Menin okuyam 🫀


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Образование


Бу᧘ ⲙᥱнᥙн жᥱκᥱ κᥲнᥲ᧘ыⲙ. Бу᧘ жᥲκᴛᥲ-κᥱңᥱɯ,ⲙ᧐ᴛᥙʙᥲцᥙя,᧐ᥔ᧘᧐ρ,κᥙᴛᥱᥰᴛᥱρ, ᧐κуя᧘ᥲρ δ᧐᧘ⲙ᧐κчу.💫


Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Образование
Статистика
Фильтр публикаций


Бүгүн иштен кеч калып келип, байкемдин мен үчүн кабатыр алганын көрүп, жүрөгүм бир башкача болду, урушабы десем, менден таарындыбы же ооруп жатабы деп аябай кабатыр алдым дейт... (ушундай мээрим кайдан дедим)

Бул жашоодо адамдарга эң керек нерсе-сүйүү, ишеним экенине бүгүн дагы бир жолу ынандым...

Айрыкча ата-энеме ыраазы болуп кеттим, биздин үй-бүлөгө ушул 2 нерсени калыптандырганы үчүн...


Илим кудум түбү чексиз кудуктай... Балким ошондой болгону жакшы, анткени, адамды адам кылып турган илим болуп жатпайбы... 🤍 А илимсиздиктен улам адамдардын кандай деңгээлге түшүп жатканын көргөндө жүрөгүң ооруйт... ❤‍🩹 Бул жашоонун жеңилдигин сени менен болгондо гана сеземин китебим...📖...💗


Керемет сабыр- бул акылдын тунуктугу жана жүрөктүн назиктиги...




Адамдардын арасында, бирок, адамдардан алыс... Өлүүбү же тирүүбү? Белгисиз. Өлүү сымал өмүр сүрүп жатат.


Жалгыздык, жамгыр, кызыл гүлдөр жана китептер бул нерселерге жан дүйнөм ашык болуп калган, кайдан, кантип билбейм, бирок, ашык болуп калган...🤍


Бул китеп жөнүндө көп нерсе айткым келип турат, бирок, бул сөздөрдү алгач өзүмө айтып, кабылдашым керектей...
Көптөн бери мындай китеп окуй элек болчумун, бул китепти окууда кыйын болдү, бүгүн бүттүм...
Сунуштайм🤍


19-жаш кош келдиң❤️


Азыркы учурда адам өзүндүгүн оңой эле жоготуп алат, кантип?

Жашоо азыр телефон аркылуу өтчү болду, телефондогу идеал адамдарды карап, алардын каалоолорун өзүбүзгө алып, " өздүгүбүздү" чынында эмне кааларыбызды, жана жашоодон эмне күтүп жатканыбызды унутуп калгандайбыз...

Аллах адамды ар кандай түстө жараткандай, ар бир адамдын жан дүйнөсү да ар кандай, эч кимдики бири-бирине окшобойт...

Эч кимдикине окшобогон жан дүйнөнү, аруу таза сактайлы...


ЖАН ДҮЙНӨҢДӨГҮ АРУУЛУКТУ-ЭЧ КИМ, ЭЧ НЕРСЕ БУЗУШУНА ЖОЛ БЕРБЕ, АНТКЕНИ, СЕНДЕГИ АРУУЛУК ДҮЙНӨГҮ БАЙЛЫКТАН ДА БААЛУУДУР.

деп өзүмө көп эскертүү берем:)


Мен өзүм бирөө сүйүп, ашык болгудай адам болгум келет...🤍


18 жашымдын акыркы күндөрүн жашап жатам, дагы канча жашайм билбейм, эч ким билбейт, канча жашашын.
Бир эле тилегим атам каалагандай бактылуу болуу, атам бул жашоодо бактылуу болуум үчүн өмүрүнүн аягына чейин аракет кылды, эми менин милдетим өмүрүмдүн аягына чейин бул жашооодо эле эмес, акырет жашоосунда да бактылуу болууга аракет кылуу. Жүрөгүмдө атамдын ишеними дагы деле турат, атам мага ишенгени үчүн бакыт деген сезимди сезе алдым окшойт, атам убагында берген ишеними үчүн атамды бейиш күтүп турушуна ишенем, ( мага окшогон 5 кызга да ишеним билдиргенда) .🕯
Жакшы адамдын кызы жаман дедирбей, атамдын атына жаман сөз тийгизбей өмүр бою аракет кылып жашоого даярмын...
Аллах бир адамга "атама" мени аябай жакын кылды, андан кийин алыс кылды, бирок, сезим деген алыс жакын карабай, дайыма бир калыпта жүрөт туура.
Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жакшы көрүү деген балким ушулдур...

