Ислам дини


Гео и язык канала: Киргизия, Русский
Категория: Религия


Жакшылыкка багыт көрсөтүүчү - аны аткаргандай эле соопко ээ болот!(Хадис)

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Русский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


https://chat.whatsapp.com/CJhzHuRZlTe4zcKVV8Yq4F
*Бүчүр менен гүл ачса*
*Шүгүр менен күн батса*
*Аллах сүйгөн пендеси*
*Сиз болосуз буюрса*
🤲💖💖💖
Хузайфа ибн Яман разияллоху анхудан рываят:
Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи васаллам) жатаар убакта ушул дубаны окуган

*,,Бисмикаллохумма амууту ва ахйаа"*

Котормосу:
*,,Оо,Аллах сенин атың менен гана өлөмүн жана сенин атың менен гана кайрадан тирилемин"*
(Бухари, Тирмизий, Абу Дауд)

*ЫЙМАНДА ЖАТЫҢЫЗДАР*
💖💖💖💖
*АЛЛАХГА АМАНАТСЫЗДАР*
🤲🤲🤲🤲
*ТҮНҮҢҮЗДӨР БЕЙПИЛ БОЛСУН*
*ТҮШҮҢҮЗДӨР БЕЙИШ БОЛСУН*
🕊️☄️🕊️☄️🕊️


Декретте олтурган Аруу Энелер жана , Студент эже синдилер сиздер үчүн эң соонун мүмкүнчүлүк😍😍👍👍👍😘😘🎁


Үйдө олтуруп эле кирешеге чыксаңыз болот экен
Ишеним 💯%

💸 💰 Үйдө олтуруп бекер эле убакыт өткөрбөстөн биз менен бизнес кылгыныз келеби анда .
Биздин дарекке тез жазыңыз
❤️😍😍😘 +996709441506
Сиздерди күтөбүз
Орундар чектелүү гана калды .
Шашылыныздар .🎁🎁🛍🛒


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
بسم الله الرحمن الرحيم 🕌

*Бисмиллахир Рахманир Рахим*

Аллахтын ырайымы жана берекеси жааган, күнөөлөр кечирилген, сооптор эселеп берилген Ыйык Рамазан айы да келип жетти!

Бүгүн, иншаАллах, биринчи таравих намазы окулат. Бул куттуу айда ар бирибиз көбүрөөк ибадат кылып, Куран окуп, дубаларды көбөйтүп, соопко умтулайлы.

Рамазан — тазалануу, ыйманды бекемдөө жана руханий өсүү айы!
Аллах Таала ар бирибиздин орозобузду кабыл кылсын, үй-бүлөбүзгө, өлкөбүзгө тынчтык жана береке насип этсин!

*Рамазаныңыздар маарек болсун! 🌙✨*

https://chat.whatsapp.com/CJhzHuRZlTe4zcKVV8Yq4F


📿🗝️📿🗝️📿🗝️📿🗝️📿🗝️📿

*ТАСБИХ ТАРАВИХ:*

*"سبحان ذي الملك و الملكوت.*
*سبحان ذي العزة و العظمة و القدرة و الكبرياء و الجبروت.*
*سبحان الملك الحي الذي لا ينام و لا يموت.*
*سبوح قدوس ربنا و رب الملاءكة و الروح.*
*لا اله الا الله نستغفر الله.*
*نسالك الجنة و نعوذ بك من النار."*
*(Субхаана зиль-мульки уаль-малакуут.*
*Субхаана зиль-ьиззати уаль-ьазомати уаль-кудроти уаль-кибрийа'и уаль-жабаруут.*
*Субхааналь-маликиль-хаййильлазии лаа йанааму уа лаа йамуут.*
*Суббуухун куддуусур-роббунаа уа роббуль-малаа'икати уар-руух.*
*Лаа илааха иллаллооху настагфируллоох.*
*Нас'алукаль-жанната уа наьуузу бика минаннаар.)*

