Ахмад ибн Ханбал дагы ажайыптуу киши болгон.
Анын энеси кантип жашоодо ага адеп үйрөткөндүгүнүн тарыхы бар. Бирок, биз Имам Ахмад ибн Ханбалдын мугалими, Имам Шафи менен болгон окуяны эскертебиз.
Кимдин кимди зыярат кылгандыгы жөнүндө ар кандай айтышат, бирок анын бир айтылышы мындай. Имам Шафи чоң окумуштуу болуп, Имам Ахмад анын шакирти болуп, өзү да чоң аалым болуп калган. Бир жолу Имам Шафи ага билдирүү жиберди.
- Уксаң, сен чоң аалым болуп калдың жана мен сени көптөн бери көрө элекмин, сени бир көрсөмбү дедим эле.
Бул кабарды алган Имам Ахмад, колу бош эмес болсо да, убакыт таап ага айтты:
- Ооба, мен да түшүнөм, биз көрүшкөндөн бери көп убакыт өтүптүр. Менин шейхим, сиз менин устазымсыз, мен сизди зыярат кылып сизге жолугушум керек.
Ошентип, алар жолугушуучу күндү белгилеп алышты. Ал Имам Шафини зыярат кылууга келди, Имам Шафи да өзүнү айылын калтырып, өзүнүн баардык талабаларын алып, өзүнүн өзгөчө талабасына жолугуш үчүн айтылган жерге келди. Имам Ахмад Имам Шафинин үйүндө бир, эки күн мейман болуп калды. Имам Шафинин кызы ага тамак даярдап берди. Имам Шафи үйүндө Имам Ахмадды тынбай мактай берди:
- Бул менин эң мыкты окуучум, ал өзүнүн заманынын эң көрүнүктүү аалымы болду, мен мындай окуучум менен өтө сыймыктанам.
Багымдат намазынан кийин Имам Шафи үйүнө келгенде кызы айтты:
-Ата, сиз өзүңүздүн шакиртиңизди аябай мактадыңыз эле, бирок мен ага мындай деңгээлде баа бербейт элем, сен менимче адашсаң керек.
-Эмне үчүн?
-Мунун үч себеби бар-деди ал.
- Биринчиси, ал тамакты көп жейт экен. Улуу адамдар тамакты мынчалык көп жешпейт.
Экинчиси, мен ага уктоого төшөк салып, жанына түндөсү туруп тахажуд намазын окусун деп идишке суу толтуруп коюп койгом. Кийин сиз багымдат намазына кеткенде карасам суу ошол бойдон экен, ал тахажуд намазын окуш үчүн да турбаптыр.
Үчүнчүсү, ал багымдат намазына даарат да албаптыр. Анан сен аны кантип улуу имам деп атайсың?!
Багымдат намазынан кийин Имам Шафи шакирти Имам Ахмадка айтат:
- Сага эмне болгон? Мен сенден күмөн санабайм, бирок кызым сен жөнүндө даттанып жатат го.
Имам Ахмад мындай деп жооп берет:
- Мунун себеби мындай:
Биринчиден, тамак. Мен өмүрүмдө мындай берекелүү тамакты жеген эмес элем. Менимче, тамакты даярдаган адам аны Куран окуп даярдаса керек, анткени анда ушунчалык көп нур бар экен, ошол себептен тамак өтө берекелүү болуптур, андыктан мен адатта өтө аз тамактансам да, алып келген тамактын бардыгын калтырбай жедим.
Экинчиден, желген тамактын берекесинен мен түнү бою уктаган жокмун, ошондуктан даарат алууга сууну пайдалануунун муктаждыгы болгон жок. Жана мен тахажуд намазын окуган жокмун, анткени ушул тамактын берекесинен түнү бою Куран жана сүннөттөн шарияттын фатваларын чыгарып жаттым. Анткени, алар оюма өздөрүнөн өздөрү келип жатты. Ушул тамактын берекеси менен жүрөгүмдү жана аң-сезимимди ачты.
Үчүнчүдөн, мен даарат алган жокмун, анткени багымдат намазын мен куптан намазында алган даарат менен окудум.
Имам Шафи кызына айтты:
-Көрдүңбү кызым, себеби мына ушул.
Тамакты болсо кызы даярдаган. Ал тамакты Алланы эстөө менен даярдаган Имам Шафинин кызы эле.
Кабарларды окуп туруу үчүн
Телеграм каналга кошулууңуз!
https://t.me/firdauskanal