Isar


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha


Силерден бирөөңөр өзүнө каалаганды башка момун мусулманга кааламайынча толук момун боло албайт.
@isarJoopBot - Сунуш, пикир, кайрылуулар үчүн.
Ютуб: https://youtube.com/channel/UC7X0g-WwaGOywEQqnBxQQGw

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


Максат жана себеп
Адамдын колу-буту себептерге байланып калбашы үчүн бардык иш-аракеттерде, оболу, максат белгилениши керек. Элге кызмат кылууда рухка багыт берилбесе, көз караштар бузулуп, кызмат жолундагы адамдар да анын курбанчылыгына айланат.

* * *
Бардык иштерде негизги максат белгилүү болушу керек. Андай болбосо, эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат дегендей, эч кандай жакшы натыйжага жете албайт. Канчалаган мактанычтуу иш-аракеттер максаты билинбегендиктен жемишсиз болуп, эч кандай жакшы жыйынтык бере албагандай эле, бир топ жек көрүү жана душмандыкка себеп болгон(М.Ф.Г). #nasaat


Эли-жериңе кылган кызматыңды, кол алдыңдагыларга кылган жакшылыгыңды милдет кылып, чөйрөңө жек көрүнүп калба! Кылган иштериңди аткарууга милдеттүү жана жоопкерчиликтүү экениңди унутпа!

* * *
Окуган китептериң, ой жүгүртүп, анализдеген маселелер жана Алла жолунда жан үрөп жасаган иштериңе жараша кичипейилдүү болуп, Алланын каарын да, мээрин да бирдей кабыл алууну билбесең, ар бир аракетиңде менменсинүүнүн тузагына түшө тургандыгыңды ойло!

* * *
Кара жаныңды карч уруп кылган кызматтарыңдын улуулугу тууралуу мага айта көрбө! Жетишкендиктериңди жалпынын мүлкү сыяктуу, жолдошторуңдун кылган аракеттери үчүн Кудайдын берген белеги катары көрүп, кызматта алдыда, акы алганда артта боло алсаң, мына ошону мага айт. Менин көңүлүмдү ошол сөздөрүң эргитет.

* * *
“Илимим, аброюм”,- деп, напсиңин кайрыктары менен душмандарыңы кубантып, досторуңу кайгыга салба! Эгер сенин жакшы касиеттериң бар болсо, келечектеги түбөлүктүү өмүрдө сага мөмөсүн берсин. Эгер өмүрүңдө дастанга айланган каармандык жасаган болсоң, ал периштелердин түбөлүктүү кайрыктары болуп кала берсин(М.Ф.Г). #nasaat


• ФЫКЫХ•АКЫЙДА• ТАСАВВУВ ✨эки дүйнө пайдалуу сабактар. dan repost
🌙 2025-ЖЫЛ, КУТТУУ АЙЛАРДЫН КАЛЕНДАРЫ

Бир күнгө айырма болушу мүмкүн…
—————————•••—————————
Куттуу айлар🌙

🌙 Ражаб, Шаабан жана Рамазан айлары динибизде “Куттуу үч ай” деген ат менен белгилүү.

🌙Мусулмандардын руханий жашоосунда бул айлардын өзгөчө маанилүү бир орду бар. Себеби, бул айлар – куттуу түндөргө бай.

🌙 Ражаб айынын биринчи жума түнү – Рагаиб түнү. Ал эми жыйырма жетинчи түнү болсо Мираж түнү.

🌙Шаабан айынын он бешинчи түнү – Бараат түнү.

🌙 Рамазан айынын жыйырма жетинчи түнү болсо куттуу Кадыр түнү болуп саналат.

🌙Рамазан орозосунан кийинки эң сооптуу орозо – Ражаб жана Шаабан айларында кармалган орозо. Шаабан айы пайгамбарыбыздын Рамазандан кийинки эң көп орозо кармаган ай экендиги белгилүү.

