Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha


•Жарыгыма...🌊

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri




ℳ𝓊𝓇𝒶𝒾𝓏 dan repost
Сезимсиз жашап жүргөнүмө көп болуптур.Эмне эле жашоонун даамы сезилбейт деп ич ичтен жеп аткан,түбү көрүнбөгөн суроонун жообу ушул тура деп болжодум өзүмчө.

Сезимсиз жашоо.
Эгер бул кейипти чыгармачыл бир адам кийсе анын жашоосу ошол жерде бүтмөк.Анткени чыгармачылык- сезимдер.Же сезимдер - чыгармачылык.

Качантан бери сезимсизмин билбейм.Канча ай ушинтип жашадым,канча күн,же канча жыл...

Мен бүгүн сезимдүү биринин жашоосун көрдүм.Көрүп алып шолоктоп чыктым.Бул мөлтүр жаш узак убакыттан бери биринчи жолу сезимдерден чыгып атканын жашка жуулуп бүткөн жүзүмдү артып атып байкадым.

Анан,эски сезимдүү күндөрүмдү сагындым.Эски сезимдеримди сагындым.Сезимдүү жашоонун канчалык "түстүү"экенин эски сезимдеримдин элесинде көз алдыма тарта баштадым...

Сезгим келди менин да.Сезилгим келди.Азыр да сезим менен жашагым келди.Адам сыяктуу жашасам дедим жашоону...


Сен болуп алгач менин жактырганым,
Сен бар үчүн бакыттын шаарындамын.
Жүрөгүмдө бийлик кылып сен турганда,
Карай албайм көздөрүн башка адамдын.

___Чотоев


Миң ирет көрүп алган көрктүүдөн,
Бир ирет көрбөй алган тектүү артык.


Шүгүр кылуубузга көптөгөн себептерибиз бар...❤️‍🩹


Достун жакшысы - сени эле эмес, сен жок жерде аброюңду да жалгыз койбогону.

с.Рустам Абилов


Биринде көңүл таштай,
Биринде көңүл жаздай.
Кечигип сүйүнүчтөр,
Кетүүдө өмүр актай.
Кербендер өткөн жерден,
Керемет көктөм жерден,
Келетам көңүл таппай...

—Жеңишбек Жумакадыр


•📜🕊

Кыз, сен адемисиң!
Сенин ар бир күнүң кооз болушун жана ар бир күндү жаркырата жашашыңды ушунчалык каалайм. Бир күнү бара жаткан жолуң - бир учурдагы кыялың болгонуна шүгүр айтып, көзүңдөн жаш тегеринсин…
Азыркыңа да шүгүр ✨

#диби_деди


Туш тараптан тузактап, ороп, каптап,
Турмушуң төбө кандап, жатса таптап.
Жардам күтпө, жалынып ким бирөөгө,
Жаныңды өзүң жүргүн өзүң «саптап».


— Куткелди Шабданбеков


Жаратканым!
Жан дүйнөм киргилденсе, булганса,
Жаңы туулган наристедей тазала.
Калыбыңа салынбаса кайсар баш,
Какта отко... суукка тоңдур... жазала.
А бирок...
Мен мындайга чыдабасмын эч качан,
Мээримиңден сырт калтырган жазаңа.



— Куткелди Шабданбеков


"Уккандарыңа жана көргөндөрүңө дароо ишенбе.

Себеби укканыңдын артында башка үн, көргөнүңдүн артында башка көрүнүш болот. “Уккан нерсенин баарына дароо ишенип, аны башкаларга ошол замат айтуу күнөө экенин" Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат".
#китептенүзүндү


Бирөөгө айтып жүргөн акылың кээде өзүңө керек болот...)


Таптым сени таңда ырдаган
Булбулдардын ырынан.
Түбөлүктүн түбүн көрдүм,
Ырдап айткан сырынан.
Чексиздикке моюн сунуп
Бул жалгандын кырынан,
Ак сүйүүнүн АКтыгына
Тизе бүгүп, сыйынгам!

Таптым сени наристенин
Ыңаалаган ыйынан.
Ыргагына батпай кетип,
Ташып жаткан бугунан:
- Эй, Адамзат, уккун мени!
Көңүл коюп угуп ал!
Мен - сүйүүнүн жарчысымын! -
Деген укмуш ыр угам!

Таптым сени ээн талаада
Кеңирсиген белестен.
Бар жеринде бажырайып
Кызыл-кызыл гүл өскөн.
Торгой сайрап асманында
Тоо гүлүнө ашыгып,
Күү черткенде ыргалышып
Гүлдөр вальсын бийлешкен.

Таптым сени акылмандын
Айткан жомок сөзүнөн.
Жомоктогу алма-бактын
Бышып турган кезинен.
Ал бакчаны издеп жүргөн
Жолоочунун изинен.
Таптым сени куса болуп
Араң жүргөн өзүмөн!

— Аскат Жетиген


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


Ар кимдин ашыгы көп,
Ай күндүн жазыгы көп.
Айтылып калар сенсиң
Акындын ашыгы деп,
Акындын асылы деп.

—Баян Акматов


Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀 dan repost
«Дүнүйө» деп жүргөн кезде топурап,
Дүмпүйгөн бир болобуз биз топурак.



— К. Шабданбеков


Эгер жашап жатам деген жашооң – бул жөн гана түш болсочу?✨




Жанга кубат болууга сенден бөлөк,
Жүрөк анан кимди барып издемек?
Кокус бирөө кагып келсе эшигин,
«Кокуй, мунуң деги өзү ким?» – демек.
Астанасын чоочунга аттаттырсам,
Анда дүйнөм ошол замат кирдемек.
Кимге төрүн беришти билбеген соң,
Кантип анан ак-караны иргемек?



— Куткелди Шабданбеков




***




Пенде үчүн эмес


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.