Мой уютный мир☕️


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Bloglar


Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa
Bloglar
Statistika
Postlar filtri


Жан дүнүйөмдүн инсанын жолуктурганда кандай сезимдерди сезинүүм керек деп көп ойлондум, кантип тааныйм аны дедим
Ал келди. Келип тынч жүрөк кандай болуусун көрсөттү, сездирди.
Ошондо аңдадым.
Тынчтыкты жактырган мендей үчүн.
тынчтык тартуулаган инсан керек.


Биздин унутчаактыгыбыздын негизги себеби - көзүбуздүн күнөөлөр менен алек болушу.


Күнөөлөр Роббибиздин биздин көңүлүбүзгө назар таштоосуна перде болот…


Бул көңүл эмне мынчалык назик болбосо🩰


Жан дүнүйөсү аруу адамдан да өткөн бактылуу, бай инсан барбы ?


Билесиңби,
Мага кандай бакыт берээриңди…


Жаңы айфон чыкса: албайтам мен деп шүгүрсүзбүз
Бир гүл бере албайт деп күйөбүзгө нааразыбыз
Балдарыбызды ызылдайт деп бакырабыз
Маршрутка тыгын болсо уфулдайбыз
Ата-энебиз иш айтса тыржыябыз.

Шүгүр деген сөз оозубуздан аз чыкчу болду…
Деним сак, жакындарым тирүү, тамагым, кийимим, көзүм, бутум, диним, акылым бар деп ойлонобузбу ? Шүгүр айтабызбы ?
Эмнеге оорулууларды зыярат кылуу керектигин, мында жаткан сансыз даанышмандыктарды эми түшүнүп баштадым.
Бул парзды аткаруу мүмкүнчүлүгүн ар күнү насип кылган Роббиме шүгүр
Кесибим үчүн шүгүр…


Биз сабыр, шүгүр тууралуу эмне билебиз ?
2 жашар баласы баспайт, даяр тамактан башка эч нерсе жебейт, гидроцефалия көзүнө берген, көздөрү сыртты карай чыгып калган. Сүйлөбөйт, ойнобойт
Туңгуч перзенти ушундай болуптур
Бирок, апасынын жүзүн айт, шүгүр деп нур төгүлүп турат. Жылмайып баласынын колдорунан кармалап күлүп карайт.
Биз сабыр, шүгүр тууралуу эмнени билебиз ?…




Инсандарга байланбоодон бир аз коркчу элем
Кызык, билбейм эмнеге
Бирок, бул нерсенин даамы ушунчалык башкача экендигин билген эмесмин
Балким, азыр деле билбейм
Бирок, мурдагыдай эмес
Эмнегедир инсандар капа кыла албай калышты, ыйлап же жек көрдүрө албай калышты
Билбейм эмнеге
Жүрөк башкаларды таштап, Өзүңө гана талпынып калганыбы Аллахым ?
Кана эле…


Я Роббим,
Жашоомду Өзүң менен ушунчалык топуктуу кыл
Сенден башкасынын бар-жоктугу билинбесин…




Сенин жүрөгүң согуп жаткан дүнүйөгө ашыкмын, кооз жан дүнүйөлүү Инсан🤍


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Бүгүн менин жакыным Жамгыр биз жашаган чөлкөмгө баш багып келди
Жамгырга болгон сезимдеримди бул тамгалар айта албайт
Аны карагандагы көз карашым билдире алышы мүмкүн
Жамгыр келгенде бардык нерсени унутам
Жашоо токтогондой, жайлашкандай, жылуудай сезилет.
Күнүмдүк жашоодо ката кетирсем болбочуудай, дайыма аракетте болуп, тынбашым керектей сезиле берет. Жашоо зымырайт, убакыт шашат
Бирок, Жамгыр,сен келериң менен сенин кучагыңа жашынгандай сезинем. Мени аягандай, эркелетип, башымдан сылап, жылуу жан дүнүйөңө орогондой сезилесиң
Жылуусуң, ооба ооба, сен башкалар үчүн сууктуктун белгисидирсиң балким, бирок, мен үчүн Жылуусуң.
Бардык жумуштарды унутуп, план, максат, ритуал, эмне болсо баарын унутуп, бөлмөбүздүн бир бурчунда, жылуу жуурканга ороно, ыссык кофени жаныма коюп, китебимди кармап, Эч бир Үнгө салыштыргыс дабышыңды тыңдаганча бул жашоодон жашынам.
Жылуулугуңа, үнүңө куурчана таттуу уйкуга кетем.

Сени менен болгон байланышым өзгөчө, муну сезем, билем.
Сен жашоомдогу эң кооз нематтардын бирисин🌧️🤍


Жатсаң жата бересин колуңдагы жансыз нерседен “рилс, строрис” деген бүтпөгөн нерсени көрүп
Бирок, сааттын жебеси алдыга гана жылат экен, артка эмес
Жаш улгаят экен, жашарат эмес.


На минном поле расцвели сады🌸


Инсан айланага кандай көз менен караса,
өз ниетиндегисин көрөт.


“Каниетти танда, адамдардын эң байы сен болосун”


Жашоодо кино, сторис, пост, статустагыдай жашоо ар күнү болбойт албетте )
Менде да ушундай болгондо албетте бактылуу болуп, шүгүр айтып, ырахат алмакмын деп да айтышыбыз мүмкүн

Бирок
Өз айылындагы чаңдуу көчөсүндө кетип жатып жылмайып, ырахат ала абаган инсан, Париждин Эйфелева мунарасына караган көчөсүндө кетип жатканда да бактылуу боло албайт )

Ал шүгүрчүлүк, ырахат алуу, бактылуулук сезимдери биздин ичибизде жашайт
Айлана-чөйрөдө эмес🤍


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Сезимдерибиз таза, тунук, чыныгы жана тирүү болсо

Инсандар эмнени эстеп калышат ?
Сезимдерге, эмоцияларга толгон көз ирмемдерди )

Кээде Жашоодогу бүт жүктү моюнга артып алабыз
Аллах Таалам бар го )
Таянган Жаратуучубуз бар

Себепчи болгон, ата, ага, жолдош, инибиз бар

Маселелерди өз ээлерине берсек🙈
А биз сезимдер менен жашоодогу түрдүү окуялардан ырахат алып жашасак )

(✨Уметь радоваться и изумляться✨)

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.