📿🗝️📿🗝️📿🗝️📿🗝️📿🗝️📿


*📣СУРАГАНДАРГА:*

*🌙Бүгүнбуйруса куптан намазынан кийин "ТАРАВИХ" намазын окуйбуз...*

*✨ Ниет кылдым 4 рекет таравих намазын окууга , жүзүмдү бурдум кыбылага, калыс Алла Таала үчүн- деп ниет кылабыз.*

*✨(Бешим намазынын сүннөтүндөй кылып 4 рекеттен 5 жолу окулат. Ошондо жалпы 20 рекет окулат)*

*✨ ⁠Ар бир 4 рекеттен соң тасбих айтабыз...*

*🕋АЛЛАХЫМ баардык мусулмандарга Ырайым кылып ар бир соолих амалдарыбыз Ага жакындатсын!*🤲❤️


🔰Ыйык айлар

Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деген:
«Жыл 12 айдан турат, алардын төртөө - ыйык айлар: Зул-Каада, Зул-Хижжа, Мухаррам жана мудардын Ражаб айы, ал Жумада жана Шаъбан айларынын ортосунда келет».

📚(Бухари: 4406, Муслим: 1679).


Аллах Таала бул төрт айды башка айлардан өзгөчө кылып, ыйык айлар деп белгилеген.

Бул айларда жасалган күнөөлөр башка айларда жасалган күнөөлөрдөн чон болуп эсептелет, андыктан күнөөдөн оолак болуу керек.

Ошондой эле, жакшы амалдардын сообу да бул айларда өзгөчө чоң болот.

Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) минтип айткан:
«Аллах бул төрт айды ыйык айлар кылган. Бул айларда жасалган күнөөлөр чоң жазаланат. Ошол эле учурда бул айларда кылынган жакшы иштердин сообу да көбүрөөк болот».


Айлардын тизмеси:

1. Мухаррам (ыйык ай)

2. Сафар

3. Рабиуль-Авваль

4. Рабиуль-Ахир

5. Жумада ал-Уля

6. Жумада ал-Ахира

7. Ражаб (ыйык ай)

8. Шаъбан

9. Рамазан

10. Шавваль

11. Зул-Каада (ыйык ай)

12. Зул-Хижжа (ыйык ай)
----------------------




"Ахли суннат уал жамаат" Мазхабы боюнча эгерде инсан намаз окуп, орозо кармап, ажылык кылып, садака берип, куран окуп, зикир чалып, же башка жакшы амалдарды кылып, сообун козу откондорго багыштаса, бул амалдардын сообу аларга жетет. (Шархул Канз)


Эгерде аял динде болсо :
1. 70 олуядан абзел.
2. Аллах Таала аны хурайндан (бейиштеги кыздар) 70 эсе сулуу кылып коëт.
3. 70 000 периште бир гана анын кийимдерин которушот.
4. Куйоосуно тамак берсе 12 жылдык нафил ибадаттын сообу берилет.
5. Куйоосун жакуттан (жемчуг) жасалган аттын устундо кутуп турат.
6. Куйоосуно баш ийсе жаннаттын каалаган эшигинен кире алат.
7. Куйоосун айттырбай массаж кылса, 1 кг алтын садака кылгандын сообу берилет. Айттырып кылса, 1 кг кумуш садака кылгандын сообу берилет.
8. Боюнда бар аялдын 2 рекет намазы, жонокой аялдын 80 рекет намазынан абзел.
9. Куйоосунун чарчап келгенин коруп, жакшылап тосуп алса, жарым жихаддын сообу берилет.
10. Тункусун баланын ыйлаганынын себебинен уктай албаса 20 кулду боштондукка чыгаргандын сообу тиет.
11. Куйоосун мээрим козу менен караса, Аллах Таала ал аялга рахмат мээрими менен назар салат.
12. Оорулуу баласынын себебинен уктай албаса, баардык куноолору кечирилет жана 12 жыл ибадат кылгандын сообу берилет.
13. Боюнда болгон учурда туну ибадат, куну орозо эсептелет.
14. Бала торогондо Аллах Таала ошол аялдын амал дептерине 70 жылдык намаздын сообун жаздырат.
15. Бала тороп жаткандагы кыйынчылыктын ордуна , ошол аялдын ар бир тамыры ооруганы себептуу, бир тамырынын ооруганынын ордуна бир хаждын сообун жазат.
16. Баласына озу сут ичирсе (эмизсе) 1 жылдык намаз жана орозонун сообу берилет.
17. Пайгамбарыбыз(с.а.в) айткан: " Менин уммотумдогу эн жакшы аял-кимисинин калыны аз болсо ".
18. Диндеги баласы бар аялдын, диндеги баласы жок аялдан айырмасы - 82 жылдык ибадат.
19. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: " Бул дуйнодо кимде 4 нерсе болсо, бул дуйно жана акыреттин жакшылыгын тапты:
1.Зикир кылуучу тил.
2.Шугур кылуучу журок.
3.Кыйынчылыкты которуучу дене.
4.Куйоосун сыйлаган жана анын малын сактоочу аял".
20. Эгерде аял уйдогу ар бир ишти Бисмиллааны айтып баштаса, уйдогу баардык нерселер ал учун дуба жана истигфар кылышат. Ошондой эле ичип - жеген нерселеринин баарында береке болот.


