Мен Фермер


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Природа


Кыргызстандагы Мал чарбачылык жана Агросфера


Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Природа
Статистика
Фильтр публикаций


8 сериядан 16 серия


2 сезон


Ферма кларксона деген бар гуглдан издеп көргүлө.


Ушундай каарыйлы




















Жаңы видео, достор.




100 000 катталуучуга аз калды.




Кыш эрте келбейби, ыя?


Гидропоника өстүрүп көрөйүн дедим. 1 кг. арпадан даана канча кг. гидропоника чыгат экенин. Сүрөттөгү 5 күндүк гидропоника. Видеосу Ютубда болот. Кенен айтып берем. Быйыл чөп-жем кымбатта, ушуну өстүрөйүн деп чечтим.


1-муун Швиц кунажынды жасалма уруктандырдык. Кайра эле Швиц куйдурдук.

Кунажын 18-март 2022-жылы туулуптур. Ошондо 1,5 жашта чыгыптыр.

Кунажындын атасы - Европалык Швиц (Milo-OB) Мило же Майло деген бука.. Жергиликтүү өзүбүздүн уйду ушул буканын уругу менен уруктандырганбыз. Бул буканын энеси 9000 кг. тегерегинде сүт бериптир (10 ай) , 8 лактациянын орточо эсеби менен. 1 лактация - 10 ай. 15-муунуна чейин карап көрдүм бул буканын 15-Чоң атасы 1949-жылы туулуптур.
Бул Швицтин түрү - Original Braunvieh, Швейцариянын өзүнүн оригинал күрөң тукуму.

Кунажынга куюлган урук Эскорт-М деген буканыкы. Бул бука дагы Европалык селекция экен (Германияда туулган). Буканын энеси 2-лактациясында 11 000 кг. ашык сүт бериптир.

Бул кунажындан түшкөн музоо 2-муун швиц болуп эсептелет.

Кийин дагы, кандай "скрещивание" кылабыз, айтып берем.

Кунажынга ат жазыңыздар. Жакканын коюп коём.

Показано 20 последних публикаций.