Атам раматылык айтчу: "Аз балалуу болгон жакшы. Албетте, көп болсо деле айла жок, мээрим түшөт, алардан кымбат адамдарың да болбойт. Ошон үчүн башынан баланын санын пландаш керек."
Атамдын айтканы туура экенин Аруум төрөлгөндөн кийин түшүндүм. Ооба, бул ойду баарына таңуулабайм. Балдарды жакшы көрүп, көп балалуу болгусу келгендерге терең урматым бар. Бирок мен атамдын пикириндемин. Жана мен сыйлаган бири айткандай: "Баланы эки учурда гана төрөө керек. Биринчиси – үммөткө пайдалуу, динине бекем мусулман кылып тарбиялагың келсе, экинчиси – балдарды сүйсөң. А "жөн эле" же "баары ушундай" деген ойдо эч ким балалуу болбой эле койсун."
"Качан экинчи? Ушул жашка келип бирөө элеби? Сен теңдүүлөр 3-4тү төрөп отурушат" дегендерге жогорку жазгандарымды айткым келет. Бирок "Аллах буюрган күнү" деп кутулам. Маанилүүсү жолдошуң менен бир пикирде болгонуң. Антпесе үй-бүлөлүк ынтымактуу жашоого доо кетет.