Эсиңиздерде болсо, биз "Кыргыз Индустрия" ААК бронежилеттерди жана тактикалык кийимдерди чыгарып жатат деп жазган болчубуз.
Жакында эле Кыргызстандын облус башчылары ошол өндүрүштүк жайды көрүп, таанышып келишиптир.
Эми кеп мындай, "Кыргыз Индустриянын" 20 өндүрүштүк оруну болсо, анын 16сы жумушун баштап, өзүнүн өндүрүштөрүн сырт жакка экспорттоп жатат деп маалымат берилди. Айрыкча КМШ мамлекеттерине.
⚡️Жана маалыматтын эң маанилүү жагы, эми биз "Бронеплиталарды" да өзүбүз өндүрүп жатат экенбиз. Албетте Армиябыз үчүн. Бул "КЫРГЫЗ ИНДУСТРИЯ" ААК мамлекеттик ишкана деп айтылат, билбеген болсоңуздар.
Жакынкы арада дал ушул ишканада Кыргызстандын дагы бир ирий унаа чыгаруучу завод ачылат деп да жазганбыз.
@kg_militarist |
Прислать контент