Тасаввуф эрежелери:
Алгач Жаратканга тайануу жана тууралыкты издөө.
Аныгында адам өзүтү (напси) жамандыкка көп буйруйт. Куранда: "Чындыгында өзүт жамандыкка кайра-кайра буйруй берет"
1. Аны тазалоо алгач жакшылык, тууралыкты издөө жана ага умтулуу менен башталат. Өзүттүн кулу болуудан чыгып өз Эгесинин кулу болууга ашыгышы керек.
2. Жараткандан тазалануу сурап көп-көп дуба кылышы керек. Сүйүктүүбүз Аллахтын элчиси (ага алкыш-саламдар болсун) кылган дубаны көп айтыңыз.
"اللهم آتي نفسي تقواها و زكها أنت خير من زكاها أنت وليها و مولاها" (رواه مسلم)
Туйунткусу:
Оо Жараткан, напсимди такыба кылып, аны тазалачы, Сен эң мыкты тазалайсың. Анткени Сен анын Кожойунусуң, жараткан Ээсисиң.
Улуу Жараткан биздин жаратуучубуз. Ал бизди өзүбүздөн жакшы билери талашсыз. Адам Ага канчалык тайанган сайын ошончолук аны ийгилик коштойт. Өз билемдик кылса өзүн өзүнө таштап койот. Ал учурда адам өзүтүн теңир кылып алат.
Куранда:
"أفرأيت من اتخذ إلهه هواه"
"Каалоолорун теңир кылып алгандарды көрбөдүңбү" (Жасийа/23) Бул
https://t.me/Muazhawwa