🌀БӨЛӨК АДАМ
5 - БӨЛҮМ
Эртеси жолго чыктык. Энекем, кургаткан этине кошуп,өрүк как, сары май, кымызынан бери салып берди. Жуп чыгарда колума 25(рубль) сом карматты, өзүңө керекте деп, көзүмө жаш айлана түштү. 75 сом алып келип, кайра 25 сомун көтөрүп кеттим. Эне деген кандай мээрман, берекелүү адам. Энелер силер кереметсиңер! Мен дагы жакшы кайынэне болом деп ойлодум, балалуу боло электе эле...
Үйгө келип эле жыгылдым, шамалдап калдым окшойт деп сыр бербестен аракет кылдым. Эртеси сыртка чыгып селкинчек тээп жатышкан эки балага көзүм түштү. Өрүктүн бутагына байланган жипке кичинекейин отургузуп, чоңураагы күүлөнүп жатат. Ичке кирип өрүк как алып чыктым. Аңгыча колуна үчүнчүсүн көтөрүп апасы чыкты. Күйөөсү нан заводунда иштейт экен. Аты Зейнап мени менен тең чамалдай. Үч балалуу болсо итапкан улуу болуш керек деп ойлодум.
- Зейнап эже канча жаштасыз?
- Сентябрь айында жыгырмага чыгам. Эки көзүм тостоюп эле карап калыптырмын.
- Нима болду сизге?
- Ай менден да бир ай кичүү экенсиң...
- Аа Айнура эже, мени кайындап коюшкан эле да, сакизди бүтүп эле турмушка чыктым. Кайындап деген сөзгө түшүнбөсөм да башымды ийкеп жылмайып койдум.
- Зейнап, мени эже дебей эле койчу, сенин үч балаң болсо.
- Хуп болот эже,- деп алып кайра шыңкылдап күлүп калды.
- Улутуң узбечкабы, жолдошуңуз да узбекпи?
- Ооба узбечкамын, күйөөм кыргыз. Кошуна турабыз, биздин раистин уулу.
- Аа жакшы,-деп койдум эмне деримди билбей.
- Үйгө кириң чай ичелик?- деп оозун жыйгыча эле тайэжебиздин үнү чыгып калды.
- Айка, биз келе атабыз? Жанында дагы эки аял бар экен. Кучакташып учурашып, үйгө киргизип төшөк салып, чай койдум. Анан кийин гана болгону эки пиялам бар экенин эстедим. Айласыздан Зейнаптан пияла сурашка туура келди. Сыртка чыксам кудай жалгап балдары менен отурган экен.
- Зейнап, мага эки-үч пияла берип турчу,- үнүм кысылып кызарып да кеттим окшойт.
- Майли, майли,- деп кичинекейин колума кармата коюп, үйүнөн беш атлас көчөттүү пияла көтөрүп чыкты. Үйгө кирип дасторкон жайып, нан коюп, сары май менен чөбөгөнү өзүбүздүн пиялага салып, чай бере баштадым. Тайэже курдаштарын тааныштырып, сумкасынан алты персонду кофейный сервиз алып чыкты. Кофейный сервиздин кружкаларына кымыз куюп эле жыргай түштүм. Курдаштарынын бири орто мектепте завуч экен, бир заматта мага иш да даяр болду. -Университеттен справка алдыр,- деди. Үчүнчү курс болсоң незаконченный высший деген справа берет деп түшүндүрүштү. Тамак асайын десем, ишибиз бар деп болбой коюшту. Жер жемиш албай келдим деп дасторконго 50 сом таштады. Коюңуз десем, албасаң таарынам деп болбой койду. Тайэжемдерди узатып чыгып, дасторкон жыйнап жатканда башым айланып жыгылып кете жаздадым. Көрсө эртеден бери оозума наар албапмын. Бир пиялага сары майдан куюп алып, Зейнаптын эшигин таппай туруп калдым. Окшош беш эшик, баары квартиранттар, башым маң болуп турсам, чоң уулу эшигин ачып чыга калды.
Эшигин тыкылдатсам, кожоюн келе элек деген жооп угулду.
- Зейнап, бул менмин,-дедим дагы
тыкылдатып.
- Аа кириң, кириң,- деп эшигин ачты. Кирип алып музейге киргендей таң калдым. Серванты толтура идиш-аяк. Катарынан турган эки сандыктын үстүндө тиреле жыйылган жүк, диван, стол. Столдун үстүндө телевизор, магнитофон. Бүт коёрго жер жоктой. Баланын ыйлаган үнү бөлөк жактан чыккандай, карасам дагы бир комната бар экен.
- Келиң, отуруң, чай ичебиз,- деди шыпылдап.
- Жок, рахмат,- деп чыкканча шаштым. Өзүмдүн квартирама кирип алып, кенендигине, жарыктыгына сүйүнүп күлдүм. Тамак асып жатып дагы башым айланып кускум келди. Ооруп калдым окшойт, эртең догдурга барышым керек деген ой келди. Эртеден кечке жалгыз отургандан зериктим. Радиоприёмник сатып алсак окшойт деп да ойлоп койдум. Куурулган тамакка суу куюп дагы сыртка чыктым. Ойноп жаткан эки баланын жанына дагы басып бардым. Аттарын сурасам, Асан,Үсөн деп жооп беришти, ошондо гана эгиз экендигин баамдадым. Квартиранттардын баары иштешет окшойт, үйдө отурган Зейнап экөөбүз эле окшойбуз. Эртең китеп сатып алам, анан пиялка, кашыктарды алып койбосом болбойт, улам эле пиялка сурап Зейнапка барышым уят ко... Короого Москвич машинасы кирип токтоду, эки бала аталап тосо чыгышты.