Москвада метродо кыргыз эжеке маанайы жок астымда турган, бир убакта кызынан смс келди: «Менин сүйүктүү апакем, мен сизди жакшы көрөм», - деп. Эжекенин маанайынын көтөрүлгөнүн көрүп ошондо түшүндүм, апалардын маанайын көтөрүү үчүн бир гана сүйлөм жетиштүү экенине. Ошондуктан апалардын дайыма маанайы ачык жүрүүсүн кааласаңар, 1 мүнөт убагыңарды кызганбагыла.