ИСЛАМ ТААНУУ


Гео и язык канала: Киргизия, Русский
Категория: Религия


📜Ислам динин Куран-Сүннөттүн негизинде таанып билүүнү кааласаңыз бул канал сиз үчүн.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Русский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций




📜Сабактын темасы:

Шаьбаан айында орозо кармоонун артыкчылыгы

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп койуңуздар.


Урматтуу мусулман бир тугандар!

Бүгүн Шаьбан  айы кирип келди. Бул айда Аллахтын Элчиси ﷺ нафил  орозолорду кармоону көбөйткөн. Ошондой эле бул айда орозо кармагандай башка айларда нафил орозону көп кармабаган. Себеби бул айда хадисте келгендей амалдар Аллахка көтөрүлөт, ошон үчүн баарыбыз орозо кармоону көбөйтүүбүз керек. 

Эгер  кимдир бирөөнүн былтыркы жылдагы Рамазан айынан калган каза орозосу  болсо, аны тезирээк ушул айда кармап бүтүрсүн. Анткени бул айдан кийин  Рамазан айы кирип келет. 

Аллах Таала баарыбызды Рамазан айына ыйманда жана саламатта жеткирип,  ал айда орозо кармап, көп-көп солих амалдарды жасоону насип кылган  болсун.


Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

👉 https://t.me/islamtaanuu


Шейх Солих Ал-Фаузан хафизохуллох айтат:

"Жаннат Аллахка моюн сунуп, ибадат кылган адам үчүн болот. Мейли ал  эфиопиялык кул болсо да. Аллахка каршы келип, күнөө кылган адам үчүн Тозок болот. Мейли ал шарапаттуу Курайш уруусунан болсо дагы."

Булак: "Калмаат ромаданий 2016.06.12".

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Аллахтын буйруган буйруктарын аткарып, Ал кайтарган арам иштерди таштап, Раббысына чын ыкластан ибадат кылган мусулман, мейли ал эл арасында мансабы, баркы, акчасы  жок болсо да, ошондой эле ден соолугу  начар болсо да, бирок  Раббысына сыйынган себептүү акыретте ага Жаннат болот.

Ал эми Аллахтын буйруган парздарын аткарбай,  кайтарган арам нерселерин таштабай, өз каалоосу  менен жүргөн адам, мансап жана көп дүйнө ээси   болсо дагы ага Тозок болот.

Аллах  Таала баарыбызды  Тозок отунан сактаган болсун!



Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

t.me/islamtaanuu




Жабир ибн Абдуллахтан риваят: "Аллахтын элчиси ﷺ айтты:

"Оо адамдар, Аллахтан корккула! Ырыскы издөөдө (себебин) туура кылгыла! Ырасында (ар бир) жан өзүнө жазылган ырыскысын толук алмайынча өлбөйт, мейли ал (ырыскысын издөөдө) кечиккен болсо дагы. Аллахтан коркуп себебин көркөмдөгүлө! Ырыскынын адалын алып, арам болгонун таштагыла!"

📚Ибн Хиббан 3239,
Ибн Мажах 2144,
Албани хадисти сахих деген.


Абу Хурайрадан (Аллах ыраазы болсун) риваят:

"Аллахтын Элчиси ﷺ сахабаларына мындай деп айтты: 
Банкрот деген эмне экенин билесиңерби?

Сахабалар: 
Банкрот деген эч кандай акчасы да жана дүйнөсү да жок адам  - дешти. 


Аллахтын Элчиси ﷺ:
Менин үммөтүмдөгү чыныгы банкрот болгон адам - ал Кыямат күнү намаз окуп, орозо кармап, зекетин берип келет, бирок ошону менен бирге бирөөнү жамандап сөккөн, башканы зына кылды деп жемелеген, бирөөнүн малын тартып алган, бирөөнүн канын төккөн жана башканы урган абалда келет (Кыямат күнү зулумдук кылганы үчүн сөккөн) бул адамга өзүнүн сообунан берет жана тиги адамга сообунан берет (кылган зулумдугу аябай көп болгон себептүү бере турган) сообу түгөнүп андан кийин (зулумдук көргөн адамдардын) күнөөлөрү бул адамга берилип, (өзүнүн жана башкалардын күнөөлөрүн көтөрүп) Тозокко ыргытылат,"- деди.

📒Муслим 2581

🖋Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu




Шейх Сулайман Рухейли (Аллах аны сактасын)

Убакытың берекелүү болуп көп нерсеге жетишүү үчүн кандай амал кылуу керек?

👉 t.me/islamtaanuu


t.me/islamtaanuu

Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуздар.


Урматтуу мусулман бир туугандар!