Китептер Дүйнөсү: https://t.me/onlinekitep


https://t.m
e/sizjakhsyadamsyz

*Бир жапон студенти Америкага окууга барып, 4 жыл бою кийим албай, эски кийимдерин жамап кийет. Аны көргөн баары шылдыңдайт. Дипломун алып жатып :"Хирошимада менин элимди кырып салган заалим элге бир тыйын да бергим келген жок, силер бир тыйынга дагы арзыбайсыңар." деген экен.*


28- февралдан баштап Таравих намазы окулат. ар бир 4 рекетинде тыным алганда Аллахты улуктап, төмөнкү тасбих окулат

سُبْحَانَ ذِي الْمُلْكِ وَالْمَلَكُوتِ سُبْحَانَ ذِي الْعِزَّةِ وَالْعَظَمَةِ وَالْقُدْرَةِ وَالْكِبْرِيَاءِ وَالْجَبَرُوْتِ، سُبْحَانَ الْمَلِكِ الْحَيِّ الَّذِي لَا يَنَامُ وَلَا يَمُوْتُ، سُبُّوحٌ قُدُّوسٌ رَّبُّنَا وَرَبُّ الْمَلَائِكَةِ وَالرُّوْحِ، لا اله الا الله نستغفر الله و نسألك الجنة و نعوذ بك من النار

«Субхаана зиль-мульки валь-малякуут.

Субхаана зиль- иззати валь-'азамати валь-кудрати валь-кибрияяи Валь-жабаруут.

Субхааналь-Маликиль-хайиль-лязии ляя ямуут.

Суббуухун куддуусун роббунаа уа раббуль-маляяикяти вар-руух. Ляя иляяха илля иллааху настагфируллаа, нас алюкяль-джанната ва науузу бика минан-наар»

Мааниси:

Асман менен жердеги падышачылыктын ээси Аллахка тасбих-мактоо айтамын. Кудуреттин, улуулуктун, чексиз күчтүн, бийиктиктин жана бийликтин ээси Аллахка тасбих айтамын. Түбөлүк Калуучу, баарын башкарып туруучу Аллахка тасбих айтамын. Ал уктабайт жана Ага эч качан өлүм жетпейт. Баардык периштелердин жана рухтун, Жабраилдин (Аллахтын ага саламы болсун) Роббиси болгон Аллах Таала баардык айып кемчиликтерден аруу жана таза. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Аллах Тааладан кечиримди, бейишти жана тозоктони куткарылышыбызды сурайбыз!

