Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha


Программалоо боюнча маалыматтар!
Flutter боюнча,
Web иштеп чыгуу боюнча,
IT багыты тууралуу көптөгөн маалыматтар бул каналда
Биз менен байланышыңыз:
https://turatalybaev.taplink.ws

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Statistika
Postlar filtri


Турат Алыбаев dan repost
Ат-Башы, Кара-Суу менин көргөнүм, ЖПТнин сезгени ушундай болду кыскасы.


Турат Алыбаев dan repost
🥳 Программисттерди он-лайн жана оф-лайн стажировкага кабыл алабыз.
Flutter
Front End
Back End (Java)


✅ Жогорудагы 3 багыт боюнча стажерлерду кабыл алабыз.

📌Сиз кандайдыр бир курста окуган болсоңуз же университеттин 3-4 курстарында окуп жатсаңыз.

📌 Реалдуу проекттер менен иштеп, жумушка кирүү үчүн жок дегенде 6 айлык жумуш стажыңыз болушун каалап жатсаңыз.

✅ Анда биз бул 6 ай аралыгында сизге жакшы жардам кылабыз.

✅ Жок дегенде 3 проекттин толук кандуу чыгышына катышасыз. Команда менен иштөөнү, реалдуу проект менен иштегенде чыгуучу маселелерди бардыгын көрөсүз.

🔗 Стажировкага катышуу үчүн https://t.me/turat_alybaev бул шилтемени басып, Стажировка деп жазсаңыз болот.

✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. 14-ноябрь 2024-жыл.


Технопаркты тааныштыруу туру

Кутман кеч!

Урматтуу IT коомчулугунун жана E-COM тармагынын өкүлдөрү!

Сиздерди Technopark IT хабынын учурда активдүү курулуп жаткан жаңы аймактарына экскурсияга чакырабыз. Бул жерде сиздерде курулуш процесси, имаратты реконцепциялоо үчүн колдонулган инженердик чечимдер менен таанышып, азырынча бош турган офистерди алдын ала брондоо мүмкүнчүлүгү болот.

Күнү: 12-ноябрь, саат 12:30
Сиздерди көргөнүбүзгө кубанычта болобуз!

Катталуу үчүн бул шилтемени басыңыз: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdOnnmxmOegNa-Ht9iXb2wcfD7NMqQ_fiMzI9W513bBYXBWtg/viewform?usp=sf_link








Мына сага, жасалма интеллект ушинтип өнүгүп жатат.




Турат Алыбаев dan repost
Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Англис тилинде кандай сүйлөп калыптырмын, баалап коюңуз 😁




Турат Алыбаев dan repost
🥳 АйТи клуб – стажировка.

✅ Ассалоому алейкум урматтуу окурманым. Сентябрь айынын ортосунда АйТи клуб ачканбыз. Азыр ошол АйТи клуб сонун иштеп баштады.

📌 Flutter – мобилдик колдонмолорду иштеп чыгуучу команда. 15 стажер алууну план кылганбыз. Азырынча 8 адам иштеп жатат. Дагы деле орундар бар. Кийинки проект башталганга чейин алсак болот.

📌 Front End – веб сайттарды иштеп чыгуучу команда. Бул командабыз толуп калды. Азырынча 1-веб сайтты жасап жатышат. Бул бүтөрү менен кийинки веб сайттарга киришет. Жана заказдарды алып дагы жасоого толук кандуу даярбыз.

📌 Back End (Java) – булар веб сайттын дагы мобилдик колдонмолордун дагы арка тарабын иштеп чыгуучулар. Ар бир жасала турган проектти абдан дыкат талкуулашып, ар бир кыймыл аракетти жакшылап анализ кылышып анан жасашат. Бул командабызда азырынча 7 стажер иштеп жатышат. Бул командага дагы адам алууга даярбыз.

✅ Урматтуу окурманым, эми бул АйТи клуб тууралуу дагы бир аз кенен маалымат бере кетейин.