🌙Азирети Айша (ра): “Мен Расулаллахтын Рамазандан башка эч бир айды жалаң орозо кармоо менен өткөргөнүн көргөн жокмун. Шаабан айындагыдай эч бир айда орозо кармаганын да көргөн жокмун” – деп айткан (Бухарий, Саум, 52; Муслим, Сыям, 34).

🌙Усама (р.а.) Шаабан айында пайгамбарыбыздын анчалык көп орозо кармашынын себебин сураганда пайгамбарыбыз: “Шаабан айы – Ражаб менен Рамазандын арасында адамдардын өздөрүнө келе албай турган абалына туш келген бир ай. Ошондой болсо да, ичинде амалдар Аллага багышталган айлардын бири. Мен да орозо абалымда амалдарымын Аллага жетишин тилейм.” (Мына ушул себептен, бул айда да көбүрөөк орозо кармайм) – деп айткан. (Найлул Автар, 4-том, 276-бет.)

🌙Ыйык Куран түшкөн жана орозо ибадатынын аткарылышына өкүм кылынган ай болгон Рамазан айынын да бул айлардын ичинде болушу “үч айды” калган айлардан айырмалап турат. Бул айларда мусулман киши өзүн тартипке келтирип, ага чейинки өткөргөн турмушуна баа берип келечекке карай жаңы бир дем-күч менен умтулушу керек. Жамандыктарын жана жаман адаттарын азайтып жакшылыктарды көбөйтүшү керек. Мүмкүнчүлүгүнө жараша кедей-кембагалдарга көңүл бөлүп көз салышы абзел. Мына ошондой кылган учурда бул куттуу айларды туура баалап алардын руханий ырыскыларынан пайдаланган болот...




Адамдардын сени барктаганын өзүңдүн улуулугуң деп эсептеп, алардын жакшы ойлоруна ишенип жүрө бербе. Айрыкча, башкаларды өзүңдөн төмөн көрүү сыяктуу ойду эч качан ойлобошуң керек. Себеби, Алланын алдында руханий бийиктик жана жүрөктүн тазалыгына жараша баа берилет. Дене-турпатка гана маани берип, ошон үчүн гана жашап калуу кандай бактысыздык!

* * *
Улууларды урматтоо маанилүү нерсе болсо да, андан үмүттөнбөө керек. Сен өзүң үмүттөнбөстөн башкалар сени урматтаса анын зыяны жок. Ал эми урмат-сыйдын артынан ээрчип, андан үмүт кыла баштасаң, ал кол жеткис болуп, кыйноого салат.

* * *
Адамдардын сени барктап-сыйлаганына ишенип эле жүрө бербегин! Адамдардын сени барктап-сыйлашы жакшы кабыл алынса да, тилек кылына турган нерсе эмес. Бул, бир азга адамдын көңүлүн көтөргөнү менен көп учурда ыйлатып-сыздатат. Мындай убактылуу мактоолорго алданып, жүрөгүңдү карартпашың керек!

* * *
Кылган кызматың чоңойгонуна жараша душмандарың аркылуу сыналгандай эле чөйрөңдөгү адамдар менен да сынала тургандыгыңды эч ойлодуңбу? Ойлон, жана Алланын алдында сыналып жаткан досторуңа адамгерчиликтүү мамиле кыл(М.Ф.Г). #nasaat




Таарынбастан чыдоо керек
Айланада үрүл-бүрүл караңгылык өкүм сүрүп турганда, Алланын буйруктарын ааламга сен угуздуң. Наадандар билбесе да, буга жер-асман күбө. Алардын тескери мамилелерине карап өзүңдү алдырба! Кылган кызматыңы эл баалабаса да, Алла билет эмеспи!

* * *
Сен табиятыңын талабын аткардың. Мына эми айланаң гүлзарга айланды... Айланаңды бой кере кулпурган гүлдөр ороп турганда, үч-төрт тикен үчүн кайгырба.

