"Орозонун эң мыктысы – ашказан сыяктуу эле көз, кулак, жүрөк, кыял, ой-пикир сыяктуу инсандын бардык жабдыктарына да орозо карматуу. Аларды арам, пайдасыз нерселерден тыйып, ар бирине өзүнө тиешелүү ибадаттарды кылдыруу.
Мисалы тилди жалган айтуудан, гыйбаттан, ушактан, орой сөздөрдөн тыйып орозо карматуу. Куран окутуп, зикир, тасбих, салават жана истигфар айттырып ибадат кылдыруу.
Көздү намахрамды кароодон, кулакты жаман сөздөрдү угуудан тыйып, көздү ибрат алчу жакшы нерселерге, кулакты хак сөз менен Куран угууга колдонуу сыяктуу башка дене-мүчөлөргө да орозо карматуу керек."
📚 "Орозонун сырлары"
🖌 Бедиуззаман Саид Нурси
@akmatbekovich010