" Дин сабат " каналы.
ЧЫНЫГЫ ОРОЗО 6 НЕРСЕНИ АТКАРУУ МЕНЕН БОЛОТ
Имам Газали ﴾ رحمہ الله تعالــﮯ ﴿ айтты:
«Өзгөчө адамдардын орозосу – бул салих адамдардын орозосу. Ал дене-мүчөлөрдү күнөөлөрдөн тыюу менен ишке ашат жана ал алты нерсени аткаруу менен толук болот:
✦ КӨЗДҮ арамдан сактоо, аны жаман нерселерди кароодон, жүрөктү алек кылган жана Аллахты зикир кылуудан алаксыткан бардык нерселерден тыюу.
✦ ТИЛДИ пайдасыз сөздөрдөн, жалгандан, ушактан, чагымчылыктан, душмандыктан, талашып тартышуудан тыюу жана аны унчукпай жүрүүгө, Аллахты зикир кылууга жана Куран окууга көндүрүү.
✦ КУЛАКТЫ бардык жаман сөздөрдөн сактоо. Кайсы бир сөздү айтуу арам болсо, анда ага кулак салуу да арам болот.
✦ КОЛ, БУТ сыяктуу денинин башка мүчөлөрүн жаман иштерден сактоо.
✦ Ооз ачар маалда КУРСАКТЫ нык тойгузуудан сак болуу. Белгилүү болгондой орозонун максаты – адамдын жанын такыбалык менен кубаттоо үчүн курсакты бош кылуу жана напсини сындыруу болуп эсептелет.
✦ Ооз ачкандан кийин ЖҮРӨК түпкүрүндө «орозом кабыл болуп, Аллахка жакын адамдардан болдумбу же орозом кабыл болбой, каарга калгандардан болдумбу?» деген коркунуч менен үмүттүн бар болуусу. 📖 "Ихья улуум ад-Диин", 1/21
* Дин сабат * каналы менен бирге болунуз!