Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Фарида Мырзаева жалгыз уулу Саматты (аты өзгөртүлгөн) коргоп калуу менен алек. Орусияда анын уулуна “аскердик бөлүктү өзү билип таштап кеткен” деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон. 2024-жылдын 12-октябрында Самат Свердлов райондук кайгуул кызматы тарабынан кармалып, соттун чыгарган баш коргоо чарасы менен Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайына эки айга камалган.
Самат ата-энесинин орус жарандыгынын негизинде 14 жашында орус паспортун алган. 2019-жылдын декабрында Москванын четиндеги Мытищи шаарындагы аскер бөлүгүндө аскердик кызмат өтөгөн. Апасынын айтымында, андан кийин келишимдик негизде кызмат өтөөсүн уланткан. Орусия Украинага толук масштабдуу согуш ачканда кыргызстандык жигит мекенине качып келген.
Фарида Мырзаева уулу 2021-жылдын августунан 2022-жылдын январына чейин аскердик келишимден баш тартып, Кыргызстанга кеткенге аракет кылганын, бирок ага аскердик бөлүк уруксат бербей жүргөнүн айтууда.
Видеону “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору даярдады