганга аракет кылсын. Анткени ар айдын ушул күндөрү орозо тутуу сүннөт болуп эсептелет.
 
Ошондой эле Куран китебин көбүрөөк окууга аракет кылалы. Анткени аалымдар айткандай Шаабан айы – Куранды окуунун айы. Эгерде ким бул айда Куранды бир жолу окуп бүтүрүүгө аракет кылса, анда ал үчүн Рамазанда Куранды көп ирээт окуп бүтүрүүсүнө жеңил болот.
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу



💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз


📚🕊

Алланы эсиңден чыгарба, Ал сени коргойт, Анын чектеринен чыкпоого жана тыюуларын бузбоого аракет кыл, болбосо анык адашууларга кабыласың да чоң зыянга учураган болосуң.

«Байкагыла, жүрөктөр Алланы эстөө менен гана тынчтанат!» (١٣:٢٨).

Показано 20 последних публикаций.