🥳
Эгемендүүлүктү кандай же кантип майрамдоо керек?
📌 Ассалоому алейкум урматтуу Кыргыз калкым, урматтуу окурманым, урматтуу мекендештерим бардыгыңыздарды өлкөбүздүн эгемендүүлүк майрамыңыздар менен куттуктайм. Эгемендүүлүк күнүңүздөр куттуу болсун!
Бирок, ушинтип кур ооз сөз менен куттуктай берип, дагы эле “чыныгы эгемендүүлүк кандай болот?” - деп ойлонгон жоксузбу? Мен ошону сурагым келип жатат. Албетте эгемендүүлүктүн ченеми жок, ачка отурсаң дагы, башкага көз каранды болбой, эгемен жашаганга эмне жетсин. Бирок менин кыялымдагы, менин майрамдагым келген майрам бул эмес.
❓Чыныгы эгемендүүлүк майрам кандай болушу керек?
📍 Кыргызстандын билим берүүсү дүйнөдө эң мыкты деп бааланды!
📍Кыргызстан эгемендүүлүк күнүнө карата Марска ракета учурду!
📍 Кыргызстандык жаштар эгемендүүлүк күнүнө карата Африкада кыйынчылык тартып жаткан мамлекеттерге мектептерди салды!
📍 Кыргызстан өзүнүн эгемендүүлүк күнүнүн урматына Орусиянын жана АКШнын карыздарын кечти!
📍 Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн урматына коңшу өлкөлөрдөн 200 дөн студентти акысыз окутуп берүү мыйзамына кол койду!
📍 Бейжинде Кыргыз-Кытай мамлекеттик университетинин ачылышы болду!
📍 Барселонада Кыргыз мамлекеттик илим изилдөө институту ачылды! Мындан тышкары кандай кыялдана алсаңыз, ошондой кыялданыңыз, аларга жетүүгө толук мүмкүн, анын да жолу бир гана өзүңдү өнүктүрүү.
📌 Урматтуу окурманым, мен курулай эле майрамың менен деп койгон сөздөн тажадым. Жок дегенде Эгемендүүлүк майрамыбыз кут болсун! – деп туура жазуудан баштайлы. Жок дегенде, эгемендүүлүк өтө баалуу нерсе экенин өзүбүз сезип, ошонун урматына быйыл өзүмдү өнүктүрүүдөн баштайын.
📌 Келиңиз урматуу окурманым, эгемендүүлүктүн баркын өлкөбүздөгү ар бир жаранды билимге үгүттөө менен сезели, а өзүбүз дагы эгемендүүлүктү ар күнү сезели, ар күнү бүгүнкүдөй майрам экенин сезели, андыктан күнүгө өнүгөлү. Ошондо гана жогорудагы айтылган кыялдарга жетебиз!
📌 Урматтуу мекендешим өлкөбүздүн жана биздин эгемендүүлүк күнүбүз куттуу болсун!
✍🏼
Програмчы, агартуучу Турат Алыбаев. Бишкек шаары, 31-август, 2023-жыл.
Эгемендүүлүк күнү куттуу болсун!