[ Күндөлүгүмдөн ]


Бул жашоодогу жаңы кыялым пайда болду?
- Кандай кыял?

- Өзүмө окшош, оппо окшош адам менен жоолугуу...
Мен сыяктуу ой жүгүрткөн, макул мен сыяктуу ой жүгүртпөсө да, мени угуп, кайра жооп бере алган, токтоп сөз таппай калган мезгилимде сөзүмдү толуктай алган, кыялданганда - эртең кыялы орундалып кете тургандай кыялданган, бул жашоодо эмес, көбүрөөк "кыялдар ааламында" жашаган, бул жашоону болсо бир шар сыяктуу көргөн " качан жарылып" кетсе да, жарылышын билген, ал шарга карап күн өткөрбөгөн, болгону ал шардан каалашынча пайдаланып, бир күнү ал шар колдон чыкса да өкүнбөй турган, дүйнөнү суу басса да, дүйнөгө маани бербеген, сүйлөгөндө тилинен бал тамган, аны уккан да кулагым эле эмес, рухум да эс ала тургандай... Айтор айтсам сөзүм түгөнбөйт, ошондой адам жоолукса ииий " оозум кулагыма жетип, менден кутултура койбой, байланып алат элем"...


Февраль айы мен үчүн майрамга бай ай болот экен шүгүр 🤍

1-февраль бүткүл дүйнөлүк хиджап күнү🧕 ( Жоолука келерден мурун, ушул күнү жоолук салынган кыздарды көрүп, Аллахым даяр болушуңду күтүп жатат деп өзүмдү жубатып коёт элем, канча жылдык арманым 2023-жыл насип болуп, эми 1-февралды жоолука келгендерге суктануу менен өткөрбөй, майрам катары өткөрөм🫀 шүгүр)
13-февраль 19 жашка толом. ( Бул мени капалантырып эле жатат, кантсе да эч ким убакыт токтото албайт экен, чоңойгонду ушинтип жыл сездирбесе, адам өзү сезбейт экен)
14- февраль мен сүйгөн күн❤️ Эл аралык китеп белек берүү күнү🥰
Китепке деген сүйүүм өзгөчө- эч ким окуй албаган жан дүйнөмдү окуп, эч ким көрбөгөн көз жашымды көрүп, үн-сөзсүз мени жубаткан мына ушул-китеп❤️
Бүт дүйнө мени жаман десе-китебим өзүңө кайрылам, анткени сен мени менен эң көп убакыт өткөргөн жакынымсың, сен мага убакыт бөлгөндөй, сен мени уккандай, сен мага камкор болгондой эч ким мага камкор болбоду, мен болсо сага убакыт бөлгөндөй, сени жакшы көргөндөй эч ким жакшы көрбөдүм🫂❤️
Китебим менен кээде ушинтип сүйлөшүп кетем🤍)

Ушундай🙌


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Өзүн-өзү тарбиялоо үчүн алгач личность белгилүү даражада өсүшү, өнүгүшү, өзүн андап билүүсү керек. Ал үчүн өзүндү-өзүң анализде, сын көз менен карап, он-терс жактарынды, кемчилик, мүмкүнчүлүктөрүндү, акыл-эс, билим, тарбия деңгээлинди аныктап бил. Үйде, жамаат, коомдо оз ордунду сезе бил.


