📜 Шариятта: Күйөөсү аялына күфүв болушу керек, тактап айтканда: бири-бирине ылайык болушу керек. Бул күфүв же теңдеш болуунун эң маанилүүсү дин жагынан. Аялынын динчилдигин көрүп аны туураган жана жубайын түбөлүктүү өмүрдө жоготуп албоо үчүн динге моюн сунган эркек киши кандай бактылуу.
Күйөөсүнүн динчилдигине карап: «Түбөлүктүү жубайымы жоготуп албайын» – деп, такыбаа болгон аял абдан бактылуу.
Диндар, такыбаа аялын түбөлүктүү жоготуп ала турган бузукулукка кирген эркекке наалат болсун! Такыбаа күйөөсүн ээрчибестен, ошол түбөлүктүү жолдошун жоготуп алган ал аял кандай гана бактысыз.
Бири-биринин бузуку, күнөө иштерин туурашкан жана бири-бирин Тозок отуна түшүүсүнө жардамдашып жаткан бактысыз жубайларга наалат болсун!…
@risaleinur_kg