ТАҢДАГАНЫҢ КАТА БОЛСО , ЖАЗАСЫ ӨМҮРҮҢ БОЛОТ.
"Бир сыпат бар. Эгер кызда ошол сыпат болсо, силер аны менен бактылуу болосуңар, ал эми бул сыпат анда жок болсо, анда силер үй-бүлөдө эч качан тынчтык таппайсынар. Бул сыпат - күйөөгө моюн сунуп, баш ийүү"- Ибрахим Дасаи (ага Аллахтын ырайымы болсун)
Бул жерде Ибрахим Дасаи үй-бүлө куруу ниетинде жүргөн 🤵 жигиттер үчүн чоң насаат айтып жатат. Эгер үй-бүлөлүк бакыт кааласан ушуга маани бер!
Ошол менен бир катар эле кыздарда👰 өмүр жолдош тандаганда бай болсун , сулуу болсун, акылдуу, ыймандуу, илимдүү ж.б ушул сыяктуу нерселерди талап кылышат. Унутпаңыз БАРДЫК СЫПАТ БИР АДАМДА ТОПТОЛБОЙТ. Динине маани бериңиз Аллах калганын сиз үчүн берет.
Өмүр жолдошунан арыздаргандар ЖОЛДОШУҢУЗ ҮЧҮН КӨП ДУБА КЫЛЫҢЫЗ 🤲. Туура жолго салуу да, адамды жакшы тарапка өзгөртүү да Аллахтан .
Салиха аял.😍👑