Мырза ушунчалык аяр гүл кармагансып, жок таза назик ээрип кетпесин дегенсип аппак кар кармагандай бооруна кысты. Бул аруулукту, тазалыкты мен да биринчи жолу сездим. Эки адамдын сүйүүсүнөн Жаратканым жараткан түйүлдүктүн керемети мына ушунда беле? Ирмемге көздөрүбүз чагылыша түштү, жубардай аруу, таза жан дүйнөбүз бириге экөөбүздөн бөлөк эч ким билбес өзгөчө бир касиетке ээ болгонсудук. Бир бирибизге болгон камкордугубуз ашып, жакшы сөз менен бирге боорукерлик, топуктуулук, мээримдүүлүк, айкөлдүк бизди бириктирип турду. Акырын, назик нерсени сындырып албайын дегенсип мени төшөккө жаткырып, башымды көкүрөгүнө койду. Бул менин жашоомдогу бакытымдын туу чокусу эле.
Катуу уктап калган экенбиз, эртең менен эшикти тарсылдаткан үндөрдөн ойгондук.
- Алей, булар бир жакка кетишкен го деген энекемдин үнүнөн ойгондум.
- Жоок абже, кече Мырза чарчап келип уктап калышкан го. Эшик ичинен илинген, калити жок эле турбайбы? Жүрүң үйгө барып анан келесиздер. Тура калып шашып-бушуп кийингиче эле машина дүрүлдөп жүрүп кетти. Чын эле Мырзаны ойгото албай чарчадым.
- Мырза, Мырзаш - дедим эркелете жагынан сылай, үйгө меймандар келди. Колумду жаагына басып, эшикти ачпа деп кайра уктай баштады. Чый-пыйым чыгып
-Энекемдер келди, - дедим катуураак сүйлөп. Көзүн ачып тыңшай калып, анан мени өзүнө имере тартты.
- Алдабачы.
- Чын ой, чын эле, мен тургуча кетип калышты, эжекемдикине.
- Тайэжемкине?- деди баса сүйлөп
- Жоок, мен эжекем дейм.
- Жетишкендик,- деди бети- башымды аймалап. Карылуу колдорунан бошоно албай айласыз күлдүм.
- Мырзаш келип калышат эми, ансыз да уят болдум. Макул боло туруп кийине баштады.
- Мен дасторкон жайайын, сен Зейнаптыкынан звонок чал.
- Жок звонокту сен чал, эркеги жок үйгө кирүүгө болбойт бизде.
- Эмнеге?
- Эжекеңден сурап алчы алтыным.
- Сөзсүз сурайм.
Аңгыча жездемдин машинасы менен келип калышты. Жүгүнүп учурашкан мени энекем пешенемен өбүп, кагылып батасын бере баштады.
- А менчи апа?
- Мулуңдаган жаман,- деп Мырзаны да пешенесинен өптү. Эмнеге бетибизден өппөйт, деген ой кетти мага. Келгенде жоолук салып бетимен өпкөн, андан бери дайыма пешенемен өбөт... Эки кайнимди бетинен өбөт ко?
Мырза экөөбүзгө жалынып, кейпи сууктар деп жетине албай отурду. Башыма жоолук салып, жашыл ала өзбекче тигилген көйнөк кийгизди.
- Баланын өсүшүнө жакшы болот,- деп кошумчалап да койду. Магазинге ээрчитип барып, эмне керек деп сурады. Кичинекей манты касканды көргөзсөм болбой чоңураагын алып берди. Кечинде эжекем отко киргизди. Ала келген үч жууркандын бирин оттугуң деп машинага сала
барды.
Уландысы бар...