Бизге суктангандар көп болуп атты. “Кооз сабыр көрсөтүштү”. “Күчтүү экенсиңер…” Жада калса бир аяшкам Курманжан датка менен салыштырып ийиптир)
Ушул жерден баары жаңылышат. Жеке мен бардык тараптан алсыз инсанмын. Бирок Аллах Таалам ырайым кылып, сыноодон өзүмдү жоготпой өтүп, жүрөгүмө сакина (өзгөчө тынчтык, Аллахка терең ишенүү сезими) абалын кызымды жоготуп, акыркы сапарга узаткан күндүн эртеси эле берип койду. Азыр бир дагы элес, бир дагы ой жүрөгүмдү сыккан жок альхамдулиллах.
Себеби демейде бир күн эле уйкум жакшылап канбай калса мээм кадимкидей начар иштеп, далдырап калган жаным ошол оору башталган күндөн баштап канча түн аябай аз уктасам да акылым, аң сезимим тунук болуптур. Кайсы күнү кандай симптомдор болгонун; кайсы каражат, процедура кандай ирет жана өлчөм менен берилгени жакшы эсте калыптыр.
Демейде тез чарчап, наалый берген жаным ошол күндөрү эч наалыбай, сабыр кылып үмүт менен кызымдын жанында жүрүптүпмүн.
Демейде тез ачуулана берген, кыжырдана берген жаным ошол күндөрү антпептирмин.
Демейде иштерди чабал жасап, көп нерселерге көңүл бурбай көңүл кош мамиле кылган жаным ошол күндөрү болушунча так болгону аракет кылып, бардык өзгөрүүлөргө тез реакция кылыптырмын.
Демейде катуу коркконумда кадимкидей өзүмдү жоготуп койгонго чейин барган жаным мында канча коркуп калтырап атсам да өзүмөн кетпедим.
Эч оюма нааразылык келбептир. Негизи жакынын жоготкон кишилерди өкүнүч көп жеп коет. “Аттиң мындай тигиндей кылганымда…”, “мындай мамиле кылганымда…” деп. Менде андай өкүнүү болгон жок. Себеби колуман келген нерселердин баарын кылыптырмын. Ошого иштин натыйжасы үчүн эч Аллахка, Анын жазган тагдырына кыпынчалык дагы нааразылык сезим болгон жок.
Узаткан күндүн эртеси күнү дүкөндү аралап жатып “кызым азыр Камкордун колунда. “Туура эмес тамак берип коюшат, каралбай калат, омурткасына күч келтирип даяр эмесинде отургузуп, тургузуп коюшат, карагандан чарчашат “ деген сезимдер жок, тынч жүрө берсем болот” деп жүрдүм.
Мунун баары мен кыйын, күчтүү же кээ бирине сезилгендей таш боор эне болгонум үчүн эмес. Болгону Аллах ырайым кылып жүрөгүмө ошол сезимдерди, ошол акыбалдарды орнотту.
Аллах ырайым кылбаганда кайгы кападан чыга албай, ар кайсы психологдун кабинетинде көз жашымды төгүп бүтө албай жүрмөкмүн көпкө.
Аллах ырайым кылбаганда өзүмдү жоготконуман кызымды ооруканага чейин алып бара албай калмакмын.
Аллах ырайым кылбаганда кепиндешкени жардам бере алмак эмесмин.
Аллах ырайым кылбаганда зыян куфр сөздөрдү айтмакмын.
Ошондуктан эч мага суктанбагыла. Мен өтө алсызмын. Аллахты улуктагыла. Ага таң калгыла. Ага баш ийгиле. Ага өлүм дагы, жашоо дагы таандык. Ал асмандарга жана жерге бийлик кылат. Жүрөктөрдү жана сезимдерди да башкарган Ал. Жалгыз сыйынууга жана мактоого татыктуу.