Лейлекте 100 үй бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген
Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча КРнын Президентинин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов жана КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Лейлек районунун чек ара айылдарындагы калыбына келтирүү иштеринен кабар алышты-деп, маалымдайт Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалда Баткен облусу боюнча жалпы 417 үй жабыркаган болсо алардын 100 Лейлек районунда.
Бүгүнкү күндө Лейлек районунун чек ара айылдарындагы 100 үй толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.
Жетекчилер турак үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушуп, курулуштун сапаты боюнча сүйлөшүштү.
Жаңыдан бүткөн турак үй ээлери, үйлөрүн калыбына келтирүү иштерине катышкан бардык тараптарга, өлкө башчысына ыраазычылыгын билдиришти.
@kg_militarist