Аллах Таала ар бир мусулманга балакатка жеткенден баштап дүйнөдөн өткөнгө чейин эч нерсени шерик кошпой жалгыз Өзүнө сыйынып, күнүнө беш маал намаз окууну парз кылган. Ошондой эле кээ бир нерселерди арам кылган. Мисалы зына, арак, сүткорлук (процент) ж.б ушул сыяктуу нерселер. Кимде-ким көп жашап, ошол өмүрүн ибадатта өткөргөн болсо, ал эң жакшы адамдардан болот. Ал эми ким узун өмүр сүрүп, бирок Аллах буйруган ибадаттарды аткарбай, кайтарган арам иштерден тыйылбаган болсо, ал эң жаман адамдардан болот. Себеби инсан Кыямат күнү ар бир окулбаган намазы үчүн жана жасаган арам иштери үчүн суралып, эки тараптан азапталат. Биринчиси Аллахтын буйруктарын аткарбагандыгы үчүн болсо, экинчиси арамдардан тыйылбагандыгы үчүн болот. Ошондуктан ким бул дүйнөдө көп жашап, амалы жаман болсо, анын азабы күнөөсүнө жараша оор болот. Ал эми ким ибадат кылууда көп жашаган болсо, анын Бейиштеги орду амалына жараша жогору болот.

Аллах Таала баарыбызды Өзүнө ибадат кылууда өмүрүбүздү узун кылсын!

t.me/islamtaanuu

Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!




Репост из: ИСЛАМ ТААНУУ
Чыныгы ырахат жүрөктөн үч нерсени чыгаруу менен болот.

Биринчи: Ширктин түрлөрүнөн сактануу.

Кимде-ким чыныгы ырахатты кааласа - жүрөгүнөн Аллахтан башка сыйынып жаткан кудайлардын баарын чыгарып, Аллахтын жалгыз Өзүнө сыйынуусу керек. Себеби кайсыл жүрөктө ширк болсо - Аллах ага эч качан ырахат бербейт.

Экинчиси: Адамдан Аллахтан коркондой коркуудан сактануу.

Миса
лы, олуя, көзү ачык, сыйкырчы жана шейхтерди кайыпты билет же көрүп турат же эмне кылып жатканыңды билип турат деп же аларга сажда кылып асты менен кирип арты менен чыгып, алардан ушундай деңгээлде корккон болсо - бул жүрөк ушундай ширктерден жана бидааттардан толук кутулмайынча эч качан ырахатка жете албайт. Себеби Аллах Таала  мындай жүрөктү ушундай ишенимдери болгону үчүн ошол  адамдарга таштап койот. Ал эми ал адамдар жүрөккө эч качан ырахат бере албайт.

Үчүнчүсү: Сокур ээрчүүдөн сактануу.

Миса
лы далилсиз сокур ээрчүү  адамды ар кандай жолдорго жана ишенимдерге алып барышына себеп болот. Тактап айтканда, шейхи эч кандай далилсиз эле баланча туура десе - туура деп, туура эмес десе - туура эмес деп, Куран-Сүннөттү тилинде гана реклама сыяктуу айтканы менен анын таянган далили - шейхи болсо - мындай жүрөк эч качан ырахат таба албайт. Анткени жүрөгүн далилге эмес, шейхине байлганы үчүн ар дайым бир жолдон экинчи жолго же бир ишенимден экинчи ишенимге көчүп жүрө берип жүрөгү чарчайт. Мындай адам туура эле шамал ар тарапка учурган канат же жүн сыяктуу болуп бир ордунда тура албай, кайсыл жакка айдаса ошол жака кете берет. Ал эми чыныгы Куран менен Сүннөттү карманган мусулман эч качан козголбогон тоо сыяктуу. Себеби далил эч качан эки нерсеге чакырбайт ошол себептен бир жолдо кете берет.

Талас Артыкбаев

rel='nofollow'>👉t.me/islamtaanuu

Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!


Репост из: ИСЛАМ ТААНУУ


Репост из: ИСЛАМ ТААНУУ
Исламда Аллах Таала мусулман мусулманды шылдыңдоону арам кылган. Мунун натыйжасы жакшылыкка алып барбаарын, жашообузда эле бирөө бирөөнү бир нерседе аябай катуу шылдыңдап, артынан күлүп жүрүп, бирок күндөрдүн бир күнүндө өзү да дал ошондой нерсеге түшүп, сыналып калганын көп кездештирип жүрөбүз. Ошондуктан башкаларды шылдыңдоодон сак болуу керекпиз. Аллах баарыбызды туура жолуна салган болсун!

👉 t.me/islamtaanuu

Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!




📜Сабактын темасы:

Мусулманга сен каапырсың деп акысыз өкүм берүүнүн коркунучтуулугу

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!




📜Сабактын темасы:

Сүннөттүн негиздери китебинен: Имам Ахмад тууралу кыскача маалымат

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!


📜Сабактын темасы:

Кыш мезгили такыба момундун сезону

👉 t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп коюңуздар!

Показано 20 последних публикаций.