Өзүңдү изде! Сен кимсиң? Кайдан келдиң? Кайда барасың? Жашоонун максаты эмнеде? Жооп тапкан күнү сен өзгөрөсүң! Анткени адам жашоонун чыныгы маанисин түшүнмөйүнчө, жөн гана жашайт. Ал эми максатын билген адам – ар бир күнүн байлык деп кабыл алат, ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып, артында өчпөс из калтырат.
Убакыт – бул аманат. Аны текке кетирбей, өмүрүңдү маанисиз жашап өкүнүп калба! Бүгүн өзгөр! Азыр аракет кыл! Анткени сенин келечектеги өзүң бүгүнкү чечимиңе көз каранды.
Китептен үзүндү📖