✅ Биз бул АйТи клубду Мета – Илим эл аралык университети менен биргеликте ачтык. Клубдан негизги максаты университеттин студенттерин теориялык билим менен гана камсыздабастан, аларды талапка ылайык, кесипкой адис кылып чыгарууга басым кылуу. Анан башка АйТи курстардан, башка университтетерден окуп бүтүрүп, тажрыйбасы жок жумушка кире албай жүргөн програмчыларга тажрыйба берип, жумуш таап кетүүсүнө жардамдашуу.

✅ Урматтуу окурманым, биз жаштарыбыздын жана програмчыларыбыздын өсүп өнүгүүсү үчүн, ар күнү аракетибизди кылып жатабыз, сиз дагы өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө бирге салым кошолу. Биз менен бирге өнүгөм десеңиз Горький 97, Чехов көчөсү менен кесилишинде жайгашканбыз.

✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек ш. 3-октябрь, 2024-ж.


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Ай Антон, Антон




Турат Алыбаев dan repost
Xcode жана iOS то жаңылануулар келди.

iOS 18.0 гө көтөрүлгөнүнүн себеби iPhone 16 га даярдык болсо керек деп жатам.


Турат Алыбаев dan repost
🤔 Өрдөк синдрому деген эмне?

❓Ассалоому алейкум урматтуу окурманым амансызбы? Сиз өрдөк синдрому дегенди уктуңуз беле? Бул эмне билесизби?

✅ Жөнөкөй мисал менен айтып берейин.

📌 Жаш жубайлар үйүнөн чыгып жатат. Киного бармак болушту. Негизи ушунча иштин арасында, шаардын стресс жашоосунда жаш күйөө киного чын көңүлү менен баргысы келген эмес.
Үйдөн чыкпай жатып лифттин жогору кетип калганына нерв болуп жатат, анысы аз келгенсип босогодо жасанып бүтпөй жаткан аялын жарым күткөнүнө нерв. Сыртка чыгып машинесин жылытканча эми шашып калган келинчегине жини келип, жолго чыкканда тыгында турган машинелерге нааразы.

📌 Бул шаардын ызы-чуусу менен аралашып отуруп, акыры киного да келишти, башынан маанайы жакшы болбогону үчүн, эмнегедир кинону дагы көргөндөй болушпады. Күйөөсү тандаган кино начар деп ойлоду аялы, “рекламасы жакшы болчу, начар эле кино экен” деп калды күйөө.

📌 Дал ушул учурда сиз үйдө жаман футболкаңызды кийип, жубайыңыз менен ысык чайды кана ичип, бактылуу отургансыз. Бирок дал ушул учурда колуңуз адаттагыдай эле телефонго кетти, эч жаман ой жок, көнүп калгандай эле инстаграмды ача салдыңыз.

📌 “Бүгүн бизде үй-бүлөлүк күн, жубайым менен киного келдик, кино укмуш болуптур” – деген сүрөткө көңүлүңүз түштү, колдо попкорн, аркада кинонун афишасы, тим эле жылмайган жүз.
Сиздин жанатан берки жай баракат отурган бактыңыз, үйдөгү жылуу атмосфераңыз кадимкидей жоголду. “Досум кандай бактылуу, ал аялы менен кинодо жүрөт, жарашыктуу да кийинген” деп кайгыга баттыңыз.

📌 Урматтуу окурманым, мына ушул социалдык тармактагы жасалма жылаюуларды жасоо үчүн досуңуздун кылып жаткан аракети “өрдөк синдрому” деп аталат экен. Сизге бактылуудай көрүнгөн ушул 2 секунддук сүрөттү жасоо үчүн жашоосунун бардык тарабы бактысыз өтүп жаткан адамдардын жашоосу. Өрдөк суунун үстүндө канчалык тынч, канчалык көркөм көрүнсө да, адамдарга көрүнбөгөн тарапта, суунун алдында бар күчү менен тыбырчылап аракет кылууда. Соц тармактарда сизге бактылуу, сулуу көрүнгөн адамдар дагы кандай тыбырчылап, кандай кыйналып жатканын билгениңизде үйдө жаман футболкаңызды кийип, жай баракат отурган жашооңузга миң ирет шүгүр дейт элеңиз.

✅ Ар күнү өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошолу, өрдөк синдромуна кабылбайлы жана соц тармактагы бактылуу сүрөттөргө алданбайлы.

✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. Бишкек, 17-сентябрь, 2024-жыл.


Турат Алыбаев dan repost
🥳 IT клубга кабыл алуу жүрүп жатат.

✅ Ассалоому алейкум урматтуу окурманым. Буюрса АйТи клубду ачвп алдык. Орундар чектелүү.

📌 Front End боюнча 16-сентябрь;
📌 Flutter боюнча 17-сентябрь;
📌 Back End (Java) боюнча 18-сентябрь – күндөрү офиске келип, тапшырма алып жана интервьюга катышып кетсеңиздер болот.

✅ Алгач офисте ар бир адам менен жеке жолугуп, интервью кылып, анан тестовой тапшырма беребиз. 2-3 күн аралыгында тапшырманы аткарып келген адамды клубга мүчө катары алабыз, андан кийин 6 ай бою реалдуу проекттердин үстүндө код жаздырабыз.

✅ Клубда стажировка кылуу жалпы 6 ай убакыт алат, эгер 6 айга чейин жумуш таап кетсеңиз абдан кубанычтабыз, таппай калсаңыз уланта бересиз. Клубдун талаптарын аткарбай, жарымынан таштап койгондордун ордуна 3 айдан кийин гана жаңы мүчөлөрдү кабыл алабыз.

✅ Дагы да суроолоруңуз болсо жеке жазсаңыз болот же офиске келип суроолоруңузду берип, жооп алсаңыз болот.

👋🏻 Бул постту жумуш издеп жаткан досторуңузга жибериңиз, лайк басыңыз, комментарий калтырыңыз! Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. Бишкек 15-сентябрь, 2024-жыл.


Турат Алыбаев dan repost
❓IT Club качан башталат?

✅ Ушул ишемби күнү 14-сентябрда саат 12:00 дө Горький 97 дарегине офиске келиңиздер.

📌 Ушул күнү сиздерде кандай суроолор болсо, бардыгына жооп беребиз.


Турат Алыбаев dan repost
🥳 IT Club ачтык!

✅ Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым бизде абдан жакшы жаңылыктар бар. Акырындык менен курстарыбызды токтотуп, толугу менен разработка багытына өтүп жатабыз.

❓Мунун себеби эмне?

✅ Азыр АйТи окутуп жаткан курстар, жогорку окуу жайлар, колеждер толтура, бирок чыныгы адисти, жумуштун талабына ылайык келген програмчыны чыгарган жерлер аз болууда.

✅ Демек биз, бул айти клубда чыныгы программисттен талап кылынган жөндөмдөрдү үйрөтүп, билими менен билгенин айкалыштыра алган, 6 айлык тажрыйбасы бар, коркпой туруп АйТи тармагына програмчы катары жумушка кирип кете ала турган кылып даярдап чыгалы деп жатабыз.

✅ Негизи АйТи клуб акысыз болот, бирок мүчөлүк акы катары айына 2 миң сомдон алабыз.

✅ Бул айти клубда азырынча 3 багытта 6 айлык стажировка кылдырабыз.
1. Front End тармагы
2. Back End тармагы
3. Flutter тармагы
Аптасына 2 күн оф-лайн офисте, андан тышкары 3 күн он-лайн каалаган жерде берилген тапшырмаларды аткарып, кадимки айти компанияда иштеп жаткандай тажрыйба аласыздар.

❓Бул клуб кимдер үчүн?

✅ Кандайдыр бир АйТи курсту бүтүп, же университетти, колежди бүтүп бирок АйТи жумуш таба албай жүргөндөр үчүн. Учурда айти курстарда окуп жаткан же университеттерде окуп жаткан студенттер дагы катышса болот.

✅ Орундар чектелүү гана, билимин текшерип көрүп, баарлашуу жана тест тапшырма менен гана алынат.

✅ Урматтуу окурманым, урматтуу програмчылар ар күнү өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошолу. Мыкты адис бололу, эптеп эле иш таап алайын дебей, мени алсаңыз ишиңиз алга жылат деп ишеничтүү айта алган адис бололу.

📌 Суроолоуңуз болсо комментарийге жазыңыз.

✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу, Бишкек, 10-сентябрь, 2024-ж.





20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.