Жөн гана алдыга кете албай жатсаң, анда жок эле дегенде артка кетпе.🤍


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Адебиң менен сулуусуң аял❤️

- Аллах аял затын сулуу, назик кылып, ал эми эркек кишини күчтүү, бакубат кылып жараткан.
Түшүнгөнүм аял киши назик болгон сайын, эркек күчтүү болгон сайын көзгө жылуу көрүнөт экен.
Аялдын сулуугу дегенде-көзү кашы кара, боёнуп, модаланып жүрүүнү айтпай жатам. Аялдын сулуугу дегенимде- адеби көркөм, назик, акылдуу, бирок, алсыздыгын моюнга алган аялды айтып жатам.
Эч качан аял өзүн эркектей көрсөткөнгө аракет кылып бактылуу боло албайт, жада калса Аллах- өзүн эркекке окшоткон аялдарга, өзүн аялдарга окшоткон эркектерге каргыш айткан. Эгерде ушуну билип туруп дагы- эркектерге окшоп, сүйлөгөндү, басканды, шымданып жүргөндү токтотпосо, анда ал аял өзүнө зулумдук кылып жатат деп түшүнсөк болот.
Бул жашоодогу эң маанилүүсү эмне айтайынбы?
- Бул жашоодо Аллах адамды кандай жаратса ошондой жашоо. ( эч кандай өзгөртүү киргизбей, сыртына дагы, ичине дагы)
- Аллах адамды кандай максатта жаратса ошондой максатта жашоо. (Дүйнөгө берилбей, жаралуу максатты унутпай)
- Аллах кандай өкүм кылган болсо, ошону аткарып жашоо. ( Бул үчүн илим алуу керек, болбосо бул дүйнө алаксытып, башка нерселер менен алектендирип коёт)
Мына ушулар маанилүү, ушулардан өткөн маанилүү нерсе барбы? Албетте жок!
Эч ким айтпаган болсо да, эч ким үйрөтпөгөн болсо да, өзүңүз- изденип, байкап, баалап адебиңизди кооздоңуз.❤️
Аялдын аялдыгы анын адебинде.🤍


Эне бар кезде балалыктан арылуу жок...❤️‍🩹

9 ай курсагында, өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп, кандай учур болбосун жаныбыздан табылган эне болот туура...
Эненин ушундай эмгегин кантип актай алабыз, анын сүйүүсүнө кантип жооп кайтара алабыз, ага күчүүбүз, өмүрүбүз жетээр бекен, балким, жетпестир...
Эстесек энебиз кандай учур болбосун бизди сүйүп, керек кезде дайым колдойт, жада калса үн-сөзсүз түшүнөт, бул иш бир гана эненин колунан келсе керек. Эне балдарына өмүрүн, жаштыгын, мээрим, сүйүүсүн арнап, артынан эч нерсе талап кылбаган жалгыз адам. Эне талап кылбайт, балким күтөт, эне баладан күтсө бир гана мээрим күтөт, ушул мээримди мен канчалык бере алдым билбейм, бирок, мээрим эмес, жанымды да бергенге даярмын, бирок, жанданда артык болуп жатпайбы мээрим, сүйүү ...
Көзүмдөн көз жаш чыгара алган китеп болду, балким, бир күн апамда болбой калсачы деген ой менен жашап жатканым үчүндүр...
Негизгиси бул өмүрдө "сүйүү" сөзү бар үчүн жашап жаткандайбыз, бул өмүрдө ата-эне, бир тууган, жакын адамдарыбыз бар үчүн, аларды сүйүп, баалаганыбыз үчүн, алар бар жашоодон ырахат алып, бактылуу жашап жатканыбыз үчүн жашоону сезип жашап жаткандайбыз...
Бейиш эненин таманынын астында, бул сөздү өзүбүздүн энебиздин гана таманын астында деп түшүнбөйлү, эне наамын алган, ала турган баардык аял затына таандык! Ким бирөөнүн энесине, аялына, кызына сүйлөгөндөн мурун, ар бир адам ойлонуусу керек, анткени, анында таманынын астында бейиш болуп жатпайбы... (эмне дээримди түшүндүңүздөр окшойт)
Аял сен асылсың!
Аял сен кол да, ой да жетпес баалуусуң!
Аял болуп төрөлүү башка, жашоо башка. Аялдын аялдыгы Аллах берген табиятын, аруулугун, назиктигин, сырдылуугун сактай алганда, аял болуп төрөлгөндөй, аял болуп жашаганды, эне деген ыйык наамды алганды ар бир аялга Аллахым насип кыл.🤲
Энемдей эне болсом экен балдарыма дей тургандай эне болууну да насип кыл Аллахым.🤲
Ата-энем, бир тууган, жакындарымдан башка эч ким, эч нерсе кызыктырбайт бул жашоодо , утурумду дүйнөдө мага Аллах бере турган байлык болсо, менин байлыктарым жакындарым...
Аллах баарыбызды бул дүйнөгө киргизди, эми бул дүйнөнү ичибизге киргизбей жашоо болсо биздин колубузда, ошону унутпай жашайлы негизгиси.
Китеп жакты 10/10🔋

Показано 20 последних публикаций.