Аллах окулган намаздарды кабыл кылсын 🤲🏻

Өзүңүз билген эле сүрөлөр менен окуй бересиз, мен билбейм бул сүрөөнү деп кыжаалат болбоңуз. Кийинки рамазанга чейин дагы да көбүрөөк сүрө жатоого нинт кылыңыз жана аракет кылыныз

#Рамазан #рамазан2025 #таравих


“Аялдардын Рамазан айына эрте даярдыгы”

Өзүм окуп чыктым жана баарыбыз үчүн пайдалуу болот деп ойлойм: 🌙💛
1. Бөлмөңдү иретке келтирип, бир аз өзгөртүү киргиз жана тазала. 💛
2. Намаз кийимиңди жана жайнамазыңды жууп, жагымдуу жыт себип кой. 💛
3. Бөлмөңдө кичинекей болсо да ибадат бурчун даярда. Канчалык тар же кичине болбосун, мындай бурчту түзүү мүмкүн. 💛
4. Намаз кийимиңди, сажда килемиңди жана Куранды ушул бурчка жайгаштыр. Бул жерде Аллахка дуба кылып, сырыңды бөлүш, анткени ал Кыямат күнү сен үчүн күбө болот. 💛
5. Кичинекей кутуча алып, аны “Рамазан үчүн садака” деп ата. Ар күнү ага бир аз акча салып, аны менен кайрымдуулук иш-чараларын уюштур – мисалы, майрамга кийим алып берүү же жетимдерге ооз ачтыруу. 💛
6. Күн сайын бир жакыр үй-бүлө менен ооз ачууңарды бөлүшүү жакшы идея. Тамакты бир аз көбүрөөк жасап, аларга дагы бөлүп бергиле. 💛

7. Жактырган жана жүрөгүңө жакын болгон бир сүрөнү тандап, аны жаттап алууга ниет кыл. Бул ыйык айда чоң сооп аласың. 💛
8. Көп истигфар (күнөө кечирим сурап) айт. Ниетиңди так аныкта – мисалы, Аллах сага салих (жакшы) урпак берсин, кайгыңды жеңилдетсин ж.б. Көптөгөн маселелер истигфар менен чечилет. 💛
9. Үч адамды (бир туугандарыңды же досуңду) тандап, алар үчүн күн сайын дуба кыл. Ошондой эле, алар да сен үчүн дуба кылышсын. Айдын аягында анын натыйжасын көрөсүң. Анткени периштелер: “Сен башкалар үчүн дуба кылсаң, сага да ошондой эле берилет” деп айтышат. 💛
10. Рамазанда ар жума сайын ажылык жана умранын сообуна ээ бол!
Ооба! Ар жума бир күндү тандап (же бир нече күн), таңкы намаздан кийин жайнамазыңда калып, дуба кыл, тасбих айт, истигфар кыл, Куран оку жана күн чыккандан кийин эки ракат намаз (ишрах намазы) оку. Муну кылсаң, толук ажылык жана умранын сообун аласың. 💛
11. Куранды көп оку. Үч жолу хатым кылууга ниет кыл. Эгер толук бүтүрө албасаң да, ниетиң үчүн сооп аласың. Анткени ар бир тамга үчүн он сооп берилет, айрыкча Рамазанда. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба! 💛
12. Ар күнү кичине суммадагы акчаны чогултуп, он күн сайын жетимге садака кыл. Ар бир кайрымдуулукка өзүң каалаган тилегиңди кош. 💛
13. Өзүң үчүн жашыруун ибадат планы түз. Аллах үчүн кылган жашыруун амалдарың соопторуңдун таразасын толуктайт. 💛

Бул кеңештерди башкалар менен бөлүшсөң, сооп аласың!

Мени да дубаңарда эстеп коюңуздар. 💜
Аллах бул кеңештерди бөлүшкөн жана тараткан адамдардын амалдарын сооп таразасын оор кылсын.

Балким, сенин карындашың, эжең, досуң же сүйүктүүң бул насаатты угууга муктаж болуп жаткандыр.


1-МАРТ РАМЗАН АЙЫНЫН
БИРИНЧИ KYHY🌙

🔊1-MAPT KYHY OPО30 КАРМАЛАТ

2025-жылдагы ыйык Рамазан айы 1-мартта
башталат. 28-февралда елке аймагындагы бардык
мечиттерде таравих намазы окулат.

muftiyat.kg✅

🔰https://t.me/Akyretke_Amal01


https://chat.whatsapp.com/CJhzHuRZlTe4zcKVV8Yq4F




قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:


Пайгамбар С.А.В.мындай деди


Кутман таң ☀️ Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ дын сүйүктүү үммөттөрү амансыздарбы!?

