Же жакшы нерселерди сүйлө,же унчукпа!✨
Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) өзүнүн куттуу хадистеринин биринде: « Кимде-ким Алла Таалага жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшы нерселер тууралуу сүйлөсүн, болбосо,унчукпайсың!»,– деген жана сүйлөөгө,анын адептерине өзгөчө кылдат мамиле жасоого үгүттөгөн. Пайгамбарыбыздын ( саллаллоху алейхи васаллам) жашоосуна саресеп сала турган болсок,эч бир орунсуз сүйлөгөн сөзүнө күбө боло албайбыз. Асыл таштай салмактуу сүйлөгөн Пайгамбарыбыз ( САВ) ар бир сөзгө жана ал сөздүн төркүнү кай жакка барарына зергердей кылдат мамиле жасаганы маалым. Эч качан ашыкча да,кем да сүйлөгөн эмес. Анан калса дайыма кыска,нуска сүйлөгөнү талашсыз.❤️
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: « Гыйбаттан сактангыла! Себеби,гыйбат зынадан да оор күнөө. Зына кылган адам тообо келтирсе (андан кийин бир да зынаакорлукка жолобосо), Алла Таала анын тообосун кабыл кылат. Ал эми гыйбат кылган адам ушакталган адамдан кечирим алмайынча күнөөсү кечирилбейт.🍂