РДЮЦЭКТ МОН КР


Гео и язык канала: Киргизия, Русский
Категория: Образование


Республиканский детско-юношеский центр экологии, краеведения и туризма Министерства образования и науки КР


Гео и язык канала
Киргизия, Русский
Категория
Образование
Статистика
Фильтр публикаций


Класстык, тарбиялык сааттарга колдонууңуздар болот.

Канаттуулардын орусча-кыргызча аталышы

Аист — кунас, илек-илек;

Кречет, сокол — шумкар;

Дичь — илбээсин;

Сорока — сагызган;

Ворон — кузгун;

Ворона — карга;

Колпица — кашыктумшук.

Камыштуу, саздуу жерде жашоочу, кунас сымалдуу куштардын бир түрү;

Пеликан — биргазан (ири суу кушу);

Тупик — шынаатумшук;

Дрофа — тоодак;

Стрепет — безбелдек;

Цапля — кытан;

Фазан — кыргоол;

Лысуха — кашкалдак;

Горная индейка — улар;

Куропатка — чил;

Горлинка, горлица — бактек;

Кулик — чулдук;

Перепёлка, перепел — бөдөнө;

Чайка — ак чардак;

Ястреб, балабан — ителги;

Сокол-сапсан — ылаачын;

Коршун, сарыч лесной, канюк лесной — кулаалы;

Журавль — турна;

Журавль-красавка — каркыра;

Гриф — жору;

Соловей — булбул;

Красная утка, атайка — аңыр;

Ласточка — чабалекей, карлыгач;

Кеклик, каменная куропатка — кекилик;

Галка — таан;

Грач — чар карга, тобу менен жашоочу каргалардын бир түрү;

Пустельга — күйкө.

Урматыбыз менен Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн борбору.




Климаттык_параметрлердин_Бишкек_шаарында_абанын_айлануусуна_жана.pptx
14.8Мб
Я делюсь с вами файлом Климаттык параметрлердин Бишкек шаарында абанын айлануусуна жана абанын КЫРГЫЗЧА


Кадырлуу эжей-агайлар. Жашыл көндүмдөр, экобилим тууралуу сизге оор болуп жаткан суроолоруңуздар болсо комментарийге пикир калтырсаңыздар болот. Атайын вебинарларыбызда жооп беребиз.


Саламатсыздарбы урматтуу кесиптештер!
Бүгүн, 19 февраль күнү саат 20:00 “Бишкек шаарындагы абанын айлануусуна жана анын булганышына климаттык көрсөткүчтөрдүн таасири” аттуу темада конок лекция уюштурулат. Лекцияны И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин профессору, география илимдеринин доктору Дылдаев Мирлан Муктарович өтөт.
500 орун бар, демек, кесиптештериңиздер жана студенттериңиздер дагы лекцияны укса болот!
Ссылка төмөндө:
Topic: GOPA AFC Kyrgyzstan's Zoom Meeting
Time: Feb 19, 2024 20:00 Almaty
Join Zoom Meeting
https://us02web.zoom.us/j/86872228857?pwd=ZWk4SEZJM3ZMUnlyZG1oY2JvSHI3UT09
Meeting ID: 868 7222 8857
Passcode: 555
Урматтоо менен, биздин команда


Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн борборунун “Көркөм өнөр” ийриминин жетекчиси Сыдыков Арык агай №57 жалпы билимберүу мектебиндеги ийрим окуучулары арасында “Менин үй-бүлөм” аттуу сүрөт сынагын өткөрдү.
Ийрим окуучулары жигердүү катышып, жыйынтыгында борбордун мактоо баракчалары жана чакан белектери менен сыйланышты.


7-февраль күнү саат 9:00до Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясында
🏃🏻‍♂️🗺СПОРТТУК ОРИЕНТИРЛӨӨ боюнча ачык семинар өткөрүлдү.
Константин Светланов Россиянын Санкт-Петербург шаарынан семинарга лектор катары катышуу үчүн келип, тажрыйбасын бөлүштү. Өзү кошумча билим берүү борборунда, ориентир боюнча машыктыруучу болуп иштейт, балдар менен иштейт.

Семинарга окуучулар жана мугалимдер активдүу катышып, практикалык машыгууга да катышышты.


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан, бүгүн,17-февраль күнү, №55 мектебинде, 21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө карата, ийрим окуучулары арасында дебат өткөрүлдү. Аталган дебатка биздин мектептин базасында ачылган, тагыраак айтканда Ж.Садыков атындагы №84 орто мектебинин Эко-Клуб "Бүчүр"адабий аймак таануучулар ийриминин окуучулары активдүү катыштык.🇰🇬🇷🇺🇬🇧Дебат кыргыз, орус жана англис тилдеринде болуп өттү.Окуучуларыбыз биринчи жолу дебаттык таймашка катышып жатканына карабастан жогорку деңгээлде таймашып, бүйүр кызыткан оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында жеңген тайпалар борбордун мактоо баракчалары жана кызыктыруучу белектери менен сыйланышты.


21-февраль Эл аралык Эне тил күнүнө карата "Сейтек" балдар-өспүрүмдөр борборунда өткөрүлгөн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган иш-чарада Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борборунун №7 жалпы билим берүү мектебиндеги ийрим окуучулары БОЗ ҮЙ тигүү боюнча мастер-класс көргөзүштү. 8-9-классынын 6 окуучусу 20 мүнөттө боз үйдү тигип, кайра чечишти.
"Кыргыз жараны" концепциясын ишке ашыруу максатында балдарга боз үй тиккенди борбордун туризм бөлүмүнун башчысы Аскалиев Бактияр Аскалиевичке терең ыраазычылык билдиребиз.


16-февралда Билим берүү жана илим министрлиги Эл аралык Эне тил күнүнө карата иш-чара уюштурду. Эл аралык Эне тил күнүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана кыргыз тилин санариптештирүүгө кошкон салымы үчүн Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борборунун директору Бийик Рыскулов ыраазычылык кат менен сыйланды.


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм балдар-өспүрүмдөр борбору 17-февраль күнү саат 8:00до 21-февраль Эл аралык Эне тил күнүнө арналган ийрим окуучулары арасында дебат өткөрүлөт.

🇰🇬🇷🇺🇬🇧Дебат кыргыз, орус жана англис тилдеринде болот.


Саламатсыздарбы урматтуу агай-эжелер! Убактыңыздар болсо сабакка кечикпей кириңиздер! 20:25да кире албай каласыздар🤗
https://meet.google.com/gyx-kyht-npf









Показано 16 последних публикаций.