Күнүңүздөр көңүлдүү берекелүү болсун 🤲🏻!




*Жүрөктөр Аллахты эстөө менен гана тынчтанат.*

Ооба, бул сөз Курандын Рад сүрөсүнүн 28-аятында айтылган:

"Алаа бизикриллахи татмаиннул-кулуб"
"Билгиле! *Жүрөктөр Аллахты эстөө менен гана тынчтык табат." (Рад 13:28)*

Бул аяттын мааниси өтө терең. Адам канча байлык топтосо да, канча ийгиликке жетишсе да, эгер жүрөгү Аллахты эстебесе, ал түгөл тынчтык таба албайт. Чыныгы жан дүйнө бейпилдиги, бакыт жана сабырдуулук – Аллахты көп зикир кылууда, намазда, дубада жана шүгүр кылууда жатат.

*Жүрөктү тынчтандыруу үчүн эмне кылуу керек?*

*1. Зикир кылуу – "Субханаллах", "Алхамдулиллах", "Лаа илааха иллаллах", "Аллаху Акбар"*


*2. Куран окуу же угуу – Куран жүрөккө нур берет*


*3. Намазды бекем кылуу – Намаз – бул жүрөккө эң күчтүү дары*


*4. Дуа кылуу – Аллахка кайрылып, жүрөктүн тынчтыгын суроо*


*5. Садака берүү – Берген адамдын жүрөгү жеңилдей түшөт*



Жүрөк Аллахты эстегенде гана тынчтык табат. Анткени, адамды жаратып, ага тынчтыкты да, тынчсызданууну да берген – Аллах. Демек, чыныгы бейпилдикти да Аллахтан гана табабыз.


*_💫 YMYT 💫_*

*_🌴АЯТ: «Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө. Анткени, Аллахтын ырайымынан каапыр болгондор гана үмүт үзөт... деди»._*

_(«Юсуф сүрөсү: 87)_

*_🌴ХАДИС: «Аллах Тааланын ырайымынан үмүт кылган, өзүнүн күнөөлөрүнөн корккон адамды Аллах Таала коопсуз кылат, үмүт кылган нерсесине жеткизет»._*

*_🟩ОКУЯ: АЛЛАХТАН ҮМҮТ ҮЗБӨӨ!_*

*_Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай дейт:_*

*_«Тозоктун отуна кирген эки киши аябай катуу кыйкырык салат. Аллах Таала «Буларды чыгаргыла!» деп буйрук кылат. Чыгаргандан кийин алардан:_*

_- Эмне себептен аябай катуу кыйкырдыңар?- деп сурайт._

_- Бизге ырайым кылаарсың деп ушундай кылдык, дешет._

*_-Менин силерге болгон ырайымым: кайрадан барып, өзүңөрдү отко таштагыла!- дейт Аллах Таала._*

*_Алар артка кайтышып, алардын бирөөсү кайрадан өзүн отко таштайт. Аллах Таала кулду өкүмүн аткаргандыгы үчүн, отту муздак жана салкын кылат. өзүн отко коёт. Аллах Таала андан:_*

_Эмне себептен шеригиңдей болуп өзүңдү отко таштаган жоксуң? деп сурайт._

_- Оо, Жараткан! Мен оттон чыгарылгандан кийин кайрадан мени отко таштабооңуздан үмүт кылып сыйындым, дейт._

_- Өтүнүчүңдү жана үмүтүңдү кабыл алдым, дейт Аллах Таала._

_Ошентип, Аллах Тааланын ырайымы менен экөөсү тең бейишке кирген экен»._

*_📗Булагы: Ар бир күнгө бир аят бир хадис бир окуя китебинен_*
🤝😍🤲🤲
https://chat.whatsapp.com/LucUuC3ucm2EwKlfYYGMwa


https://t.me/onlinekitep


Катталып бөлүшүп коюңуздар ☺️

Показано 20 последних публикаций.