🛐Дубанын керемети
Динде таң калтырган кызык иштер көп. Ошонун бири – дуба. Мисалы, сен бирөөгө жакшылык тилеп дуба кылсаң, сага периштелер ошол жакшылыкты тилеп дуба кылат. Дагы бир кызыгы, пендеден сурасаң жаман көрөт. Бир жолу сурасаң, унчукпайт. Экинчисинде унчукпаса да, үчүнчүсүндө жактырбаганын билесиң. Үчүнчүсүндө жактырбаганын ачык эле айтат. А, дубаныкы тескерисинче, Аллахка канча көп дуба кылсаң ошончолук жакшы көрөт. Дуба кылбай койсоң, текеберлигиң үчүн жаман көрөт. Ибадаттын маңызы – дуба. Дуба кылбаган адам ибадаткөй эмес. Эгер дубалар кооз болсо, чын жүрөктөн болсо, жашообуз өзгөрөрү анык. Дубанын ушундай керемет күчү бар. Айтылат го бирөөгө дуба кылган сонун, а бирөөнүн дубасында болгон андан да сонун деп. Ошол үчүн өзүбүзгө каалаган нерсени, башка бирөөнө да каалап дуба кылганды адат кылалы.
Жакындарыбызга сөз менен жеткире албаган сезимдерибизди дубабыз аркылуу жеткирели, дубабыз аркылуу кучактайлы. Кимдир бирөөгө туура жолду сөз менен айтып жеткире албай жатсак, дуба менен жеткирели. Дуба аркылуу Жаратканга жакындайлы. Эмне муктаждыгыбыз болсо, баарын Аллахтан сурайлы. Жаратуучубуз турганда, жаратылгандарга байланбайлы. Аллахтан башка эч ким, эч нерсе кылып бере албашын сезип-туйганда гана жүрөгүбүз тынчтык табат. Ошондо эч нерседен коркпойбуз, кабатыр болбойбуз.
Аллахка кайрылалы, Ага дуба кылып, тилек тилейли.
О, Жараткан Аллахым, күнөөдөн токтото турган коркууну, сенин ыраазылыгыңды табууну, чын ыкластан чыккан тообону суранам.
О, ырайымдуулардын ырайымдуусу, Аллахым. Өзүңдүн ырахматың менен ар бир кол көтөрүп сураган пендеңдин дубасын кабыл кыла көр. Бизди алдаган адамга насаат кылуубузга, бизден кол үзгөн адамга жакшылык кылуубузга, бизди куру калтырган адамга жоомарт болуубузга, тууганчылыкты кечкен адамга боордоштук кылуубузга, бизди ушактаган адам тууралуу жакшы сөз сүйлөөгө жеңилдик бер. Көңүлүбүзгө башкага таянуу сезимин пайда кыла көрбө. Жалгыз Өзүңө таянып, Өзүңө гана ишенели. Өзүңдөн гана жардам сурайлы.
Эгер башка адамдарга жөн гана жакшылык кылып жаткан болсоңуз, демек Аллах алардын дубасына сиз аркылуу жооп берди.
👤Автор: Таалайкүл Турсунова.
📕" Кыздын изи" китебинен.