❗️Чет өлкөгө чыкканда документтерди тууралоо үчүн чоочун адамдарга бербегиле! Эмгек министрлиги сыртта жүргөн мигранттарга кайрылды
Ведомство РФтин Владимир шаардык полициясы менен биргеликте 12 кыргызстандыкка иш берген тарап бербей жүргөн паспортторун кайтарып берди.
Алар жыл башында тоок фабрикасына иштегени барган. Ишкананын жетекчиси паспортторун каттоого коюу үчүн алган бойдон бербей койгон. Жалпысынан 30 кыргызстандык паспортун кайтара албай жүргөн.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тоок фабрикасынын жетекчиси кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан барган 500дөн ашык мигранттын документин алып алганы аныкталган.
@kyrgyzmigrant