* * *
Алланын ыраазычылыгын көздөгөн адам акырет жолундагы кызматтарынын үзүрүнөн бул дүйнөдө үмүт кылышы жарашпаган нерсе эмеспи?! Бул дүйнө убактылуу, Акырет бактылуулугу түбөлүктүү эмеспи?! Кел анда, Алла жолунда кылган иш-аракеттериңдин үзүрүнөн бул дүйнөдө үмүт кылуудан баш тарт! Акырет бул дүйнөнүн миңине татыйт(М.Ф.Г). #nasaat




Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish




Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish






Тасбих намазынын ушундай окулуу ыкмасы Тирмизи рахматуллоохи алейхинин "Жыйнак" деген китебинде имам Абу Ханифанын шакирттеринин бири болгон Абдуллах бин Мубарактан баяндалган. Ошол баяндалганы боюнча, Пайгамбарыбыз(саллаллооху алейхи васаллам) атасынын бир тууганы болгон Аббаска(радиаллаху анху) тасбих намазын үйрөтүп жатып, бул намазды окуган адамдын кум дөбөлөрүндөй күнөөлөрү болсо да, Аллах аны сөссүз кечирээрин айткан. Бул намазды күн сайын, болбогондо жума күнү, ал да болбосо айда, же жылда бир ирет, эч болбоду дегенде өмүрүндө бир ирет окуусун табыштаган.
Тасбих намазында жанылган адам каталык саждасында бул тасбихтерди окуусу керек эмес. Бул намазды окуган адам тасбихтерди көңүлүндө санай албаса, манжалары менен санап эсептебейт.
Имам тасбих намазын окутса жарыя үн менен окуйт. Албетте, тасбихтерди да жарыя айтат.




Бүгүнкү күнү кээ бир арзыбаган пайдалардын, бийлик-мансап, атак-даңк сыяктуу нерселердин артынан түшүп жүргөндөр коркунучтар эркибизди байлап сала турган күндө кандай кылышар экен?!

* * *
Адамзат тарыхы чептердин, шаарлардын, миңдеген эр жүрөк азаматтардын каны-жанын аябай күрөшүү менен алынгандыгын, көпчүлүк учурда бир кыянатчынын куйту иш-аракеттери менен түбөлүк колдон чыккандыгын көрсөткөн окуяларга толгон. Бир элге эле таандык мындай окуялар китептерге батпай турганчалык көп болгон.

* * *
Оо, ырайымсыз атак-даңк сүйүүсү, ыймансыз кумар, жаман сугалактык! Канчалаган адамдар аймагыңарга кирээри менен солгундай баштады. Канчалаган жүрөктөр силердин аймагыңарда бороонго кабылган жалбырактай куурап түштү. Канчалаган адамдар силердин айыңардан ибадаттан качып, ичкиликке берилишти. Ооба, силердин чөйрөңөргө кирген азаматтар эрдигинен айрылып, жаш жигиттер картайып кетишти...(М.Ф.Г). #nasaat


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Бир кызматта ар дайым ой-пикирин өзгөртүп, туруксуз болгондор адамдардын аларга болгон ишениминен ажырап, бирге кызмат кылган жолдошторунун да үмүтүн үзөт. Кызматка ышкылуу бир жамааттын арасынан бир адамдын жаза тайып, катардан чыгып калышы биримдиктин ыргагын бузуп, андагы башаламандыкка себеп болгондой эле, бири-бирине бекем тутунган кызмат мүчөлөрүнүн кээ биринин четтеп кетиши досторун үмүтсүздүккө түшүрүп, душмандарын кубантат.

* * *
Жаратканга берген антын тез-тез бузган эрки бош адамдар ишенимден чыгып, акырындык менен башкалардын таасири астында болуп калышат. Убакыттын өтүшү менен адамдык сапатынан ажыраган бул бечаралар өздөрүнө жана жашап жаткан коомуна зыяндуу абалга келишет.

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.